История кафедры

Паспорт кафедры

Информация о кафедре ТОМИиОМ

«Математиканы жана информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүүдөгү менеджмент» кафедрасы математика жана информациялык технологиялар факультетиндеги профилдештирүүчү кафедралардын бири. Ал 1965-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында түзүлгөн. Анын алгачкы курамы 5 окутуучудан турган: Афанасенко Р.М., Мамыров Т.М., Назаров М.Н., Сманов Т.С., Сабирова Н.Н.

Кафедраны М.Н. Назаров (1965-1982-жж.), Р.М. Максутов (1982-1988-жж.) Т. Чынкараев (1989-1990), М. Алтыбаева (1991-2001-жж), У.Б. Тагаев (2002-2004-жж.) А.Дж. Аттокурова (2005-2021 ж.), А. О. Келдибекова (2021-ж. бери) жетектеп келишкен. Кафедранын азыркы курамында 11 окутуучу, 2 методист, 1 улук адис бар. Учурда 2 профессор, 3 доцент, 2 ага окутуучу, 3 окутуучу, 1 улук адис, 1 методист эмгектенет.

  1. А.О. Келдибекова – пед. илимд. доктору, профессор.
  2. М.А. Алтыбаева – пед. илимд. кандидаты, профессор.
  3. А.Дж. Аттокурова – пед. илимд. кандидаты, доцент.
  4. Ш.Д. Оморов – пед. илимд. кандидаты, доцент.
  5. Д.Ч. Култаева - пед. илимд. кандидаты, доцент.
  6. У.Б. Тагаев – ага окутуучу.
  7. З.М. Садыков – ага окутуучу.
  8. Э.Т. Авазова – окутуучу.
  9. К. А. Сооронбаева- окутуучу.
  10. К. Мамыргазы кызы - окутуучу-айкалыштыруучу.
  11. Б. Батырбек уулу – улук адис, ассистент-стажер
  12. А. Раимжанова - методист

Кафедранын бардык мүчөлөрүнүн дээрлик мектепте иштеп келишкендиги кафедранын спецификалык өзгөчөлүгүнө туура келет. Профессордук-окутуучулук курамдын сапаттык көрсөткүчү 50%.

Кафедранын нормативдүү-укуктук базасы жогорку кесиптик билим берүүнүн үч баскычтуу системасынын талаптарына толук жороп берет. Кафедрада окутуу төмөнкү предметтер боюнча жүргүзүлөт:

- математиканы окутуунун методикасы;

- окутуунун учурдагы технологиялары;

- математикалык билим берүүдөгү изилдөө методдору;

- элементардык математика;

- математикалык маселелерди иштөө практикуму;

- мектеп математикасынын илимий негиздери;

- математиканын тарыхы жана методологиясы;

- информатиканы окутуунун методикасы;

- ЖОЖ компоненти;

- тандоо курстары (конструктивдүү геометрия; математика боюнча классттан тышкаркы иштер жана олимпиадалык маселелер; математика мугалиминин компетенттик маанилүү сапаттары; математиканы окутууга компетенттүү мамиле, окутуу каражаттары; математика сабактарында окуучуларды тарбиялоо ж.б.).

Бул дисциплиналар боюнча ОМК жана силлабустар компетенттүүлүк негизде иштелип чыккан жана алардын мазмуну ЖКББнүн МББСна ылайык келет.

Кафедранын предметтери боюнча окутуучулар тарабынан студенттер үчүн төмөндөгүдөй окуу колдонмолор иштелип чыккан:

  • · Мектеп математикасынын илимий негиздери.
  • · Математика боюнча класстан тышкаркы иштер.

  • Геометрияны көрсөтмөлүү окутуунун кээ бир ыкмалары.
  • · Ыктымалдыктар теориясынын башталышы боюнча окуу методикалык колдонмо.
  • · Геометриялык түзүүлөрдүн теориясы жана практикасы.
    • · Ыктымалдыктар теориясынын элементтери.
    • · Математикалык пьесалар, ырлар жана очерктер.

