Тарбия ишинде танапис жок

Бүгүн 20-декабрьда ОшМУнун искусство факультетинин ИЗО-1-16 тайпасынын студенттери Т. Садыков атындагы Ош облустук көркөм-сүрөт музейинде экинчи сүрөт көргөзмөсүн өткөрдү

"Ар тараптан келип, ар тараптуу таланттуу окутуучуларга жолукканыбыз биздин бактыбыз. Алар: скульптор -
Жумагулов Токтобай агай, сүрөтчү, доцент - Эшбаев Мамыралы агай, профессор - Тамара Кадырбаева эжекелер. Келечекте дагы ушул устаттарыбыздын сын-кеңештеринин негизинде чоң-чоң көргөзмөлөрдү ачууга даярбыз"-дешет студенттер.

ОшМУнун жаштар комитети жана ыктыярчылары тарабынан 30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү "Студенттерден балдарга-2017" атту кайрымдуулук акция болуп өттү, акцияда учурунда жумшак оюнчук, кийим кечек жана кеңсе буюмдары чогулган. Акциядан түшкөн жалпы белектерди Ош шаарындагы "Алтын уя" балдар үйүнө жеткирилип кыскача концерттик программалар менен балдардын аз да болсо көңүлүн көтөрдү. Жыйынтыгында балдар үйүнүн жетекчиси ОшМУнун ректоратына жана келген жаштарга ыраазычылыгын билдирди.

Бүгүн 14-ноябрь күнү Ош мамлекеттик университетинде Тарбия департаментинин астында "Брэйн-ринг" интеллектуалдык оюну старт алды. Оюнга жалпы 18 команда катышты.

ОшМУнун студенти Мамарасул кызы Алтынай V Азия оюндарында Кыргызстандын капчыгына бир алтын, бир күмүш медаль алып келди