Жарыкка чыккан илимий, илимий-методикалык эмгектер, алардын сапаты жана бааланышы

Жарыкка чыккан илимий, илимий-методикалык эмгектер, алардын сапаты жана бааланышы

Учурда университеттеги кафедраларда тиешелүү багыттар боюнча илимий жана илимий-усулдук изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Илимий жана илимий-усулдук иштердин жыйынтыктары макала, монография, окуу-усулдук колдонмо, окуу китеби түрүндө үзгүлтүксүз жарыкка чыгарылып келет. Талкууланган баяндамалар, конференция, семинарлардын материалдары негизинен «ОшМУнун жарчысы» илимий журналында жана башка борбордук басылмаларда жарык көрөт. 2019-жылы «ОшМУнун жарчысы» илимий журналынын 3 саны, илимий конференциялардын материалдарын басмадан чыгарган 6 атайын чыгарылышы жарык көрдү. 2009-2019-жылдары журналдын 90дон ашуун саны басмадан чыккан.

2009-2019-жылдары «ОшМУнун жарчысы» илимий журналынын 36 санында жарык көргөн 1696 илимий макаланын электрондук версиясы eLIBRARY.RU (РИНЦ) сайтына жайгаштырылды.

“ОшМУнун жарчысы” илимий журналында жарык көргөн макалалардын сапатын жогорулатуу учурдун актуалдуу маселелеринен болуп калууда.

Ошондой эле “Web of sсience” системасына катталуу жана анын илимий басылмаларына макалаларды жарыкка чыгаруу иш-аракеттери да жүргүзүлдү. Илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан “ Scopus жана Web of sсience шилтеме индекстери жана эл аралык журналдарга макала жазуужана чыгаруу” деген темадагы тренинг-семинарлардын цикли өткөрүлдү.

Илимий иштер менен окуу процессин түздөн-түз байланыштыруучу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуучу критерийлердин бири – профессордук-окутуучулук курам тарабынан жарык көргөн окуу, окуу-методикалык, илимий-методикалык адабияттардын жана иштелмелердин окуу процессинде пайдаланылышы.

Жыл ичинде 966 илимий жана илимий-усулдук эмгектер жарык көргөн жана 36 автордук күбөлүк алынган (7, 9-таблицалар).

7-таблица

Макалалар

Тезис

Монография

Окуу

китеби

Окуу-усулдук

колдонмо

Автордук күбөлүктөр

КРде

РИНЦ

Scopus

Web о f

science

КМШда

Алыскы

чет өлкөлөрдө

КРде

КМШда

297

340

174

20

8

78

45

64

18

31

109

65

Бардыгы: 1249

Таблицадан көрүнгөндөй, илимий ишмердүүлүктү баалоонун критерийлеринде белгиленген РИНЦ, “Scopus”, “Web of science” системалары аркылуу индекстелүүчү илимий басылмаларда 542 макала жарыкка чыккан.

2009-2019-жылдары жарыкка чыккан илимий жана илимий-усулдук эмгектердин сандык көрсөткүчтөрүнүн динамикасы 3-диаграммада көрсөтүлгөн.

3-диаграмма

Жарыкка чыккан илимий эмгектердин авторлоруна түрткү берүү, эмгектердин сапатын жогорулатуу максатында жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан “Мыкты монография”, “Мыкты окуу китеби” жана “Мыкты окуу-усулдук колдонмо” конкурстарына катышуучулардын, түшкөн эмгектердин саны өсүп жаткандыгын белгилөөгө болот.

2019-жылы да бул конкурстар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө 10-ноябрь Илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйында атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Конкурстардын жыйынтыктарына токтололу.