  • · Орто мектептин планиметрия курсун окутууда предметтин ички жана предметтер аралык байланышын түзүү.
  • · Тригонометриялык теңдемелерди жана барабарсыздыктарды чыгаруунун жолдору.
  • · Белгисизи модуль белгисинин ичинде болгон теңдемелерди жана барабарсыздыктарды чыгаруунун жолдору.

    · Математика 5-11. Орто мектептин окуу китептерине кошумча материалдар.

    • · Математика боюнча олимпиадалык маселелер.
    • · Тарыхый математикалык маселелер.
    • · Орто мектепте математиканы окутуунун методикасы.
    • · Акылга азык математикалык маселелер жана суроолор.

  • · Орто мектептин математика курсу боюнча бүтүрүү экзамени үчүн тапшырмалардын чыгарылыштары.
  • · Педагогикалык терминдердин сөздүгү
  • · Алгебра жана анализдин башталышы боюнча тесттерди чыгаруу
  • · Математиканы окутуунун теориясы жана методикасы. 540201. Математика адистиги үчүн типтүү программа
  • · “Математиканы жана информатиканы окутуунун методикасы” кафедрасынын педагогикалык практика боюнча программасы. Адистиги: 540201. Математика
  • · Информатика боюнча класстан тышкаркы иштерди уюштуруунун айрым методдору
  • · Келдибекова А. О. В помощь учителю математики по профориентации: уч-мет. пособие. Ош, 2012. 197 с.

    · Келдибекова А. О. Подготовка учителя математики к профориентации со школьниками: монография. Ош, 2014. 250 с.

    · Келдибекова А. О. УМК дисциплин образовательного менеджмента: «Проектирование образовательных систем», «Управление образовательными системами», «Оценка обучения и преподавания»: для магистрантов очн. отд. с прим. дистанц. технологий, спец. 580200 менеджмент в образовании, часть I. Рабочие программы – 129 с., часть II. Силлабусы – 75 с.

    · Келдибекова А. О. УМК дисциплин «Методика преподавания математики», «Элементы конструктивной геометрии», Дневник адаптационной психолого-педагогической практики «Школьный день»: ч. I. Рабочие программы; ч. II. Syllabus; ч. III. Дневник «Школьный день

    · Келдибекова А. О. Формирование математической компетентности школьников посредством олимпиадных задач: монография. Ош, 2017. 250 с.

    · Келдибекова А. О. Опыт работы школы олимпийского резерва по математике: учебно-метод. Пособие. Ош, 2017. 103 с.

    · Келдибекова А. О. Методические приемы решения олимпиадных задач по математике: учебно-метод. Пособие. Ош, 2018. 114 с.

    · Келдибекова А. О. Программа школы олимпийского резерва по математике V-XI классов. Ош, 2017. 72 с.

    · Келдибекова А. О. УМК дисциплины “Внеклассная работа по математике и методика решения олимпиадных задач”: рабочая программа (54 с.) и силлабус (37 с.). Ош, 2016.

    · Тагаев У.Б. Информатика окутуунун методикасы боюнча лекциялар. Ош, 2019. 108 б.

    • · Култаева Д.Ч. ж.б. Математикалык мисалдар жана маселелер (чыгарылыштары менен). - “Воок-дизайн”. Ош, 2020. 274 бет.

    · М. Алтыбаева, А. Аттокурова, Э. Авазова, А. Келдибекова, Д. Култаева, З. Садыков ж. б. Математика боюнча компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалар. “Book-дизайн”. Ош: 2021. 126 бет.

    · М. Алтыбаева, Ш. Оморов, Ж. Мисиралиева Математика боюнча класстан тышкаркы иштерди уюштуруу жана өткөрүү: методикалык колдонмо. “Book-дизайн” компьютердик кызматы. Ош: 2021. 156 б.

    Жалпысынан кафедранын окутуучулары тарабынан студенттер, мектеп мугалимдери үчүн 55ден ашуун окуу-усулдук колдонмолор басмадан чыгарылды.

