Макалалар

Алыш бел боо күрөшү боюнча Эл Аралык спорттун чебери, эркин күрөш боюнча КРдин 4 жолку чемпиону ОшМУнун Педагогика жана дене тарбия факультетинин 2 – курсунун студенти Мамарасул кызы Алтынай

Спортсмендердин үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн каарманыбыз учурда ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин 2-курсунда окуйт.

Үй-бүлөдө беш бир туугандын кенжеси Алтынай Алыш белбоо күрөшү жана Эркин күрөш боюнча бир топ ийгиликтердин ээси. 2016-жылы болуп өткөн Көчмөндөр оюнунда кыздар арасындагы Алыш белбоо күрөшү боюнча 2-орунду, ушул эле жылы дүйнөлүк кубокто (Белорусиянын Минск шаарында өткөн) алыш белбоо күрөшү боюнча 1-орунду багындырып, КРдин 2016-жылдагы мыкты спортчусу аталган. Буга чейин өлкө ичиндеги жана Татарстанда өткөн мелдештерде алдыңкы орундарды багындырган.

2017 - жылдын 15 – 27 - сентябрь күндөрү Туркменистан Республикасынын

Ашхабат шаарында болуп өткөн жабык имараттагы V Азия оюндарында спорттун “Белбоо” күрөшүнөн күмүш медаль, “Алыш Белбоо” күрөшүнөн алтын медаль тагынды.

“Ийгиликке жетишүү бир топ кыйынчылыкка турду. Күн сайын машыгууларды өткөрүп жакшы даярдандык. Алгачкы күнүм "Белбоо" күрөшү боюнча өзүмдөн оор салмакка чыгып 2 - орун болуп калдым. Атаандашымдын салмагы 25 кг.га оор болду. Спортто 1кг. эмес, 500 грамм да чон роль ойнойт. Болгон күчүм менен акыркы убакытка чейин күрөштүм, эмнегедир ийгилик мен тарапка жылмайган жок. Ошол күнү бутумду да кокустатып алдым. Эртеси Алыш күрөшү боюнча өзүмдүн салмагымда беттешке чыкмакмын. Чынында алтын медаль алам деп ойлогон эмесмин. Бар күчүм менен бутумдун ооруганына карабастан финалда Ирандык 31 жаштагы балбан кыз менен беттешип, утуп алдым. Желегибиз желбирегенде

башкача сезимдер коштолуп, толкундандым. ОшМУнун ректору Исаков Каныбек агайга жана жалпы окутуучуларга ыраазымын. 100% келишимдик акыдан бошотуп, 25миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Бул мага чон стимул болду. Ошондой эле машыктыруучум КабылБорубаевге, Ош шаарынын спорт комитетине, Ош шаарынын мэриясына жана жалпы кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Спорт ааламында жакшы досторду таптым, көп эле ийгиликтерге жетиштим. Мени моралдык жана материалдык жактан камсыздаган жана алгачкы устатым да атам. Учурда “Динамо” машыгуу залында машыгам жана машыктыруучу болуп эмгектенем. Мен машыктырган кыздар да мелдештерге катышып келишет. Кыргызстандын гимни мелдештерде дүйнөнүн бардык бурчунда жаңырып туруусун тилек кылат элем. Мен багындыруучу ийгиликтер али алдыда”, – деп кубанычы менен бөлүштү. Алтынайды Дүйнөлүк олимпиададан алтын медаль менен тосуп алалы. Окууларына ийгилик жана бакубат жашоо каалайбыз!

Ч. Айтматовга 90 жыл

Бир күн кулайт бийиктеги так деле

Бир күн куурайт гүлдөп турган бак деле.

Толкун менен түбөлүккө күрөшүп,

Ысык – Көлдө сүзүп жүрөт “Ак кеме”

Ысык – Көлдө сүзө берет “Ак кеме”

Арыба, ак кеме, мен келдим

“Эгерде, “Жамийла” сүйүүнүн гимни болсо, “Ак кеме” балалыкты ырдайт. Тиричилитктин кубанычы менен кайгысы жанаша жашаган бул кыска роман, “чакан тарых” көкүрөктө терең из калтырат... Тарых трагедиялуу аяктаса да китеп баарынан мурда сүйүү жана үмүт жөнүндө болуп көрбөгөндөй тазалык жана жаңылык менен баяндалат” – деп А. Стиль айткандай “Ак кеме” повести окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таап аларды түйшөлткөн чыгарма. Чыгармада турмуштун туундусу болгон адамдардын ички дүйнөсү, анын коом жана жаратылыш менен карым-катнашы, нравалык сапаттары, дүйнөгө көз карашы көркөм чагылдырылган.

Ак кеме повести да:

“Эзелтен чечилбеген улуу талаш,

“Канткенде адам уулу адам болот” деген Ч. Айтматовдун чыгармачылыгынын лейтмотивин түзгөн ушул суроонун алкагында жаралган.

