Жаңылыктар Архив

Аялдар кеңеши

Ош МУнун Аялдар кеңешинин максаттары, милдеттери жана функциялары.

Ош мамлекеттик университетинин Аялдар кеңеши Тарбия департаментинин жетекчилиги астында иш алып баруучу коомдук уюм болуп эсептелет. Студент кыздарыбыздагы таалим-тарбия маселеси Ош МУда стратегиялык маселе катары ар дайым көӊүл чордонунда. Анткени тарбия адамзат, улут, социум топтогон социалдык-тарыхый тажрыйбаны, маданиятты, руханий адеп-ахлак салттарын муундарга мурастап өткөрүүнүн куралы. Коомдогу өтмө-катыштык жол-жобосун жүзөгө ашырып турган улуу күч-тарбия механизми аркылуу гана коом – коом катары сакталат жана келечекке карай илгерилеп өнүгөт. Тарбиялоо — бул коомдун мүдөөлөрүнө жана муктаждыктарына жараша адамдын адеп-ахлак сапаттарын калыптандыруу боюнча максатка багытталган план ченемдүү иш.

Аялдар кеңешинин максаты:

Жамаатта асылзат айымдар менен биргеликте ааламдашуу процессинде улуттук нарк насилди сактап, бабалардан бери келе жаткан көөнөрбөс рух-көрөңгөбүздү улоо менен, улуулардын улуу касиетине таасирленип, акылга тунган сөздөрүнө каныгып өскөн, адеп –ахлагы бийик болгон кыздарды тарбиялоо жана менталитетибизге ылайык өз жүзүбүздү сактап калууга көмөктөшүү. Жогорку норма-өрнөктөргө, идеалдарга умтулуу, аларды реалдуулукка айландыруу, практикада жүзөгө ашыруу аялдар кеңешинин таалим-тарбия ишмердигинин башкы мүдөөсү, негизги максаты болуп калат.

Аялдар кеңешинин милдеттери:

  • Өлкөбүздүн, окуу жайыбыздын өнүгүшүнө тирек-таяныч болуп берчү, андагы таалим-тарбия ишине багыт-маяк катары кызмат кылуу;

  • Кыздарда элдик нравалык баалуулуктарга негизделген тарбияны алып баруу;
  • Улуттук дөөлөттөргө, элдик рухий, адептик-ыймандык нарктарга жана жалпы адамзаттык моралдык кенчтерге негизделген таалим-тарбия стратегиясын, концепциясын түзүп, кабыл алып, анын негизинде узак мөөнөттүү тарбия программасын, практикалык иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу.

Аялдар кеңешинин функциялары:

1.ОшМУнун кыздар кеңешинин ишин жандандыруу;

2.Кыздар каалаган учурда кеңири кайрылуулары үчүн “ Ишеним сааттарын” уюштуруу;

3. Ден-соолукка кам көрүү, гигиенаны сактоого багыт берүү үчүн даарыгерлер, гинекологдор менен кызматташуу;

4. Сулуулук сырлары, кийинүү маданиятын калыптандыруу үчүн косметологдор, стилисттер менен иш алып баруу;

5. Массалык маалымат каражаттары менен тыгыз байланышта иш жүргүзүү: дебат, дискуссия, ток шоуларды уюштуруу;

6. ОшМУнун демилгелерин бардык багытта колдоп, өсүп-өнүгүүсү үчүн салым кошуу.

Ош МУнун Аялдар кеңешинин төрайымы: Г.И.Сейитказыева