Жаңылыктар Архив

Юридика факультети

Урматтуу, достор!

Биз, Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинин жалпы жамааты, сайтыбыз аркылуу сиздер менен байланышкандыгыбызга кубанычтабыз.

Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү чөйрөсүндө юриспруденция ар тараптан негизги мааниге ээ.

Ош мамлекеттик университетинин юридика факультети 20 жылдан бери укуктук чөйрөдөгү адистерди даярдап келет. Жогорку сапаттагы кесиптик даярдоодон өткөн биздин бүтүрүүчүлөр өз ишмердүүлүгүндө эбегейсиз жетишкендиктерге жана ийгиликтерге ээ болууда. Алардын арасында КРдин Жогорку Кеңешинин депутаттык жана ИИМде, мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу, бажы, сот, адвокатура жана прокуратура, нотариат ж. б. органдарынын башчылык кызматын жигердүү аркалап келаткандары арбын.

Азыркы учурда юридика факультети квалификациялуу адистерди даярдоого толук мүмкүнчүлүгү бар. Компетенттүү юристтерди даярдоодо жогорку деңгээлдеги илимий-педагогикалык профессордук-окутуучулук курам өз билимин берип жана тажрыйбасын бөлүшүп келет. Мындан сырткары, заманбап окуу-лабораториялар, илим изилдөө аудиториялар, өнүккөн материалдык-техникалык жана комьпютердик база ж. б. студенттердин терең билим алуусуна өбөлгө түзөт.

Биздин студенттерибиз ЖОЖдор аралык, аймактык жана республикалык илимий жана чыгармачылык сынактарда дайыма алдыңкы орундарды багындырышууда. Ошондой эле студенттердин арасында өлкөнүн, областтын жана шаардын коомдук-саясий турмушуна, социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырууга активдүү катышкандары арбын. Муну менен факультеттин өзгөчөлүгү катары белгилөөгө болот. Ошондуктан, биздин студенттерге окуудагы жана коомдук иштердеги ийгиликтери үчүн КРдин Президентинин стипендиясы байма-бай берилип келет.

Урматтуу, достор! Ош МУнун сайтындагы биздин факультетибизге арналган бөлүмүнө тез-тез келүүчү коногу болсоңуздар чексиз ыраазы болор элек. Бул жерден сиздер билим берүүнүн программалары, факультеттеги окуу процессинин жүрүшү, билим берүүдө методикалык ыкмалардын колдонулушу, юриспруденция багытындагы адистерди даярдаган башка факультеттерден жана ЖОЖдордон биздин факультеттин айырмачылыгы, өзгөчөлүгү ж.б. тууралуу толук маалыматтарды ала аласыздар.

Эгерде сиз чет элдик жана Кыргызстандын бүгүнкү эмгек рыногунун талабына төп келген юридикалык жактан терең билимдүү, компетенттүү, дасыккан адис болгуңуз келсе, анда Ош МУнун юридика факультетине келиңиз.

Сиздерди терең урматтоо менен юридика факультетинин деканы ю.и.д.профессор, Г.К.Кулдышева.