Чыгарманын жаралышы

“Жазуучу көптөн бери жаш бала менен табияттын ортосундагы байланышты сүрөттөөгө камынып, ой толгоодо жүрөт. Ошол түйшүктөнүүдө жүргөн мезгилде Ысык-Көлгө эс алганы барып, ал жерден бейтааныш адамдын жакында коруктан качып келген бир маралды атып алганын мактаныч менен айтып жатканын угуп калат. Аңгемени угуучулар аны коштоп шаракташып, мактап жатып калышат. Бул айтылгандар жазуучуну ойго салып, кандайдыр бир асылынан ажырагандай абалга келтирет. Түйшөлүп уктай албайт, көз алдында канга боёлгон табияттын бир жандыгы- касиеттүү сулуу маралдын элеси кетпей туруп алат. Акыры уктай албагандан кийин туруп колуна калем кармайт. Алгач аңгеме жазайын деген ою уланып олтуруп повестке өтүп кетет- деп А. Акматалиев айткандай чыгарманын жаралышы “эне толгоо таркандай” жазуучуну кыйноо менен жаралган.

“Кээ бир жаш адабиятчылар, өзгөчө жаңы темаларды жазып жүргөн акындар космос доорунда мага “Манастын” Каралаевдин кереги эмне деп ойлоор. Антсе алар жаңылыша, антсе алар өз тамырын жерден жулуп алган болот. Жазганыңар жаңы тема боло берсин, космосту жаза бергиле, бирок ички сезим дүйнөңөрдө “Манас” турбаса, күчүңөр алда канча кемдейт”,- деп жазуучу өзү белгилегендей, өзүнүн бардык чыгармаларында “Манастын”деми тереңинде уялагандыгы байкалат. “Ак кеме” повесттин да “Манас” эпосунун идеялык тутуму болгон “табият менен таттуу мамиледе болуу” мазмунун толуктап, адам табияты менен жаратылыш табиятынын ширелүүшүсү, ажырымы, бири-бирине окшоштугу, айырмачылыгы жөнундө баяндалат. Жана да бүгүнкү күндөгү экологиялык маселелерди да чыгармада сүрөттөлгөн тексттин астында катылган.

Жомок – реалдуулук

“Ак кеме” повестти фольклор менен реалдуу жашоону айкалышынан жаралган. Чыгарманын пафосун “Бугу Эне” жөнүндөгү элдик жомокко жуурулуштуруп, анысы менен бугу чейинки чыгармаларынан кескин айырмалуу жаңы поэтикалык жаңылык жаратты. Динара Асакеева да: “повестте “Бугу Эне”жомогу баштан аяк катышып, сюжеттин түпкү булагын түзгөн миф, элдик рухий уюткуну кайрадан жаратып, кайрадан трансформациялап, повесттин көркөмдүк системасында эн негизги “кыймылдаткыч күч” катарында кызмат аткарат”- деп туура айткан. “Ак кеме” жомогунун иченен дагы эки кичинекей улама-жомоктор бар. Биринде элинин өзөгүнөн чыккан ырына жанын берген эрлер жөнүндө айтылса, экинчисинде карасанатайлык, ач көздүк карышкырдын образында берилип, ал тырмактай чыпалак бала тарабынан жазаланат. Бул эки жомокту жазуучу чыгарманын көлөмүн чоңойтуу үчүн кошуп койгон эмес, тескерисинче бул жомоктор чыгарманын негизги маселесине, идеалык мазмунуна тикеден-тике багындырылган.

Ч. Айматовду адам баласынын жашоо- турмушунун толгон-токой ой-чуңкурларын, адабият, искусство, дегеле көркөм өнөр маселелери боюнча ой чабыты кенен да, терең да, универсалдуу да болгондуктан “Ак кеме” повестинин сюжети бөтөнчө курулган. Бир караганда абдан жөнөкөй. “Шыр” дегенде эле “Бугу Эне” тууралуу жомокту бербестен, же ал жомокту аягына алып барып койбостон, окурманды психологиялык жактан даярдап, акырындап өнүктүрүп олтуруп чегине жеткирет.

Баланын достору

Баланын ат койбогон ташы жок. “Ээр-Таш”, “Кашабаң”, “Танке- Таш” дагы башка тааныш таштары көп. Бири “жаман”, бири “жакшы”, атүгүл “митаам”, “куукаптал”, “макоолору” да бар. Бала чөптөрду да кыял-мүнөзүнө жараша бөлүштүрүп алган “жакшы көргөнү”бар, “жаман көргөнү” бар. Так адам сыңар. Бул жаратылыш табияты болсо, ал эми адам табияты мындан да назик, өзгөрмөлүү келет.

