Новости Архив

Факультет истории и социальной работы

      Тарых жана социалдык иштер факультети ордендүү Ош мамлекеттик университетинин курамындагы бай тарыхка ээ факультеттерден. Ал университет менен жашташ. 1939-жылы Ош шаарында Мугалимдер институту ачылганда, анын курамында тарых адистиги да түзүлгөн. Бул аралыкта факультет өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармактары үчүн миңдеген жогорку билимдүү тарыхчы мугалимдерди, илимпоздорду даярдап чыгарды. 2019-жылдан тартып, "чыгыш таануу жана африканистика" кафедрасы факультеттин курамына кошулган. Азыркы күндө тарых жана социалдык иштер факультети дүйнө элдеринин тили, маданияты жана тарыхый билим берүү ишмердиги, коомдогу социалдык актуалдуу маселелери менен кенен масштабдагы илимий изилдөө иштерин айкалыштырып, өнүгүп жаткан заманбап факультет. Учурда тарых жана социалдык иштер факультети жогорку квалификациялуу адистерин даярдоочу окуу-усулдук жана илимий-педагогикалык борбор болуп саналат.
      3000 жылдык тарыхы бар Ош шаарында, кылымдарды карыткан Ак-Буура дарыясынын жээгинде, ыйык Сулайман тоонун таманында жайгашкан ордендүү Ош мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык иштер факультетинде окуп, тарыхый билим алып, өлкөбүздүн, коомубуздун гүлдөп өнүгүүсүнө олуттуу жана жигердүү салым кошууну кааласаңыз, анда, Ош мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык иштер факультетине кош келиңиздер!
     

Сиздерди терең урматтоо менен, т.и.к., доцент Арстанов С.А.