Новости Архив

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети
       Урматтуу замандаш!
      Эгерде сиз улутубуздун унгусу эне тилибиздин күнгөй-тескейине күйгөн, улуттук маданиятты, улуттук дөөлөттөрдү даңазалаган өлкөбүздүн патриот инсаны болууну кааласаңыз, келечекке оптимисттик маанайда карасаңыз, анда Сиз үчүн кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин эшиги ачык!
      Факультет азыркы учурдун талабын эске алуу менен кыргыз тили жана адабияты, журналистика адистиктерин даярдоодо.
      Студенттердин өз алдынча билимин өркүндөтүүсүнө, өз билимдерин тереңдетүүсүнө, сүйгөн багытындагы түрдүү маалыматтарды алуусуна ыңгайлуу шарттар факультетте бар.
      Алсак, факультеттин китепканасында 260000ге жакын, ал эми кыргыз тили, адабияты каанасында 7000 дей окуу-усулдук, көркөм философиялык, педагогикалык, психологиялык жана укуктук адабияттар бар. Окуу каанасы 45 орунга ылайыкталып, керектүү адабияттар менен бирге кесипке зарыл мезгилдүү басылмалар жазылган жана алардын тиркемелери сакталат. Ошондой эле студенттер башкы окуу корпусундагы жана областтык, шаардык китепканалардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө да ээ.
      Мындан сырткары журналистика бөлүмүндө заманбап медиаборбор жана “Башат” телестудиясы бар. Ал зарыл техникалык каражаттар менен (аудио-видео, проектор, компьютер, ж.б.) жабдылган.
      Биздин факультеттин адистиги ак-караны ажырата алган, эл-жеринин келечегине күйгөн мекенчил инсандарды калыптандырууга шайкеш келет. Анткени бизде кыргыздын тили, адабияты гана эмес, анын рухий дөөлөттөрү, жалпы эле Адамзаттын маданияты окутулат жана үйрөтүлөт.
       Бизге келип окусаңар, эч бир жанылышпайсынар. Окуу жайдын эшиги ар дайым силер үчүн ачык, урматтуу абитуриенттер!
      Дареги: Масалиев пр. 91а, Ош ш., 714000, Кыргыз Республикасы Телефон: + 0551919179 0(32 22)8-76-93 E-mail: filologia@mail.ru   
                      Сиздерди терең урматтоо менен,
                  Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы,
                  филология илимдеринин кандидаты, доцент Турганбаев Н. О.