Баланын “жеңиши”

Баланын жарык дүйнө менен кош айтуусуна Орозкул айыптуубу..? Күнөөсү кайсы..?

А Момун карыя күнөөлүүбү..? Ооба, ал эмнеге небересинин көңүлүн оорутчу, кагып-силкип урушчу кемпирин неге тыйбады, эмнеге токтото албады? Же өзү атайлап төрөбөй жаткансып кызы Бекейди соо жерин калтырбай урчу Орозкулду эмнеге токтото албады? Анын мыкаачылыгына чек койсо болот беле..? “Эң жаман жери-Момун ата-бабалардын ыйык мурасына өзүнүн осуятына, абийирине балта чапты. Чапканда да эң эле арзыбаган нерсе үчүн өзүнүн бейтаалай кызынын жана небересинин тагдыры үчүн чапты” деген В.Коркиндин (“Литературная газетанын” кабарчысы) пикирине каршы туруп, Ч.Айтматов: “Мен мындан социалдык аспектини көрүп турам. Бардык мотивдерди ошонун катарында социалдык мотивдердин да айкалышын, чырмалышын Момундун көз карандылыгы менен көрсөтүүнү көздөгөн. Аны көз каранды эмес, жалтак эмес, эркин, кайраттуу, бактылуу кылуу үчүн коом дагы көп иштеши, көп нерселерди жасашы, көп нерселерди чечиши керек экендигин каалаганмын”-деп айтканы бар.

“... Бирок күтпөдүң, сүзүп кеттиң, эч качан балык болуп кубула албасыңды билдиң бекен? Ысык-Көлгө сүзүп жете албасыңды билдин бекен? Көл бетинен ак кемени көрүп: “Арыба, ак кеме, мен келдим!”-деп эч качан кыйкыра албасыңды билдиң бекен?(Айтматов Ч., Чыгармалар жыйнагы:4- том, 185- бет)”. Бала адам табиятына көнө албады. Андагы ишеним соолуду, ал жаратылыш деми менен кошо жашап жүрүп адам баласынын сиз менен мен билбеген айрым сапаттарына көнө албады. Бул- анын жеңиши болчу...

Баланын өлүмү автор өзү белгилегендей, анын адилетсиздикке баш ийбеген жеңиши, анын оюнун салтанат курушу болот.

Афоризимге айланган Айтматовдун “Ак кемеси”

Чыгарманын тили көркөм, повесттеги “Бугу Эне” жомогунан келип чыккан адамдык жашоонун моралдык кодексин түзгөн санат сөздөр элдик афоризимге айланып: “Адамды туумак кыйын, багып өстүрмөк кыйын, а өлтүрмөк көз ачып жумганча”, “Жылдыздар адам болсо көккө батмак эмес, балыктар адам болсо сууга батмак эмес”, “Адам акылынан жаркыны өчүп, дүнүйө тепкен кесири башынан ашса, арты жаман, кесепети калайман журтка тиет”, “Ырчылар ой маңызын унутуп, сөз кубалап калганда ыйык ырдын кусуру урат”, “Байлык адамды эсиртет, эсирген адамдын кесири көпкө тиет”, “Акчанын арааны жүргөн жерде адалдык орун таппай чыркырап качат” эл арасында кеңири колдонулууда