    Келдибекова А. О. 7 эмгектери менен Европа консорциуму 2018-2022 жылдары өткөрүлгөн алты эл аралык «Livre Paris», «Liber Barcelona», Сочи, Нью Йорк, Франфурт ж.б. шаарларда китеп көргөзмө-презентацияларга катышып, дипломдор жана медалдар менен сыйланган. Москва ш. «Золотой фонд отечественной науки» номинациясында конкурсунун лауреаты болгон.

    Кафедранын сааттарынын бөлүштүрүлүшү факультеттин окуу планына ылайык жүргүзүлөт. Студенттердин билимин жакшыртуу жана көзөмөлдөө максатында түрдүү ыкмалар, жаңы технологиялар пайдаланылат. «AVN» информациялык системасы киргизилип, окуу процесси толугу менен автоматташтырылган: учурдагы, аралыктагы, жыйынтыктоочу текшерүүлөр, сессиялар рейтингдик-модулдук системанын негизинде уюштурулуп, сынактар «AVN» системасында жана компьютердик тестирлөө программалары менен алынат. Окуу планына ылайык студенттер адаптациялык, базалык жана профилдик практидан өтүшөт. Алардын жоболору иштелип чыккан.

    Студенттердин өздөштүрүүсүн баалоо жана анализдөө экзамен, модуль алуу, тестирлөө аркылуу жүргүзүлөт. Экзамендер кафедранын бардык окутуучулардын катышуусу менен, курстук иштерди коргоо коммиссияларда жүргүзүлөт. III курстан кафедра боюнча адистештирилген тайпа окуп баштайт. Алар менен математика мугалиминин кесиптик сапаттарын калыптандыруу максатында ар түрдүү окуу-усулдук иш-чаралар өткөрүлөт.

    Кафедра боюнча жыл сайын 10-12 бүтүрүүчү дипломдук иш, 30-50 магистрант диссертациялык жумуш жазып, ийгиликтүү коргошот.

    2. Кафедранын илимий мекемелер, жогорку окуу жайлар менен байланышы «Математиканы, информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүүдөгү менеджмент» кафедрасы Ирландиянын Корк университети, Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети; Коркыт-Ата атындагы Кызыл-Ордо мамлекеттик университети; Семипалатинск мамлекеттик педагогикалык институту; Е.А.Букетов атындагы Караганда мамлекеттик университети; С. Айни атындагы Тажик мамлекеттик педагогикалык университети; Куляб мамлекеттик университети; Гафуров атындагы Ходжент мамлекеттик университети; Новосибирск мамлекеттик техникалык университети, Казак Улуттук аялдар педагогикалык университетинин физика, математика жана санариптик технологиялар институту, менен окуу-усулдук, илимий, студенттердин жана магистранттардын академиялык мобилдүүлүгү, Phd-докторанттарга стажировка уюштуруу боюнча байланыштары бар.

    2. Кафедранын магистрдик билим берүү программалары

    Кафедрада 2 магистрдик программа иштейт: 2014-жылдан тартып "Билим берүүдөгү менеджмент" (программанын жетекчиси профессор Алтыбаева М. А.); 2016-жылдан тартып 550200 "Физика-математикалык билим берүү (математика, информатика)" (программанын жетекчиси профессор Келдибекова А. О.) Эки билим берүү программасы тең аккредитациядан ийгиликтүү өттү: "Билим берүүдөгү Менеджмент" программасы 2018-жылы АА EDNET, "физика - математикалык билим берүү (математика, информатика)" программасы 2020-жылы НААР аккредитациядан өткөн. Эки программа тең 5 жылдык мөөнөткө лицензияланган.

    3. Аспирантура

    Кафедранын алдындагы 13.00.02. «Математиканы окутуунун методикасы» адистиги боюнча аспирантурада 6 аспирант, 6 докторант илимий-изилдөө иштерин ийгиликтүү жүргүзүп жатышат.

