История газеты

Студенттик “Нур” гезити 1992-жылы негизделип, 2001-жылы 27-сентябрда Ош облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн (катто номуру 106, 2001.27.09. №000703). “Нур” студенттердин коомдук-маданий гезити болуп саналып, бүгүнкү күндө 8 бет, 3500 тиражда түстүү чыгат жана студенттерге акысыз таратылат.

“Нур” студенттердин коомдук-маданий гезити болуп саналат. Гезитти негиздөөчүлөрдүн бири ф.и.д., профессор К.Исаков алгачкы редактору болуп, андан бери көптөгөн редакторлор иштеген, атап айтканда, журналисттер А.Токсонбаев, К.Паизова, Т.Алдакулов, З.Божонов, “ОшТВнын” директору К.Калыкулов, “Азаттык” радиосунун журналисти Э.Нурматов, акын У.Омокеев, жаш акын М.Маматжан уулу жана азыркы учурда Дүйшөнбек Бектемир уулу жетектеп келатат.

Редакторлор:

Каныбек Исаков -1994-1997-ж.ж.

Алишер Жусупов -1997-1998-ж.ж.

Кенже Пайизова -1998-1999-ж.ж.

Тургунбай Алдакулов -1999-2000-ж.ж.

Замир Бөжөнов – 2000-2003-ж.ж.

Керимбек Калыгулов –2003-2009-ж.ж.

Эрнис Нурматов –2009-2010-ж.ж.

Улукбек Омокеев -2011-2017-ж.ж.