Даярдаган: Эмилбек кызы Дарыя

“А” тамгасынан түзүлгөн Айтматов ааламы

Адамды арууланткан Айтматов

Адам - аалам. Ааламдык алп акылмандыкты Айтматовдон алдык. Алтын ааламды арнаган акылмандан, адабияттын аалымынан айрылдык... Айтматовдун ааламы аркылуу адабиятты аралагандыгыбыз анык. Адабияттын арымын, айдыңын Айтматовдон аңдаганыбыз арийне!
Айтматовдук аалам аркылуу асылдыкка, адамгерчиликке, адамдыкка, адилдикке, адилеттикке, аруулукка... арбалдык, ак - аланы аңдадык. Агартуу айдыңында "алгачкы агай" (Дүйшөн) аркылуу анын аракетин, акыбетин актаган Алтынайдай академиктер актады. "Аттуу" ...Алдановдор автор аркылуу аёсуз айыпка алынбадыбы?! А Абуталипчи? Ал аркылуу ачык айтууну, адилеттикти айтпадыбы?!
Автордун Аселиндей адамгерчиликтүү, абийирдүү аялзатынын акылынан айланам... Арманын айткан алганынын (Иляз) акылына азгырылбады. Анткени Аселдин адамдыгы - алсыз абалында ардактаган, арачалаган, алган адамынын (Бектемир) адамгерчилигин аттабагандыгында. Аттиң, акылды адаштырбаганда Аселдин арзуусу арманга айланбас.
Алганын азгырган алсыз, акылсыз аялчы... Ал (Кадича) акылсыз аялдын автопортрети аталды.
Автордун Арсендей азаматычы?! Азамат атыгууга акылуу автопортрет. Адамдардын айла-амалдуусун аңдады, азгырылып азгырылбады... Арабдардын акчасына азгырылбады, айбанаттарды атуудан алыстап, адамзаттын алдында абийири агарды.
Адамзатты ансайын аздектеп, акылына ашыкча акылды арзыса, аны айбанчылыкка айландыргандары да арбын. Айбандардан акылынан айырмаланган "адам аталымыштардын" арасы азайбады, артты, ашты. Адам ата адамзатты айланасына арачалады. Адам аттуунун арасындагы "айбандар" Алланын амирине акаарат айтты... Автор андайлардын абийирин, аурасын акактай аруулантканга аракеттенди.
Айтматовдун "ааламы" адамдардын азык, амал, акыл... алуусунда алмашкыс адабият аталды. Арийне, апайдын (Инкамал) алачыктагы алгачкы адамдыкка аракетичи? Аттиң, андагыны азыркыга, азыркыны ага алмаштырсак... Апаатчы? Апаат... Айрым адамдарды акылынан ажыратты, ата-ападан азаматтарды, аялды, алганын ажыратты, айрылтты. Ал аралыкта ачкачылык апааты аралады. Андайда адам аттуу акылынан ажырамак... Ажырабады... Ажырады...
Аттиң, адам "аласын" аңдасак, адамдыктын асылын айыптуу атабай, акты ак, адилетсиздикти адилетсиз атап, "алганды", "атканды", "ажыратканды", "азаптантканды", "алдаганды" айыптамакпыз... АЙТМАТОВДУК ААЛАМ АДАМЗАТЫНА АЯН!

Ош МУнун мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Жазгүл Максутова

Илим - бул көк аска муз, анын жалтырак чокусунда дүйнөлүк Күн түнөйт

Академик К.К. Юдахиндин орошон окуучусу, эң акыркы жана сүйүктүү шакирти, түрколог, пиктограф, баштапкы кесиби - тракторист, комбайнер, машинист, слесарь, ассиминатор, лаборант, чабан, “Манас” айтуучу,2014-жылы УИАнын Ч. Айтматов атындагы тил жана адабият институтунда филология илимдеринин доктору, ОшМУнун профессору, Ош шаарындагы уникалдуу үч кабаттуу боз үйдүн автору, Саймалы –Таш сүрөт жазма сырларын изилдеген белгилүү илимпоз Лютфулла Жусупакматов учурда ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде эмгектенет.Илимдин тирүү казынасы, келечек урпак үчүн атап койгон, жасап койгон эмгеги, белеги бар, өмүрүн, жаштыгын бошко кетирбеген, бир эле Лютфулла Жусупакматов деген ысымынын артында бир окуу жайдын жамааты жасай турган эмгеги бар,сүйүктүү агайыбыз 71 жашта.

1946-ж. Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылында төрөлгөн. 1963-ж. Кара-Кулжадагы Фрунзе орто мектебин аяктап,1971-ж. Кыргыз Улуттук университетинин филология факультетин К.К. Юдахиндин жетекчилиги астында ““Манас” эпосунун генезиси” деген темада дипломдук иш жазып бүтүргөн.1971-74-жж. Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя, Карагуз, М.В. Фрунзе атындагы орто мектептеринде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеп,1974-ж.Москвадагы СССР илимдер академиясынын Тил таануу институтундагы аспирантурага түрк тилдери боюнча бүткүл дүйнөлүк конкурс менен кирип, 1977-жылы “Отношение киргизского языка к сибирским тюркским языкам (на материале прощедщего времени глагола)” деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. Ошол эле жылы Кыргыз илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда, түркология секторунда кенже илимий кызматкер болуп ишмердүүлүгүн баштаган. 1981-ж. Ош педагогикалык институтунун филология факультетинин кыргыз тилин жана адабиятын окутуу усулу кафедрасында окутуучу, доцент болуп ишин улантып, 1988-94-жылдары аталган кафедранын башчысы болуп иштөө менен “Чыгыш жылдыздары” (аалым, ойчул, акын ж.б. айкелдери) гипстен жасалган ансамблин түзүп, ЖОЖ менен мектептин байланышын бекемдөө боюнча программанын негизинде эки аудиторияны (тилди окутуу, адабиятты окутуу) заман талабына ылайык жасалгалап, мыкты уюштургуч, чарбакер жетекчи сапаттарын көрсөтө алган. 1994-жылдан бери КУИАнын түштүк бөлүмүнүн коомдук илимдер институтунун филология бөлүмүнүн башчысы, 2001-2005-жылдары аталган институтуттун директору болуп эмгектенген. 2008-ж. дорторлук диссертациясын “ Петроглифы Саймалы – Таша как обьект пиктографии” деген темада жактаган. 1991-жылы “Ата-Журт” ассоциациясын түзүп, бир топ жерлерге гектарлаган жаңгак, тал-теректердин, мөмө берүүчү бактардын көчөттөрүн эктирип, Өзгөндүн, Кара-Кулжанын айрым жерлерине суу чыгарып, коомдук ишмердүүлүгүн да көрсөтүп келген. Көпчүлүк биле бербеген, анча-мынча медицина кызматкерлери ойлоно элек Кыргызстандагы даары чөптөрдү изилдеген энциклопедиясы китеп болуп чыккан. Илимий усулдук эмгектерин, китептерин манжа менен саноо адашкандык. Ташка чегилген жазууну текстке айландырган Четин Жумагулов болсо, Саймалуу-Таштын таржымалын казып, таштагы сүрөттөрдү текстке айландырган – Лутфилла Жусупакматов.