    4. Окуу-методикалык иштер

    Кафедра «Мыкты окуу-методикалык комплекс-2010» сынагында Ош МУнун Ардак грамотасына ээ болгон.

    Профессор А. О. Келдибекова ОшМУнун төмөнкү номинациялар боюнча сынактарынын жеңүүчүсү: «ОшМУнун мыкты усулчусу – 2006» (I даражадагы диплом); «ОшМУнун мыкты лектор – 2010» (II даражадагы диплом); «Мыкты окуу-методикалык комплекси – 2011» (I -даражадагы диплом); "Мыкты окуу программасы - 2017" (диплом); «ОшМУнун мыкты монографиясы-2014» (II даражадагы диплом); «ОшМУнун мыкты монографиясы-2017» (II даражадагы диплом); «ОшМУнун мыкты окуу куралы-2018» (II даражадагы диплом); "Мыкты чет элдик илимий макала - 2016", SCOPUS макала – 2019-2020-2021-жж. номинациялар боюнча премиялар.

    Доцент А.Аттокурова 2008-ж. ОшМУнун “Мыкты ОМК” 2-орунду ээлеген.

    М. А. Алтыбаева, А. О. Келдибекова, А. Дж. Аттокурова 2011-жылы “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары үчүн компетенттүүлүк мамиленин негизинде түзүлгөн билим берүү программаларынын эң мыкты инновациялык окуу-методикалык комплекси” сынагында диплом менен сыйланышкан.

    Кафедранын профессору М. А. Алтыбаева «ОшМУнун мыкты окуу колдонмосу - 2022», ага окутуучусу З. М. Садыков «ОшМУнун мыкты лектор - 2018» (II даражадагы диплом) номинацияларынын жеңүүчүлөрү.

    Кафедрада КРнын “Билим берүүсүнүн мыктысы” наамын алган 5 окутуучу: Алтыбаева М.А., Келдибекова А.О., Аттокурова А.Дж., Оморов Ш.Д., Култаева Д.Ч. жана “Илимдин мыктысы” болгон Аттокурова А.Дж. эмгектенишет.

    5. Илимий изилдөө иштери

    Кафедра «Билим берүүнүн кредиттик технологиясынын шарттарында келечектеги адистердин кесиптик компетенцияларын калыптандыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө» деген илимий теманын үстүндө иштеп жатат. Илимий жетекчиси: проф. М.Алтыбаева. Бул изилдөө теманын тандалып алынышы бүгүнкү реалдуу чындык менен шартталган.

    Кафедранын илимий-изилдөө иштеринин негизги багыттары:

    1. И. Бекбоевдин илимий-методикалык эмгектери, анын математикалык билим берүүдө колдонулушу;

    2. Компетенттүүлүккө багытталган билим берүү шарттарында жалпы билим берүүдөгү профилдик жана жогорку мектепттер үчүн математика жана информатика боюнча окуу методикалык кодонмолорду иштеп чыгуу.

    3. Негизги мектепте компетенттүүлүкө багытталган математикалык тапшырмаларды колдонуунун илимий методикалык негиздери

    4. Математика предметин табигый илимдер предмети менен интеграциялап окутуу

    5. Математика профилиндеги бакалаврлар үчүн окуу методикалык комплекстерди тузүүнун илимий-методикалык негиздери

    6. Жождо болочок мугалимдерди даярдоо системасындагы студенттердин изилдөө компетенттүүлүгүн өнүктүрүүнүн методикалык негиздери (математика дисциплинасынын базасында)

    7. Орто мектепте геометрияны турмушка байланыштырып окутуу аркылуу окуучулардын түйүндүү компетенттүүлүктөрүн калыптандыруунун илимий негиздери.