«Мыкты монография – 2019» номинациясы боюнча:

1. I орунга – математика жана информациялык технологиялар факультетинин математикалык анализ кафедрасынын профессору Каримов Салы Каримовичтин авторлугундагы Ош шаарынан басмадан чыккан “Равномерное приближение решения сингулярно возмущенной задачи в особо критическом случае” (2019-ж.) аттуу монографиясына;

2. II орунга – орус филологиясы факультетинин орус жана салыштырма тил илими кафедрасынын профессору Зулпукаров Капар Зулпукарович, орус тилинин практикалык курсу жана кеп маданияты кафедрасынын доценттери Мурадымова Елена Николаевна, Ормокеева Рахат Козуевна, Болотакунова Гүлзат Жолдошбековналар жана дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин роман-герман филологиясы кафедрасынын доценти Амиралиев Семетей Манасовичтердин авторлугундагы Бишкек шаарынан басмадан чыккан “Лингвистический антропоцентризм: проблемы, поиски и решения” (2019-ж.) аттуу коллективдүү монографиясына;

3. III орунга – философия жана политология кафедрасынын доценти Кочкорова Динара Ашырбаевнанын авторлугундагы Ош шаарынан басмадан чыккан “Социалдык-тарыхый таанып-билүү” (2019-ж.) аттуу монографиясына;

III орунга – педагогика, психология жана дене тарбия факультетини педагогика кафедрасынын доценти Колдошев Мисирали Колдошевичтин авторлугундагы Ош шаарынан басмадан чыккан «“Манас” – кыргыз элинин педагогикалык ойлорунун энциклопедиялык феномени” (2019-ж.) аттуу монографиясына ыйгарылды;

“Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган жана гриф менен чыккан окуу китептери – 2019” номинациясы боюнча:

1. Табият таануу жана география факультетинин физикалык география жана табият таануу концепциясы кафедрасынын профессору Курманали Матикеевдин авторлугундагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланып, Ош шаарында басмадан чыккан “Кыргыздардын тарыхый географиясы” (2018-ж.) аттуу окуу китебине;

2. Индустриалдык-педагогикалык коллежинин орто кесиптик билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын доценти Байгазиев Кадырберди Байгазиевич жана кафедранын окутуучулары Сарыгулова Нуркыз Акболушевна, Абдуллаева Чолпонай Хабибуллаевна, Кутпидин уулу Эгемназарлардын авторлугундагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланып, Ош шаарында басмадан чыккан “Математика боюнча адаптациялык курс” (2019-ж.) аттуу окуу китебине;

3. Индустриалдык-педагогикалык коллежинин орто кесиптик билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын доценти Байгазиев Кадырберди Байгазиевичтин авторлугундагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланып, Ош шаарында басмадан чыккан “Комбинаториканын элементтери” (2018-ж.) аттуу окуу китебине;

4. Табият таануу жана география факультетинин Ботаника, ЖБД жана БОУ кафедрасынын профессору Каримова Бурул Каримовнанын авторлугундагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланып, Ош шаарында басмадан чыккан “Биология. Төмөнкү түзүлүштөгү өсүмдүктөрдүн систематикасы” (2019-ж.) аттуу окуу китебине;

5. Табият таануу жана география факультетинин Ботаника, ЖБД жана БОУ кафедрасынын профессору Тажибаев Акынбек Тажибаевичтин авторлугундагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланып, Ош шаарында басмадан чыккан “Ботаника. Өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы” (2019-ж.) аттуу окуу китебине;

6. Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин жалпы психология кафедрасынын ага окутуучусу Жолдошбаев Дилзатбек Алмарсбекович жана Джоошбекова Зинагуль Рысбаевналардын авторлугундагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланып, Ош шаарында басмадан чыккан “Психологиядан лабораториялык-психологиялык сабак” (2019-ж.) аттуу окуу китебине ыйгарылды.