Маданиятты маданияттуу адамдар түшүнөт экен

Жети кабаттуу боз үйдүн эскизин бүтүрүп, мындан 12-13 жыл мурда жергиликтүү бийликке кайрылып, эч кандай колдоо болбогондуктан токтоп калган. Боз үйдү жалаң жыгач менен тургузуу чындыгында кыйын иш, бирок, азыркы заманбап ыкмада темирлерди пайдаланып тургузса өтө уникалдуу ийгилик болмок. Биздин эл талантты, бирөөнүн эмгегин баалабайт. Азыркы учурда Алымбек датканын ордосу болуп турган үч кабаттуу боз үйдүн автору, жасалышында эмгеги зор эле деп бир жолу ысымымды аташкан жок.

Манас атанын чыныгы Ак өргөөсү болчу

Кыргыздардын тарыхында эки кабаттуу боз үй болгону “Манас” эпосунан белгилүү:

“Сары-Өзөн, Чүйдөй кең өргө,

Ала-Тоодой чоң өргө.

Кош кабат тиккен ак өргө,

Хан Манаска чак өргө,”- деп С. Орозбак уулунун жазма вариантында айтылат. Мындан сырткары Эне-Сай дарыясынын жээгинде таш бетиндеги кош кабаттуу үйлөрдүн сүрөттөрү да табылган. Демек, кыргыздарда кош кабаттуу боз үйлөр байыртадан эле болгон. Үч кабаттуу боз үй Манастын Таласта өткөрүлгөн мааракесинде Гран Приге татып, тилекке каршы калыстар арасында түндүк-түштүк маселеси козголуп баш байгени бербей коюшкан. Биз да өчүгүп “Манастын Ак өргөөсүн” Таласка таштабай Ошко алып келип, стадионго кайра куруп койгонбуз. Кийин ал жерде караган киши жок бир топ баалуулуктар жоголуп кетти... Манастын чыныгы Ак өргөөсү болчу.

100 томдукту чыгарып алсам арманым жок эле

Астрономия боюнча 5000ден ашуун китебим бар. Алай, Ноокат, Баткенге барып таштагы жазуулар боюнча изилдеп жүргөндө кыйынчылыктар болбой койгон эмес. Тоо-таштарга асылып алып, целлофанга жазууларды, сүрөттөрдү түшүрүп келип, кайра аны кагазга түшүрчүмүн. Бир өмүр изилдеп келаткан Саймалуу-Таш жөнүндөгү эмгектерди, маалыматтарды чогултуп 100 томдук китеп даярдап, 3-томуна чейин чыгарып, калганын каражаттын жоктугунан дискке жаздырып, сейфке салып сактап отурам. Ушул 100 томдукту чыгарып алсам арманым жок эле.

Атак-даңктын кереги жок. Келечек ээлери үчүн жасаганмын

Таш бетиндеги сүрөттөрдү чечмелеп, аны изилдөө үчүн бүтүн өмүрүмдү арнадым. Эч ким мага кол кабыш кылган жок. Эмнеси болсо да келечек ээлери үчүн жасадым. Анткени ошол таш бетиндеги сүрөттөр аркылуу бүтүндөй кыргыз элинин жаралгандан берки басып өткөн жолу, тарыхы жатат. Жасаган эмгектерим менен мактангандан алысмын. Бирок, эмгекти баалаш керек да. Таш бетиндеги сүрөттөрдү изилдеп, анын ар биринин сырлары чечмеленип жазылган китеп бизден башка эч жерде жок экен. Россияны кыдырып таппай койдум. Демек, анын нускасын көбөйтүп элге жеткириш керек. Алай өрөөнүн изилдеп жүрүп, б.з.ч. 1000 жыл мурда таш бетине түшүрүлгөн дүйнө картасын таап алдым. Сүрөткө тартып келип, компьютерге түшүрүп, азыркы карта менен салыштырып эсептеп чыктык. Дээрлик экөө бирдей экен. Мындай баалуу табылганы борбордогу Улутттук Илимдер Академиясына жөнөтсөм эч кандай пикир билдиришпей, кайра кайтарып жиберишиптир. Эч качан наам, атак-даңк үчүн иштебейм. Эмгегимди келечек ээлери баалап, артымдан жылуу сөз айтып жүрүшсө болду.