    Кафедранын мүчөлөрүнүн РИНЦ, SCOPUS МБ макалаларынын саны, Хиршанын индекстери төмөнкүдөй:

    1. Келдибекова А. О. РИНЦ - 106; SCOPUS - 4; hi GA = 8; hi РИНЦ = 7; hi SCOPUS = 1

    2. Култаева Д. Ч. РИНЦ – 30; hi GA = 1; hi РИНЦ = 1

    3. Алтыбаева М. А. РИНЦ – 12; hi GA = 2; hi РИНЦ = 2

    4. Аттокурова А. Дж. РИНЦ – 13; hi GA = 3; hi РИНЦ = 3

    5. Садыков З. М. РИНЦ – 6; hi GA = 2; hi РИНЦ = 2

    6. Сооронбаева К. А. РИНЦ – 5;

    7. Оморов Ш. Д. РИНЦ – 4;

    8. Авазова Э. Т. РИНЦ – 4;

    9. Мамыргазы кызы К. РИНЦ – 2;

    10. Тагаев У. Б. РИНЦ – 1.

    Профессор А. О. Келдибекова М.Ломоносов атындагы ММУнун "педагогика, психология, коом – 2018" эл аралык илимий конференциясынын макалаларынын жыйнагын рецензиялады.; эл аралык илимий-изилдөө журналынын рецензенти болуп саналат (2019-2022-жж.), Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы журналынын жооптуу редактору: Педагогика. Психология; илим жана билим берүүнүн ЖМКсынын он-лайн медиа редакциялык кеңешинин мүчөсү (2022-ж.)

    6. Кафедранын долбоорлор го катышуусу жана илимий-методикалык семинары

    Кафедранын алдындагы туруктуу иштеген “Математиканы, информатиканы жалпы билим берүүчү орто мектептерде окутуунун учурдагы актуалдуу проблемалары” аттуу ЖОЖдор аралык илимий-методикалык семинары 2016-жылдан бери ай сайын уюштурулуп жатат. ОшМУнун Билим берүү сапаты департаментинин директору, профессор М. Алтыбаева жетектөөсүндө 2019-2021-жылдары “ЖОЖ менен мектептин кызматташтыгын өркүндөтүү менен компетенттүү мугалимди даярдоо” аттуу республикалык деңгээлдеги илимий долбоорунун алкагында ЖОЖдун окутуучуларына тренинг-семинарлар өтүлөт.

    Семинардын ишине кафедранын окутуучулары, факультеттин башка кафедраларынын окутуучулары, регионалдык ЖОЖдордун окутуучулары активдүү катышып, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча баяндамалар талкууланат.

    Алынган жыйынтыктар:

    - илимий багыттарында иш аткаруунун мазмунуна ЖОЖ компоненттеринин, педагогикалык практиканын, элективдүү курстардын программасын иштеп чыгуу, алардын окуу-методикалык комплекстерин түзүү,

    - орто мектептин мугалимдерине жана пед. окуу жайлардын окутуучуларына жалпы жана предметтик стандарттарды колдонуу боюнча тренинг-семинарларды уюштуруу,

    - компетенттүүлүктөрдү калыптандыруучу окутуу технологиялары, ошондой эле интерактивдүү досканы ж.б. мультимедиа каражаттарын, информациялык технологияларды колдонуу боюнча тренинг-семинарларды уюштуруу,

    - мугалимдер үчүн окуу-методикалык материалдарды (сабактардын иштелмелерин, компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалардын, олимпиадалык маселелердин жыйнагын, окутуу технологиялары жана класстан тышкаркы иштер боюнча окуу-колдонмолор) түзүү ж.б. жумуштар кийирилген.

    - Ошондой эле аспиранттардын илимий-изилдөөсүнө карата эксперимент иштери, темага ылайык макалаларды чет элдик журналдарда жарыялоо иштери да пландаштырылган.

    - ФМББ багытынын “Математика” профили үчүн окуу-методикалык камсыздалыштын сапаты жакшырат. (ЖОЖ компонент) жана тандоо курстары үчүн окуу-методикалык колдонмолор түзүлөт.

    Кафедранын илимий саамалыктары:

    · КББА менен кызматташуу жана ар жылы өткөрүлүүчү республикалык педагогикалык окууларга катышуу;

    · Математиканы жана информатиканы окутуунун методикасы боюнча региондук Назаровдук окууларды жыл сайын өткөрүү жана макалалар жыйнагын басмадан чыгаруу.