“Мыкты окуу куралы – 2019” номинациясы боюнча:

1. I орунга – искусство факультетинин элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо кафедрасынын доценти маркум Абдувалиев Бекболот Осмоналиевичтин авторлугундагы жана анын түзүүчүсү искусство факультетинин элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо кафедрасынын окутуучусу Джумабаев Бакай Саматовичке Бишкек шаарынан басмадан чыккан “Салтанат автордук жана ансамбль үчүн иштеп чыккан чыгармалар жыйнагы” (2019-ж.) аттуу окуу куралына;

2. II орунга – Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын доценти Мапаева Нуржамал Абдиллажановнанын авторлугундагы Бишкек шаарынан басмадан чыккан “Гезиттик кабар түрүндөгү кыска тексттердин лингвостилистикалык өзгөчөлүктөрү” (2019-ж.) аттуу окуу куралына;

3. III орунга – Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын доценти Бакиров Исмайыл Октябрович жана Идаев Бекмырза Дуйшоевичтердин авторлугундагы Ош шаарынан басмадан чыккан “Фортепианодо ойноо” (2019-ж.) аттуу окуу китебине ыйгарылды..

Мыкты окуу-усулдук колдонмо – 2019” номинациясы боюнча:

1. I орунга – Медициналык коллеждин медайым ишинин негиздери кафедрасынын улук окутуучусу Чотурова Уулкыз Абдысатаровна жана А.А. Эшбаев, А.Ж. Төлөнбаевалардын авторлугундагы Бишкек шаарында басмадан чыккан “Медайымдык иштерди аткаруу усулдары” (2019-ж.) окуу-усулдук колдонмосуна;

2. II орунга – Магистратура жана Phd докторантура бөлүмүнүн башчысы Жумабаева Таасилкан Токтомаматовнанын авторлугундагы Ош шаарында басмадан чыккан “Современная биология. Терминологический словарь” (2019ж.) аттуу II бөлүктөн турган окуу колдонмосуна;

II орунга – Искусство факультетинин сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын доценти Эшбаев Мамыралы Эшбаевич жана кафедранын окутуучусу Оморкулов Алмазга Мырзаевичтердин авторлугундагы Ош шаарында басмадан чыккан “Сүрөт искусствосу боюнча терминдердин жана аталыштардын түшүндүрмө сөздүгү” (2019-ж.) аттуу окуу колдонмосуна;

3. III орунга – Математика жана информациялык технологиялар факультетинин программалоо кафедрасынын доценти Аркабаев Нуркасым Кылычбекович, П.С. Панковдордун авторлугундагы Ош шаарында басмадан чыккан Н.К. Аркабаев, “Информатика боюнча олипиадалык маселелер жыйнагы” (2019-ж.) аттуу окуу колдонмосуна;

III орунга – Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин американистика жана котормо таануу кафедрасынын доценти Жээнбекова Гульмира Токтомаматовна жана кафедранын окутуучулары Жолдошали уулу Канат, Алиоглы Марина Хизировналардын авторлугундагы Ош шаарында басмадан чыккан “Котормонун практикалык курсу” (2019-ж.) аттуу усулдук колдонмосуна ыйгарылды.

Чет өлкөдөн басмадан чыккан монография:

1. Эл аралык медицина факультетинин табигый илимдер жана математика кафедрасынын прфессору Курбаналиев Абдыкерим Ырысбаевич жана физика-техника факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын доценти Өскөнбаев Марал Чотоевичтердин коллективдүү авторлугундагы жана Эскишехир университетинин профессору Осмонгази Хасан Тосундун редакторлугундагы Лондон шарында басмадан чыккан “Dam Engineering” аттуу монографиясында жарык көргөн “Large-Scale Modeling of Dam Break Indused Flows” аттуу эмгектерине ыйгарылды.