Юдахиндин баласы

Бала кезинен Манас айтып, жогорку окуу жайына да Манас айтуу чеберчилиги менен өзгөчөлөнүп кирип, окууну тырышып окуган Лютфулла агай Кыргыз улуттук университетине кабыл алынган жылы мындай кол жазма менен жогорку окуу жайында окууга мүмкүн эмес дегендер да болгонун гезит беттеринен окуп калганыбыз бар. Cабак учурунда мугалимден көзүн албай, укканын дароо жазган, китептин артынан түшүп алып окуган, алдыңкы студент болгон. 3-курсунда К.К. Юдахинден курстук ишке тема алып, Юдахиндин үйүндө баласы катарыбир дасторкондо тамактанып, идиш-аягын жууп, тарбиясын алып, илимге сугарылып жашаган. Кез-кези менен Юдахинге Манас айтып берип таң калтырчу экен. Көзү өтөрдө китепканасынын жарымын Лутфилла агайга мураска калтырып кеткенин сыймыктануу менен айтат. Агай кандидаттык ишин К.К. Юдахиндин жетекчилиги менен жактап, улай эле илимде жасаган жаңылыктары, 18 жыл тоо-ташты кезип тапкан табылгалары бүгүнкү күндө жоон топ окумуштуулардын көңүл борборунда.

Үч кабаттуу боз үйдүн автору

Учурда Алымбек Датканын музейи болуп турган Сулайман тоонун боорундагы үч кабаттуу боз үйдүн архитектуралык курулушун иштеп чыгуу үчүн Лутфилла агай 3 жылдан ашуун убакыт короткон. Академиялык “Ак өргөө” “Манас” эпосунун үчилтигине арналып үч кабат болуп курулган. Бийиктиги 14 метр. Үйдүн ички жасалгасы бүткүл дүйнөгө белгилүү Саймалуу-Таш сүрөт жазмаларынан алынган элдин эзелки түшүнүгүн, ата-тегин, дүйнө таанымын, жашоо-турмушун чагылдырган символдор менен кооздолгон. Мисалы, биринчи кабаттагы он сегиз түркүк асман менен жерди тиреп турган “аалам даракты” күбөлөндүрсө, он сегиз таш бака жерди билдирет. Бул сыяктуу баалуу кооздолмолор толтура. Чеберлер тарабынан үч ордо килем согулуп, биринчи кабаттагы килемдин салмагы - 1,5 тонна, экинчи кабаттагы жерге салынчу килемдин салмагы 858 килогрмм, үчүнчү кабаттагы килемдин салмагы – 429 килограмм болуп, анын бетине Махмуд Кашкаринин түрк элдери жашаган аймактарды билдирген төгөрөк картасы түшүрүлүп, Манастын миң жылдыгына карата жергиликтүү бийликтин жардамы менен 1995-жылы 7 күндүн ичинде Ош шаарынын борбордук стадионуна курулуп бүткөн.

“Автордун аты аталбай келет”

“Ушундай феноменалдуу курулушту ишке ашырууга жетекчилик кылган, бүт дитин коюп иштеген Жусупакматовду өзгөчө универсалдуу инсан деп атоого болот. Азыркы “Ак өргөөнүн” ичинде тилекке каршы ал эмгектердин элеси да калбаганы кейишке салат. Дагы бир баса белгилечү нерсе – “Ак өргөө” Манас баатырдын үйү, кыргыз элинин тарыхы экени эстен чыгып, “Алымбек датканын музейи” аталып, жүзөгө ашырылган иш аракеттер унутта калып кетти. Өкүндүргөнү боз үйдүн бир четине болсо да Л. Жусупакматовдун, автордун аты жазылган эмес,”- деп кейийт Айтманбетов Асылбек агай.

