Новости Архив

Өткөрүлгөн иш-чаралар
Жашооңдогу үч тамырды анык бил, Жан азыгың маданият, тарых, тил!
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата ОшМУнун Cтуденттик Акыйкатчы Аппараты Нур Гезити менен ,биргеликте факультеттер арасында 23- сентябрь күнү ОшМУнун чоң актылык залында «АКЫЛ ТАЙМАШ» интеллектуалдык оюну болуп өттү. Жыйынтыгында үч команданын упайы тең чыгып, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин “Биримдик” командасы, Кыргыз-Түрк факультетинин “Вундеркинг” командасы жана Тарых факультетинин “Эсперанто” командасы алдыңкы орундарды алышты. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан китептер белекке берилди.


13:12 07-03-2016 | Пресс-служба / Новости Студенттик акыйкатчы тарабынан студенттерге анкета жүргүзүлдү ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты тарабынан февраль айында бардык факультет, колледждердин күндүзгү бөлүмүндө окуп жаткан жалпы студенттеринин дээрлик 10%нан 2015-2016-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгына карата мыйзамсыз иш-аракеттерди тактоо, студенттердин үнүн жетекчиликке жеткирүү, студенттердин айрым укуктарын коргоону ишке ашыруу, укук бузуулардын алдын алуу максатында анкета жүргүзүлдү. Бул анкета 11 суроодон туруп, негизинен студенттердин көйгөйлүү суроолору, модул, сессия учурларындагы мыйзамсыз иш аракеттер, АVN информациялык системасы сыяктуу суроолор камтылып, канчалык деңгээлде билим алууга шарттар түзүлгөн, андагы тоскоолдуктар жана кемчилдиктер тууралуу студенттерден реалдуу жооптор алынды. «10 күн аралыгында ар бир анкета текшерилип жыйынтыгы чыгарылды. Жыйынтыкта студенттердин баалоосу боюнча эң көп пайыздык көрсөткүчкө ээ болгон сабакты мыкты өткөн окутуучулардын алдынкыларына ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын ыраазычылык баракчалар жазылды.Ушундай эле ыразычылык баракчалары тарых, юридика факультеттеринин китепкана кызматкерлерине, конфуций, юридика, педагогика жана дене тарбия, тарых факультеттеринин жаштар комитеттерине да тапшырылат. Максатыбыз студенттердин баалоосу боюнча мыкты билим берип жаткан окутуучулардын эмгегин баалап, ыразычылык билдирүү болуп эсептелет. Ал эми студенттер тарабынан терс пикир жараткан окутуучулар, кызматкерлер да такталып, аларга жетекчилик аркылуу тийиштүү чаралар көрмөкчү», -деди ОшМУнун студенттик акыйкатчысы Абдырахманов Адилет. Белгилей кетсек, анкетанын жыйынтыгы тууралуу административдик жыйында студенттик акыйкатчы баяндама жасап, жетекчилик тарабынан тиешелүү структураларга тапшырмалар берилди.


2015-2016-окуу жылында коррупциялык иш-аракеттерди болтурбоо, аны менен укуктук негизде күрөшүү, студенттерди укуктук тарбиялоо максатында ОшМУнун ар бир факультетинде(колледжде) "БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУДА КОРРУПЦИЯНЫН ТИЙГИЗГЕН ТЕРС ТААСИРЛЕРИ ЖАНА АНЫ МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН УКУКТУК НЕГИЗДЕРИ" деген темада укуктук-лекциялык жолугушуулар өткөрүлдү. Лекциялык жолугушуу негизинен беш күнгө созулуп, график боюнча окуу корпустарынын жайгашуусуна жараша жүргүзүлдү. Мында негизиги баяндамачылар ОшМУнун коррупциянын алдын алуу комиссиясы Аккулов Абдыжапар Ураимович, Юридика факультетинин ага окутуучусу Парайдин уулу Шайлообек, коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан(АКС)Ташиев Максат, ОшМУнун студенттик акыйкатчысы Кубанычбек уулу Нурсултан баяндама жасашып, андан ары талкууда студенттердин суроолоруна жооп беришти.


11:29 17-11-2015 “Укук, мамлекет, жаштар” темасында факультеттер аралык дебат уюштурулду Ош мамлекеттик университетинин студенттик акыйкатчы аппараты тарабынан студенттердин эл аралык күнүнө карата “Укук, мамлекет, жаштар” деген темада факультеттер арасында дебат (парламенттик) өткөрүлдү. Дебатка жалпысынан 12 факультеттин дебат клубдары катышып, жыйынтыгында 1-орунга математика жана информациялык технологиялар факультети, 2-орунга медициналык колледж, ал эми 3-орунга табият таануу жана география факультетинин командасы ээ болушту. Ошондой эле юридика факультетинин оюнчусу Ноорубаев Сулайман “Эң мыкты спикер”, Патаев Сапарали “Эң мыкты судья” номинациялары менен сыйланышты. Дебаттын жеңүүчүлөрүнө дипломдор, ОшМУнун кубогу, профсоюз комитети тарабынан 1-2- орунду алган командаларга Арстанбапка 3 күнгө жолдомо, баалуу китептер тапшырылды. Аталган оюнга көптөгөн дебат оюндарынын жеңүүчүлөрү Медер Абдыманапов, Сапарали Патаев сыяктуу мыктылар судьялык милдетти аткаргандыгын ОшМУнун студенттик акыйкатчысы Кубанычбек уулу Нурсултан билдирди. Автор: Нуралиева Зинагул