Пландоо – экономикалык бөлүмдүн негизги функциясына бюджеттик жана атайын каражаттардын сметасын түзүү, акы төлөп билим берүүнүн (контракттын) өлчөмүн аныктоо, профессордук – окутуучу курамдын тарификациялык тизмесин иштеп чыгуу, университеттеги кызматчылардын эмгек акысын белгилөө жана төлөп берүү, окуу жайындагы айрым кыймылсыз мүлктөрдү келишимдин негизинде ижарага пайдаланууга берүү, контракттык төлөмдөрдүн эсебин алып баруу, бюджеттик жана атайын каражаттардын максаттуу ошондой эле сарамжалдуу пайдаланышын камсыз кылуу.
Бөлүмдүн миссиясы – университеттин бюджетинин кирешесин көбөйтүү, окуу жайдын өнгүүсүнө каржылык каражаттарды жана ресурстарды издөө жана тартуу, атайын каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу.
Жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында окуу жайынын экономикасы жана каржылык мүмкүнчүлүгү жогорулоодо, бул өз кезегинде окуу иштерин тиешелүү деңгээлде алып барууга, студенттерге жана эмгек коллективине керектүү шарттарды түзүп берүүгө жакшы өбөлгө болуп жатат. Натыйжада университеттин экономикасынын негизги багыттары боюнча оң кыймыл байкалат. Окуу жайынын жетекчилиги профессордук – окутуучу курамдын, жалпы эле жамааттын эмгек акысын жогорулатуу жана материалдык кызыкчылыгын көтөрүү багытында зарыл чараларды колдонуп келет.
Административдик башкаруу персоналынын (АПБ) орточо айлык акысы 2011-2012- окуу жылында 8550 сомго, 2012-2013- окуу жылында 9961 сомго барабар болгон. Ал эми окутуучу- профессордук курамдын (ОПК) орточо айлык акысы тиешесинче 8740 жана 9970 сомду,окуу көмөкчү персоналдардын (ОКП) орточо айлык акысы 5405 жана 5792 сомду, административдик чарба персоналдарынын (АЧП) орточо айлык акысы 4232 жана 4521 сомду түзгөн (график 1, таблица 2).
Орточо айлык акы
(сом)
Аталышы | 2008-2009 | 2009-2010 | 2010-2011 | 2011-2012 | 2012-2013 | 2013-2014 |
АБП (АУП) | 7413 | 7476 | 7539 | 8550 | 9961 | |
ОПК (ППС) | 7432 | 7471 | 7510 | 8740 | 9970 | |
ОКП (УВП) | 3778 | 4331 | 4884 | 5405 | 5792 | |
АЧП (АХЧ) | 2986 | 3539 | 4092 | 4232 | 4521 |
Ош МУнун Административдик Кенешинде (2014-жыл, 21-январь, №15-протокол) "Негизги" "Профессордук- окутуучулук курамга, административдик-башкаруу, окуу-комокчу персоналдарга кошумча эмгек акы толоп беруу жонундо" жана "Ар турдуу" маселелерге кирген Ош Мунун кызматкерлерине материалдык жардам корсотуу деген маселер боюнча томондогу кабыл алынган чечимдер бекитилсин:
I. Университетте билим беруунун денгээлин которуу, окутуунун сапатын жакшыртуу, ондуруштук иш каналардын, мекеме жана уюмдардын талабына ылайык адистерди даярдап чыгаруу, ошондой эле окутуучу-профессордук курамдын, административдик-башкаруу, окуу-комокчу персоналдарын тупку натыйжага болгон материалдык кызыкчылыктарын колдоо максатында, 2014-жылдын 1-февралынан баштап томондогудой олчомдо жана тартипте атайын каражаттардын эсебинен кошумча эмгек акы толонуп берилсин:
Кызматтык оклад, сом. | кошумча акы, сом. | |
проф., илимдин доктору | | |
проф., илимдин кандидаты | | |
проф., окмуштуулук даражасыз | | |
доц., илимдин доктору | | |
доц., илимдин кандидаты | | |
доц., окмуштуулук даражасыз | | |
улук окутуучу илимдин кандидаты | | |
улук окутуучу, окмуштуулук даражасыз | | |
окутуучу, илимдин кандидаты | | |
окутуучу, окмуштуулук даражасыз | | |
ассистент-стажер | | |
2. Административдик-башкаруу персоналдарга Ректор, проректор, директорлорго, болум башчыларга(зав. отделдерден башкаларына)-кызмат окладдарына кошумча акы-50%, калгандарына-кошумча акы-40%.
3. Окуу-комокчу персоналдарга кошумча акы кызмат окладдарына 20%