“Бул эмгеги автордун көзүнүн тирүүсүндө адилет бааланууга тийиш”

“Лутфилла Жусупакматовдун “Жердин байыркы картасхемалары – Кыргызстан петроглифтеринин пиктографиясы” эмгеги Алайдагы Чоң-Бүлөлү, Терген-Таш, Ноокаттагы Чили-Сай, Баткендеги Сүрөттү петроглифтери боюнча изилденген. Кыргызстан аймагындагы али илимге белгисиз жаңы обьектилер үчүн андай жалпы мамлекеттик кам көрүлгөн эмес. Ош педагогикалык институтунун эсептелүү мүмкүнчүлүгүнүн чегинде, саналуу энтузиаст жетекчи жана илимпоздордун демилгесинин негизинде гана Алай, Ноокат, Баткен петроглифтери биринчи жолу заманбап ыкма менен материалга түшүрүлүп, чоң илимдин обьектисине айландырылды. Мындагы эң биринчи демилге да, эң башкы кажыбас аракет да Лутфилла Жусупакматовго таандык. Бул анын илимдеги биринчи эрдиги болчу. Жусупакматов Саймалы – Таш баштаган Кыргызстандын түштүк аймагынан табылган петроглифтердин бардыгынын тең илимий толук кандуу каталогун түзүп, чыпчыргасын коротпой чыпчаң 60 томдук китеп сериясын даярдады. Бул илимдеги өтө сейрек окуялардан. Мындай фундаменталдуу эмгекти бир киши эмес, бүтүндөй бир институт жамааты да даярдап бүтүшү күмөндүү. Азыр 60 томдуктун алгачкы 10 томдугу гана компьтердик басылышында жарык көрдү. Калганынын жарык көрүшү үчүн мамлекеттик кам керек. Бул – бир гана кыргызтаануу, түркология эле эмес, жалпы алтаистика илимине кошулган салым. Жогоруда саналган эрдиктер илимге башын түгөл сайган фанат-титандардын гана колунан келет жана анын мааниси эбегейсиз зор. Бул эмгеги автордун көзүнүн тирүүсүндө адилет бааланууга тийиш.”

Чоюн Өмүралиев “Кутбилим” гезити 2014-жылдын, 17-октябрдагы саны .

Студент кезде чоогу жашаган курсташ досу, Тажикстандын Жерге-Тал районунун жашоочусу Назым Гиясов:

“Өтө берилип окуйт эле”

Лютфулла тамашакөй, бир нерсени тез жасаган, өзүн тыкан алып жүргөн, маданий иштерге да активдүү катышкан, окууну өтө берилип окуган студент эле. Китепти сыртынан, үнүн бийик чыгарып окугандыктан китепканадагылар китепти колуна берип үйгө жөнөтүшчү. Комнатадагы балдар Лютфулланын окуганынан эле теманы түшүнүп алып, сабакта жооп берип калчубуз. Чоогу жашап кызга барган күндөр деле эсте жок. Анткени, Лютфулла окуу менен өтө көп алектенчү. Досумдун азыр дагы илимдин артынан эмгектенип жүргөнүнө курсанмын. Кыргызстанга барган сайын жолугуп баарлашып турам. Ылайым ден-соолукта болуп, тилеген максаттарына жете берсин!

Педагогика илимдеринин доктору, профессор, кесиптеши Бүшарипа Үкүева:

«2-курстан Юдахин менен жүргөнүн көрө баштадык»

Биз окуп жүргөн убакта жогорку окуу жайлары аз, окууга өтүш да кыйын эле.Биз менен окугандардын баары эле илимге аралашып кетишти.Анткени, К.К. Юдахин көбүнчө илимге багыттап окуткан болсо керек.Юдахиндин сөздүгүн көтөрүп жүрүп окуганбыз. Лютфулла агайдын колунан китеп түшчү эмес. Качан көрбөйүн колунда китеби болор эле. 2-курстан Лютфулла агайды К.К. Юдахин менен жүргөнүн көрө баштадык. Сабакка Юдахин менен чоогу келип кетчү, анткени чоогу жашашчу. Агай өтө мээнеткеч, тынбаган, качан болсо окуп, жазып отурган, боорукер, жардам берейин деп эле турган, өтө эмоцианалдуу, талапты катуу койгон, көктүгү жанда жок, көздөгөнүнө жеткен инсан. Аялы да жакшы киши болгон. Агайдын ушул даражага жетишине аялынын салымы чоң деп ойлойм. Илимде көп эмгек жасады. Агай баатыр наамына татыктуу. Кудай өмүрүн берсин.

Лютфулла агайдын студенттерге каты

«Бүгүн кеч болуп калды»