    Азыркы учурда квалификацияны өркүндөтүү боюнча бирдиктүү система болгондуктан, бул ишти проф. М.Алтыбаева жетектеген кафедранын алдындагы «Агартуу Академиясы» лабораториясы жана «Окутуунун актуалдуу проблемалары» аттуу илимий-методикалык семинар жүзөгө ашырып жатат. Ош МУда 2010-2013-жылдары ишке ашырылган USAIDдин “Сапаттуу билим”, TEMPUSтун CANQA жана EDUCA долбоорлорунун натыйжасы катары “Агартуу Академиясы” коомдук фондунун колдоосу жана Ош МУнун өнөктөштүгү менен кафедранын алдында “Агартуу Академиясы” лабораториясы түзүлгөн. Анын алкагында ЖОЖдордун профессордук-окутуучулук курамынын, административдик персоналынын, орто кесиптик окуу жайлардын жана жалпы билим берүүчү орто мектептин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу иштери жүргүзүлөт. Ош МУнун Башкы корпусунун 232-каанасы “Агартуу Академиясы” лабораториясынын базалык окуу каанасы катары тандалып алынган. Лаборатория төмөнкүдөй курстарды сунуштайт:

    - ЖОЖдогу инсанга багытталган окутуу

    - Жалпы билим берүүчү жана орто кесиптик мектепте инсанга багыттап окутуу

    - Заманбап окутуу технологиялары жана методдору

    - Окутууда компетенттүүлүк мамилеге негизделген дисциплинанын окуу- методикалык комплексин иштеп чыгуу.

    - ЖОЖдун ишмердигинин натыйжалуулугун өлчөө инструменттеринин системасында өздүк баалоонун уюштурулушу. Жождо окуу процессин автоматташтыруу жана E- Learning. Окуу процессинде электрондук досканы пайдалануу.

    Кафедра «Профессор М.Назаровдук окуулар» жыйнактарын ОшМУ жарчысы басылмасынан чыгарууну да колго алган.

    7. Санариптештирүү боюнча эл аралык проектине катышуу

    2022-ж. 16-мартында ОшМУнун МИТ факультетинин базасында “Санарип көндүмдөр борбору” ачылган. “DigiKonush – санариптештирүү аркылуу Кыргызстандын айыл жамааттарында ачык келечекти куруу” ЕС долбоорунун алкагында ар кандай багыттар боюнча санариптик көндүмдөрдү үйрөтүүчү жайга айланган. Анда айыл тургундары санариптик көндүмдөрдүн курстарын нөлдөн баштап түзүүнү, «Түндүк», «Жарандык бюджет» мамлекеттик порталдарын, «Милдет» Telegram-ботторун жана башка тиркемелерди колдонууну үйрөнүшөт. Доолбордун жумушчу тобунун координатору М. Алтыбаева, Санариптик көндүмдөр борборунун ишмердүүлүгүнүн координатору А. Келдибекова.

    8. Тарбиялык иштер

    Кафедра студенттер менен таалим-тарбия иштерин да алып барат. Алар негизинен предметттерди окутуу процессинде, кураторлордун иштеринде жүргүзүлөт. Кафедра студентер арасында методикалык конкурстар, оюн-зооктор, кечелер, жарыштар, жатаканада диспуттар, аңгемелешүүлөр уюштурууну колго алган.

    9. Мектеп менен байланыш

    Кафедранын мектеп менен байланышы төмөнкү багыттарда жүргүзүлөт:

    - практика учурундагы пландуу жүргүзүлүүчү иштер (окуучулар менен жолугушуулар, популярдык лекциялар окуу, математика мугалимдерине усулдук жардам, математика кабинетин жабдууга жардам ж.у.с.);

    - келишим түзгөн мектептердин суроо талабы боюнча иштер (өндүрүштүк пландар, технологиялык карталар, экзамендик материалдар, тест-тапшырмалар, инновациялык методдор ж.у.с.);

    - математика жана информатика боюнча шаардык, областтык олимпиадаларды уюштуруп өткөрүү;

    - «Билим булагы», «Кут билим» газеталарына методикалык макалаларды жарыялоо;

    - Ош ББИнун курстарына лекция окуу;

    - мектептерде сабактарды, тандоо курстарын, ийримдерди өтүү;

    - Назаровдук окууларды өткөрүү.