SCOPUS системасынан басмадан чыккан 15 макалала үчүн ОшМУнун төмөнкү окутуучуларына 10 000 (он миң) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар ыйгарылды;

1. Математика жана информациялык технологиялар факультетинин информатика кафедрасынын профессору Турсунов Дилмурат Абдиллажанович;

2. Математика жана информациялык технологиялар факультетинин программалоо кафедрасынын профессору Сопуев Адахимжан Сопуевичт;

3. Математика жана информациялык технологиялар факультетинин математиканы, информатиканы окутуунун технологиясы жана билим берүүдөгү менеджмент кафедрасынын доценти Келдибекова Аида Өскөновна;

4. Математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Гүлбадан Матиева;

5. Эл аралык медицина факультетинин табигый илимдер жана математика кафедрасынын окутуучусу Абдуллаева Жыпаргүл Душабаевна;

6. Медицина факультетинин жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын профессору Маметова Алтынай Сулеймановна;

7. Эл аралык медицина факультетинин анатомия, гистология жана нормалдык физиология кафедрасынын доценти Сакибаев Кыялбек Шерикбаевич;

8. Медицина факультетинин анатомия, гистология жана нормалдык физиология кафедрасынын окутуучусу Пайзилдаев Тимур Рашидинович;

9. Бизнес жана менеджмент факультетинин финансы жана банк иши кафедрасынын профессору Кулуева Чинара Раимкуловна;

10. Бизнес жана менеджмент факультетинин бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ кафедрасынын доценти мырзаибраимова Инабаркан Рахмановналарга ыйгарылды.

Автордук күбөлүктөргө:

Кыргыз Республикасынын Кыргыз Патенти тарабынан автордук укук объектилеринин Мамлекеттик реестринде катталган илимий макаласы, сүрөттүн эскизи, сүрөттүн 3D модели, окуу-усулдук куралы, изилдөөнүн кол жазмасы, обондуу ырлары, ноталык жазуулар жыйнагынын кол жазмасы, курак техникасындагы панносу жана эскиздер үчүн алынган автордук күбөлүктөрү үчүн төмөнкү окутуучуларга акчалай сыйлыктар ыйгарылды;

1. Математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Алымкулов Келдибай;

2. Математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Гүлбадан Матиева;

3. Математика жана информациялык технологиялар факультетинин информатика кафедрасынын профессору Турсунов Дилмурат Абдиллажанович;

4. Математика жана информациялык технологиялар факультетинин информациялык технологиялар жана автоматташтырылган системалар кафедрасынын доценти Кудуев Алтынбек Жалилбекович;

5. Педагогика жана дене тарбия факультетинин дене тарбиянын, спорттун теориясы жана методикасы кафедрасынын доценти Аблабекова Жаңылча Кожоналиевна;

6. Бизнес жана менеджмент факультетинин экономика жана салыктар кафедрасынын улук окутуучусу Матикеева Назгуль Курманалиевна;

7. Искусство факультетинин элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо кафедрасынын доценти Кожомжаров Абди Дыйканбаевич;

8. Искусство факультетинин элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо кафедрасынын улук окутуучусу Ормонов Рахматулла Абдырахмановичтин Кыргыз Республикасынын Кыргыз Патенти тарабынан автордук укук объектилеринин Мамлекеттик реестринде катталган «Өмүр таттуу турбайбы» аттуу обондуу ырына алынган күбөлүгүнө;

9. Искусство факультетинин элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо кафедрасынын улук окутуучусу Ормонов Рахматулла Абдырахманович, Джусуев Бактыяр Сооронбаевич;

10. Искусство факультетинин элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо кафедрасынын окутуучусу Осмоналиев Мурат Тукеленович;

11. Искусство факультетинин музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө кафедрасынын доценти Шүкүралиева Майрамбү Сүйүтбековна;

12. Искусство факультетинин сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын улук окутуучусу Төрөгелдиева Кимия Атыровна;

13. Искусство факультетинин сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын окутуучусу Шеранова Толгонай Нурбековна;

14. Искусство факультетинин сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын улук окутуучусу Турдубаева Зура Акматовна, Турдубаева Айтурган Бактыяровна;

15. Искусство факультетинин сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын окутуучусу Кушбакова Акинай Алантаевна;