Новости Архив

Студенческая газета "НУР"
Китеп окуунун төмөнкүдөй пайдалуу жактары бар. Китепкөйлүк көп оорунун алдын алганга жардам берет. Эң негизгиси, мээ ооруларынан коргойт. Мээнин активдүүлүгү өсүп, ооруларга туруштук бере алат. -Таң калычтуу, бирок факт Изилдөөлөргө таянсак, китепкөйлүк көп оорунун алдын алганга жардам берет. Эң негизгиси, мээ ооруларынан коргойт. Мээнин активдүүлүгү өсүп, ооруларга туруштук бере алат. Ошондой эле китепкөй адам башкаларга салыштырмалуу өзүнө ишенимдүү, шар болот -Стресстен арылтат. Азыркы заманда ким гана депрессияга түшпөйт? Китеп окуу стресстен арылтат. 2009-жылы Лондон шаарындагы Суссекса университетинин илимпоздору кыжалат болуп жаткан 6 адамга 6 мүнөт китеп окутуп, тажрыйба жасап көрүшкөн. Китеп адамды кыжалат ойлорунан кутултуп, эс алдырат. -Китеп окуу көрүүнү начарлатпайт. Китеп окуунун пайдалуу жактары көп, бирок айрымдар көздүн көрүүсүн начарлатат дешет. Офтальмологдордун айтуусунда, китепти көп окуу эмес, туура эмес жагдайда окуу көрүүнү начарлатат. Мисалы, жатып алып же күңүрт бөлмөдө шам чырак менен окуу жана башка. -Креативдүү ойлордун жаралышына түрткү берет. Идеяга бай адамдар көп ойлорду китептен алышат. Мисалы, атактуу «Apple» компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс бош убактысынын көбүн көркөм чыгарма окууга арначу экен. Балким, китепти көп окусаңыз, сиз дагы дүйнөгө жаңы ийгилик жаратарсыз... -Сөз байлыгын кеңейтет. Китепти көп окуган адам менен китеп окубаган адамдын сүйлөө речин салыштырсаңыз болот. Китеп окуу ораторлукка алып келбесе да, керек жерден оюңузду кенен, түшүнүктүү, терең чагылдырганга жардам берет. -Эс-тутумду жакшыртат. Китептеги миңдеген персонаждар жана анын кийимдери, кыймыл-аракетинин майдалап сүрөттөлүшү сиздин эс-тутумуңуздун мыкты болушуна шарт түзөт. Мындайча айтканда, эс-тутум китеп окуу менен машыгып турат да, эске тутуу жакшыра баштайт. Атактуу Шерлок Холмстун бир фанаты көп окугандыктан, баамчылдыкка үйрөнүп, көчөдөгү ар бир адам кандай өңдө кийим кийип жүргөнүнөн бери айтып берип таң калтырган.