Окутуучулардын эл аралык илимий иш-чараларга катышуусу, квалификацияларын жогорулатуусу

Эл аралык илимий байланыштар жана кызматташтыктар

Учурда ОшМУ бирдиктүү эл аралык билим берүү жана илимий-изилдөө аймагына ийгиликтүү интеграцияланууда. Дүйнөнүн 33 мамлекети, Россиянын жана Европанын 71, Борбордук Азиянын 129, Түркиянын 59 университеттери, 30дан ашуун эл аралык уюмдар жана фонддор менен тыгыз кызматташтыкта иштеп жаткан окуу жайыбызда илимий байланыш-алакалардын жогорку деңгээлде жүргүзүлүп жатканы – илимий багыттагы ийгиликтердин негизги критерийлеринин бири экендиги талашсыз.

Кафедралардын мүчөлөрүнүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө конференцияларга, симпозиумдарга жана башка илимий иш-чараларга катышуусу, стажировкалардан, билимдерин өркүндөтүү курстарынан өтүшү, квалификацияларын жогорулатуусу жана тажрыйба алмашууларынын жыйынтыктары.

2019-жылы университетте көптөгөн окутуучулар ОшМУда, Республиканын чегинде, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн конференцияларга, семинарларга, симпозиумдарга ж.б. илимий иш-чараларга катышышып, баяндамаларын жасашты жана стажировкалардан, билимдерди өркүндөтүү курстарынан өтүшүп, квалификацияларын жогорулатышкан жана тажрыйба алмашышкан (9-таблица).

Маселен, 165 окутуучу Түркия, Кытай, Малайзия, Түштүк Корея, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Чехия, Швейцария, Испания, Венгрия, Бельгия, Австрия, Германия, Швеция, Италия, Хорватия, Дубай, Индия, Иран, АКШ, Англияга илимий-изилдөө иштери боюнча барып келишти.

ОшМУнун 7 окутуучусу Испанияга жана Түркияга Эразмус+ программасы менен, 3 окутуучу Мевлана программасы менен Түркияга жана 2 окутуучу ITEC программасы боюнча Индияга, ДААД программасы боюнча Германияга 2 окутуучу илимий сапарларга барып келишкен.

Ал эми чет өлкөлөрдөн 50гө жакын илимпоз келип факультеттерде лекцияларды окушуп, илимий иштери боюнча семинарларды өтүшкөн. Маселен, эл аралык медицина факультетине Германиядан – 2, Испаниядан – 1, Италиядан – 1, Нидерландыдан – 1, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетине Малайзиядан – 2, АКШдан – 2, Германиядан – 3, Даниядан – 5, Кыргыз-Европа факультетине Испаниядан – 2, эл аралык мамилелер факультетине – Кореядан – 1, Чехиядан – 2, Улуу Британиядан – 1, Даниядан – 4, Нигериядан – 1 лектор келишип лекцияларды окушту жана алардын айрымдары азыркы учурда да университетте эмгектенишүүдө.

Университетте факультеттер, кафедралар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү окуу жайлар, илимий мекемелер менен тыгыз илимий байланышта болуп, кызматташтыкта иштешет.

Табият таануу жана география факультети Казак Улуттук университети, Казакстандын Алматы шаарындагы ботаника жана фитоинтродукция институту, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, АКШнын Орегон университети, Массачусетс университети, Беларусь мамлекеттик университетинин жалпы экология жана биологияны окутуунун усулу кафедрасы, Казак Республикасынын зоология институту, Москва педуниверситети, КЭРдин СУАР илимий-техникалык информациялар институту, Австриянын Зальцбург университети, Польшанын Помор академиясы, Португалиянын Порто университети, Өзбекстандын Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университети, Тажикстандын Ходженд мамлекеттик университеттери менен тыгыз байланышта ишешүүдө.

Эл аралык медицина факультети И.М. Сеченов атындагы Москва мамлекеттик медициналык университети, Н.Н. Бурденко атындагы Воронеж мамлекеттик медициналык университети, Малазиядагы Малай университети, Урал мамлекеттик медициналык университети, Украина улуттук медициналык университети, Кастамону университети, Андижан мамлекеттик медициналык университети, Кадис университеттери менен кызматташып келе жатышат.

Медицина факультетинин “№1 Ички ооруулар” кафедрасы “Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомия конституционалдык типология курсу менен” кафедрасы Казакстандын Асфандияров атындагы Улуттук медициналык университети, Россиядагы Киров мамлекеттик медициналык академиясы, Россиянын Волгоград шаарындагы Волгоград клиникалык жана эксперименталдык илимий-изилдөө институту, Алматы мамлекеттик университети, И.М. Сеченов атындагы Москва мамлекеттик медициналык университеттери менен илимий кызматташтыкта болуп келишет.

Өзбекстандын илимий коомчулугу менен болгон алаканын улам күчөп баратканын белгилөөгө болот. Өзбек жана Кыргыз Республикаларынын ортосундагы илимий-техникалык байланышта ОшМУ маанилүү орунду ээлеп келет.

2019-жылы 70ке жакын окутуучу Андижан мамлекеттик университетине, Андижан мамлекеттик медициналык институтуна, Бухара медициналык институтуна, Ташкент медициналык академиясына, Наманган мамлекеттик университетине, Бухара медициналык институтуна, Ташкент стоматология институтуна, Нукус мамлекеттик университетине, Фергана мамлекеттик университетине, Вестминстер университетине ж.б. окуу жайларга барып тажрыйба алмашып, конок лекция окуп, тренингдерди өткөрүп илимий конференцияларга катышып келишти.

2019-жылы ОшМУнун илимпоздору илимди коомчулукка жарыялоо, популяризациялоо боюнча массалык-маалымат каражаттарына көптөгөн материалдарды чагылдырышты (9-таблица).

Маселен, “Үмүт”, ОшТВ, “Ынтымак”, ЭлТР, КТРК, “Ала-Тоо-24” ж.б. телеканалдарда, “Азаттык” ж.б. үналгыларда илимий, илимий-популярдуу, илимий иш-аракеттерди уюштуруу багыттарында маектерди, маалыматтарды беришти, автордук программаларды алып барышты. Шаардык, облустук, республикалык деңгээлдеги басма соз органдарында, илимий-популярдуу ж.б. журналдарга эмгектерди жарыкка чыгарышты. Түрдүү интернет сайттарга эмгектерин, макалаларын жайгаштырышты ж.б.