Мен - Лютфулла Жусупакмат уулу, 1946-жылы Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылында туулганмын. Атам Жусупакмат айыл активи болгон киши эле. Эртеден кечке элдин иши деп жүрө берээр эле. Биздин үй тоо жакта боло турган. Мектепке 10 километрге келип окучубуз. Мектеп алыс болгондуктан жакшы окуй албадым. Эптеп эле мугалимдер класстан-класска көчүрүп коючу. Ушунун азабын көп тарттым. Жада калса бүгүн да тартып жүрөм. Атам мага элдик эпосторду көп сатып берүүчү. Мен атама эптеп эжелеп окуп берээр элем. Бүгүн байкасам мени окуткан элдик адабият болду. Эгер элдик адабият болбогондо, анда, бүгүн менден профессор чыкмак эмес!!!Мен бардык ишимди элдик адабияттан алдым. Азыр да элдик адабиятты жакшы көрөм. Атүгүл, кээ бирлерин жатка билем. «Манас», «Курманбек», «Эр Төштүк», «Кожожаш» эпосторунан жатка айтам. Атүгүл окууга да, илгери Совет доорунда «Манас» айтып өткөнмүн. Мына бүгүн профессор болуп отурам. Ооруп калып сүйлөй албай жатам. Өмүр жолум өтө кызык. Кээде өзүм да каап, жазып койсом болот эле деп коём. Бүгүн кеч болуп калды. Азыр инсульт менен алышып жатам. Бул оору мени алып тынатго, айыгып кетүүгө болбой калды. Эрмегим күнүгө ишке келип бир нерсени жазуу болуп жатат. Эптеп өмүрдү өткөрүп жатам.

Студенттерим, айтаар кеңешим бар!

Балдарым, көп окугула. Ойлонуп окугула. Илим алуунун жолу көп. Ким талыкпай окуса, ал максатына жетет, болгондо да өтө зор бийикке чыгат. Илим- бул көк аска муз, анын жалтырак чокусунда дүйнөлүк Күн түнөйт. Ким күнгө жеткиси келсе, ал талыкпай китеп окуйт, илим изилдейт. Элге кызмат кылат.

Мен бул сөздөрдү жазып жатып: «Мен ким элем, жана ким болдум?» деген ой толгоолор башыма чууруп келип жатты. Булардын арасында окууга өтүү, айылда кой артынан жүрүү, трактор айдоо, чабандын иши – чатак иш деген айтымдар бар эле. Ошолордун бири менин академик К.К. Юдахинге шакирт түшүшүм, К.К. Юдахин жана Кыргыз улуттук илимдер академиясы, менин 8 жолу аспирантурага тапшырышым. Акыркы жолу К.К. Юдахиндин таасири менен СССР Илимдер академиясына аспирантурага өтүп калышым бар эле. Өзгөчө орунда окумуштуулар жана алардын ортосундагы кер-мурлар, кер-мурлардын мага да келип жетиши бар эле десем туура болчудай. Айта берсем сөз көп. Сибирди кыдыруу, андагы кызыктуу окуялар бар эле...Сөзүмдүн аягында “Жолду баскан арбытат”. Ким талыкпай басса, ал илимдин жалтырак чокусуна чыга алат. Мен бүгүн илимдин дал ушул чокусунда олтурам. Балдарым, байлыктын бири – ден соолук, ден соолугуңарды карагыла!.. Мени көрүп турасыңар. Тилим да жок, колу-бутум иштебейт, шал болуп олтурам. Силер ушундай оорудан этият болгула! Силерге ак жол каалайм! Бар болгула, бир болгула!-деп профессор Л. Жусупакматов сөзүн бүтүрөт. (кат өзгөртүүсүз берилди)

Бул катты 30-ноябрь күнү агайдын колунан алдым. Сен сураганыңдан жазып келдим, үнүңдү чыгарып оку деди. Окуп жатып ыйладым, агай да ыйлады... Мен өмүр бою бул учурду эстеген сайын ыйласам керек... Адам өмүрүндө ден соолуктун кадыры зор экенин ден соолугу жабыркагандар гана түшүнүшү мүмкүн. Ыза тартууну да, ыза тарткандар гана түшүнө алат деп ойлойм.Ылайым аксакалдуу аталарыбыз, карыялар, устаттарыбыз, генийлер ыйлабаса экен. Тагдыр эч кимди ыйлатпасын...

4 жылдан бери Кыргыз филологиясы факультетинде окуп, агай тууралуу билбегениме өтө өкүндүм. Агайдын өзүнө барып өзү тууралуу сураш мен үчүн кыйын болду. Асылбек Айтманбетов агайдан, гезит беттеринен чогулткан материалдарды, агайдын анча-мынча кыңгыранып сүйлөгөн сөздөрүнөн түшүнгөндөрүмдү, сезгендеримди жазганга аракет кылдым. Илимдин баба дыйканы, өзүн эмес өзгөлөрдү ойлоп жашаган улуу инсан үчүн гезиттин бир бети аздык кылат. Агайдын бейнесин, көп эмгектерин жаштык кылып, чабалдык кылып ачып бере албадым. Демек, агай тууралуу бүткөн жок. Башталды.

Лютфулла агай, сиздин дем алып жатканыңыз биз үчүн бакыт. Сиздин өмүр жолуңуз бизге тарбия. Кудайым сизге ден соолук, бакубат жашоо, дем-күч берсин. Сиздин күчтүү инсан экениңиз белгилүү. Сынбаңыз. 71 жашыңыз куттуу болсун! Биз сизди жакшы көрөбүз, Агай!

Маматали кызы Бүкалча