    Окуучуларды математикалык олимпиадага даярдоодо консультациялык жардам. "Алай Жаннат" окуу-билим берүү комплексинин окуучуларын А. О. Келдибекованын автордук программасы боюнча олимпиадалык тапшырмаларды чечүүгө кафедранын улук окутуучусу З. М. Садыков окутту (10-15-Октябрь, 2022-ж.).

    10. Кафедранын материалдык –техникалык базасы

    Кафедрага тиешелүү 4 кабинет бар. Аларда орто мектептин математика жана информатика курсуна тиешелүү окуу каражаттары, 4 компьютер, 1 видеопроектор, 1 принтер, 1 принтер-ксерокс-сканер, CD дисктер топтолгон. Бардык компьютерлер локалдык тармакка биригип, университеттин Интернет борбору аркылуу дүйнөлүк Интернет тармагына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. 232-Агартуу академиясы лабораториясында erinboard интерактивдүү доска, бир компьютер интернет кабель туташтурулган.

    233-МИОТ жана ББМ кафедрасында эки компьютер орнотулган.

    236-каанада сенсордук экран, 9 ноутбук Wi-Fi иштетилет жана интернет кабелдер туташтырылган.

    237-сенсордук экран орнотулган жана интернет кабель туташтырылган.

    Ар бир аудиторияда инвентардык тактайча илинген.

    Кафедранын күчү менен математиканын жана информатиканын түрдүү бөлүмдөрүнө тиешелүү болгон 1500гө жакын аталыштагы адабияттар, предметтик журналдар, газеталар чогултулган.

    Окуу-маалымат бөлүмү тарабынан студенттердин ар кандай топтору үчүн «KelBil» (2019-2021), «ОшМУнун окутуучусу», «ОшМУнун студенти» (2022) мобилдик тиркемелеринин автоматташтырылган системасы түзүлгөн. Бул тиркеме окуу процесси жана университеттин коомдук иштери тууралуу маалыматты заматта алууга, электрондук сабактардын расписаниелерин жана студенттердин жеке карталарынан маалыматтарды көрүүгө мүмкүндүк берет ж.б.

    ОшМУнун электрондук китепканасы иштейт. ОшМУнун окутуучулары жана студенттерине доступ логин пароль берилет.

    https://lib.oshsu.kg/

    https://edu.gov.kg/organizations/5/pages/21/

    https://ibooks.oshsu.kg/

    AVN ОшМУнун окутуучулары жана студенттерине кабарлар бөлүмү тарабынан буйрук чыгарылат жана avn информациялык системасына логин пароль берилет.

    11. Популяризация деятельности кафедры на страницах соцсетей

    Технологии обучения математике, информатике и образовательного

    менеджмента https://base.oshsu.kg/univer/?lg=2&id_parent=209

    Математика, информатиканы окутуунун технологиялары жана билим берүүдөгү

    менеджмент http://fmit.oshsu.kg/pages/page/209

    Кафедра ТОМИиОМ факультета МИТ ОшГУ

    https://www.facebook.com/groups/218146680104636

    Педагогические практики факультета МИТ ОшГУ

    https://www.facebook.com/groups/511170866521724

    Научно-исследовательская деятельность кафедры ТОМИиОМ факультета МИТ ОшГУ

    https://www.facebook.com/groups/676646043099160

    tomiiom_fmit_oshsu https://www.instagram.com/tomiiom_fmit_oshsu/

    Видеоуроки. Технологии обучения_kg

    https://www.youtube.com/channel/UCJyE0LzElaqC8yWZKJtOGoQ

    e-mail кафедры tomiiom.mit@gmail.com