Новости Архив

ФАКУЛЬТЕТ МИРОВЫХ ЯЗЫКОВ И КУЛЬТУР

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин тарыхы Ош педагогикалык институтунун курамында “чет тилдер” факультети деген аталышта башталат. 1951-1992-жылдары англис жана немис тилдери боюнча адистерди даярдаган өз алдынча факультет, 1992-1997-жылдары славян-герман филологиясы факультетинин курамындагы чет тилдер бөлүмү, 1997-жылдан дүйнөлүк тилдер факультети болуп аталган. Ал эми 2011-жылдын 30-августтагы Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар Кенешинин чечиминин негизинде кайрадан мурдагы өзүнүн тарыхый аты менен чет тилдер факультети, ал эми 2016-жылдын декабрь айынан тартып Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети болуп аталды. Республикадагы белгилүү окумуштуулар жана педагогдор ар кайсы жылдары факультетти башкарышкан, алар Л.Д.Поколодный (1951-1957), В.Т.Ковальчук (1957 март-август), М.Е.Пан (1957-1984), Сатина Г.В., Абдугулов С.А., Жумабаев К.Ж., Салахитдинова Н.К., Кулназаров А.К. (1996-1998), Мараш-Оглы Ш.В. (1998-2004), Калыгулова С.Ш. (2004-2010), Анарбаев А.А. (2010-2011).Калыгулова С.Ш.(2011-2021). Азыркы учурда дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы- филология илимдеринин кандидаты, доцент Сагындыкова Рахат Жумабаевна.Факультеттин чет тилдерди жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча алтымыш жылдык бай тажрыйбасы бар. Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети англис, немис, француз тилинен мугалимдик жана котормо адистигине даярдайт. Факультеттин бүтүрүүчүлөрү эки чет тилин, чет тилден сабак берүүнүн методикасын, эл аралык сүйлөшүүлөрдүн теориясын жана практикасын өздөштүрүү менен бирге билим берүү системасында, экономика жана башка тармактарда иштей алышат. Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин миссиясы- билим алууга умтулган жаштардын талабын камсыз кылуу, чет тилдерин жана үйрөнүп жаткан тилдин маданиятын, каада-салтын, ошону менен бирге эл аралык баарлашууну мыкты өздөштүргөн заманбап адистерди, коомчулуктун алдында өз жоопкерчилигин сезе билген инсанды тарбиялап чыгаруу. Чет тилдер боюнча адистиктерди окутууда илимий деңгээли, иш тажрыйбасы заманбап билим берүүнүн талабына жооп берген окумуштуу-окутуучулар курамы 6 кафедрада ийгиликтүү эмгектенишүүдө:

• Англис тилинин грамматикасы жана фонетикасы ;

• Англис тилинин окутуунун усулу;

• Америка жана котормо таануу;

• Англис тилинин практикалык курсу;

• Роман-герман филологиясы;

• Немец тили;

Факультет АКШнын жана Улуу Британиянын, Франциянын, Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчиликтери, «Темпус», «Акселс», «ДААД» сыяктуу эл аралык уюмдар менен активдүү иш алып барып, ар кандай семинар, конференцияларды уюштуруп келүүдө. Азыркы мезгилде факультет 50дон ашык чет өлкөлүк билим берүү мекемелери менен тыгыз байланышып, ар кандай эл аралык программаларга катышып келет. Сиздерди терең урматтоо менен "Дүйнөлүк тилдер жана маданият" факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Сагындыкова Рахат Жумабаевна.