Мевлана тажрыйба алмашуу программасы
Мевлана программасы Түркиянын Жогорку билим берүү комитети (Өкмөтүнүн) тарабынан каржыланат. Мамлекеттик программа болуп эсептелет. Түркиянын мамлекеттик университеттеринин чет өлкөдөгү университеттер менен (Евросоюз мамлекеттеринен башка) окутуучу профессордук курамдардын тажрыйба алмашуусу жана студенттерди бир семестрдик окутууда алмашуу. Башкача айтканда эки тараптуу келишими бар университеттерге визиттер уюштурулат. Окутуучулар барган университеттерине лекцияларды окушат жана ал жердеги коллегалары менен тажрыйба алмашат. Ал эми студенттер барган университетинде бир семестр билим алып кайтышат. Баардык кеткен чыгымды окутуучулар үчүн Түркия тарап төлөп берет. Студенттерге бир семестрдик стипендия берет.