16:12 24-01    В стране фразеологических чудес       16:11 24-01    В стране фразеологических чудес       16:10 24-01    В стране фразеологических чудес       16:08 24-01    В стране фразеологических чудес       16:07 24-01    В стране фразеологических чудес       16:05 24-01    В стране фразеолгических чудес       16:04 24-01   В стране фразеологических чудес       15:59 24-01    Зимний лагерь 2017       15:45 24-01    Журналистика кафедрасында мектеп окуучулары үчүн кышкы лагер болуп өттү        15:40 24-01    Умники и умницы     


Вы здесь: Университет / Руководство / Ректор

Ректор

Помощник ректора

Исаков Каныбек Абдуваситович

Туулган жылы:

1969-жыл, 4- июнь

Туулган жери:

Ош областы, Ноокат району, Кызыл-Тейит айылы

Улуту:

Кыргыз

Билими:

Жогорку

Илимий даражасы жана наамы:

Филология илимдеринин доктору, профессор

Билген тилдери:

Кыргыз, орус, түрк тилдери, ангис жана кытай тилдерин өздөштүрүп жатат

Компьютердик билими:

Microsoft Ofisse, internet

Үй-бүлөлүк абалы:

Үй-бүлөлүү, үч кыз, бир уулдун атасы













Илимий жана эмгек жолу:

  • 1976-1986-жылдары Кызыл-Тейит (мурдагы “ВЛКСМ”) орто мектебинде билим алган
  • 1986-ж. «Бел-Өрүк» колхозунда жумушчу болуп иштей баштаган.
  • 1987-ж. Ош мамлекеттик университетин кыргыз тили жана адабияты адистигине тапшырган.
  • 1988-1990-ж.ж. Советтик Армияда кызмат өтөгөн.
  • 1990-1993-ж.ж. Ош мамлекеттик университетинде окуусун улантып, артыкчылык диплому менен аяктаган.
  • 1993-ж. ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинин тил таануу кафедрасында окутуучу, улук окутуучу (1999-ж.), доцент (2002-ж.) кызматтарында иштеген.
  • 1995-ж. “Нур” гезитинин башкы редактору болуп дайындалган.
  • 1997-ж. ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде декандын орун басары болуп дайындалган.
  • 1998-ж. ОшМУнун тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы кызматына дайындалган.
  • 2000-ж. ОшМУнун коомдук жана тарбия иштери боюнча проректорлук кызматында иштей баштаган.
  • 2005-ж. ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору болуп дайындалган.
  • Окумуштуу катарында 5 монография, 100дөн ашык илимий макалалардын жана окуу методикалык колдонмолордун автору, 100дөн ашык коомдук-саясий макалалардын автору.
  • 2001-ж. кандидаттык диссертациясын коргогон.
  • 2011-ж. докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
  • 2006-2011-жж. Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору болуп шайланган.
  • 2011-ж. Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына дайындалган.
  • 2016-жылдын 8-июлунда Ош мамлекеттик университетинин жалпы профессордук-окутуучулук курамдын эң көп добушуна ээ болуу менен экинчи мөөнөткө ректор болуп шайланды.
  • Эл аралык Айтматов академиясынын академиги
  • “Сока интернешн” университетинин ардактуу профессору (Япония, 2010-ж.)
  • Синьцзянь мамлекеттик–педагогикалык университетинин ардактуу профессору (Кытай, 2013-ж.)
  • Россия Федерациясынын Табият таануу академиясынын мүчө-корреспонденти (2016-ж.)
  • Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ардактуу профессору (2016-ж.)

Коомдук ишмердүүлүгү:

  1. 2003; 2007; 2011-жж. Ош шаардык Кеңешинин 3 жолку чакырылышынынnдепутаты.
  2. 2. “Эл агартуу” журналынын редкеңешинин мүчөсү.
  3. “Жетиген” журналынын редкеңешинин мүчөсү.
  4. “Ош шамы” гезитинин редкеңешинин мүчөсү.
  5. “Жетиген” журналынын (2014-ж.), “Кыргыз Туусу” жана “Эркин Тоо”газеталарынын 2013-2014-2015-2016-жылдарда “Жылдын мыкты ректору” номинацияларынын ээси.
  6. 2016-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын мүчөсү
  7. Республикалык деңгээлде көптөгөн коомдук жана боорукердик, кайрымдуулук иштерди жасап жүрөт.

Сыйлыктары:


1.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси

Бишкек ш. 2006-ж.

2.

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси

Бишкек ш. 2005 –ж.

3.

“КМШ өлкөлөрүнүн билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси

Москва ш. 2016-ж.

4.

Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы

Бишкек ш. 2014-ж.


2011-жылдын июнь айынан баштап Ош мамлекеттик университетинде ректорлук кызматты аркалоо менен жамаатта жылуу маанайды жаратты, окутуу процессине заманбап технологияларды кийирди, республикада эң алгачкылардан болуп окутуу процессин башкарууну автоматташтырууга, профессордук-окутуучулук курамдын жана көмөкчү персоналдардын айлык акысын 2,5 эсе жогорулатууга жетишти.

2011-2015-жылдар аралыгында ОшМУда бакалавр, магистр, PhD доктор даярдоочу университеттин жаңы моделин түздү.

Каныбек Абдуваситовичтин жетекчилигинде ОшМУда 10дон ашык окуу-өндүрүштүк, инвестициялык долбоорлор ишке ашты

  • “Зирек” балдар бакчасы окуу-усулдук долбоор - 2012,
  • “Билим” лицейи окуу-усулдук долбоор - 2012,
  • “Ыйман” лицейи инвестициялык долбоор (2012),
  • “Адис” окуу борбору окуу-өндүрүштүк долбоор (2012),
  • Конфуций институту инвестициялык долбоор (2013),
  • Медициналык клиника окуу-өндүрүштүк долбоор (2014),
  • Стоматологиялык клиника окуу-өндүрүштүк долбоор (2014),
  • Магистратура перспективалык долбоор (2014),
  • Эл аралык медицина факультети инвестициялык долбоор (2015),
  • Мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институту окуу-усулдук долбоор (2015).
  • 9 жаңы окуу имараты курулуп, өндүрүшкө берилди.
  • Медицина факультетинин китепканасы (2012),
  • Медициналык клиника (2014),
  • Стоматологиялык клиника (2014),
  • Финансы-юридикалык колледжи (3-кабаты) (2015),
  • Өзгөн медициналык колледжи (2015),
  • Эл аралык медициналык факультети (2016),
  • Медицина факультетинин окуу лабораториялык корпусу (2016)
  • Конфуций институтунун окуу имаратынын жана студенттик жатаканасы.

“2011-2015-жылдар аралыгында ОшМУнун өнүгүү концепциясы” (2011), “Интеграция, Инновация, Инвестиция, Интеллект” программасы (2013), “ОшМУну модернизациялоо жана трансформациялоо” (2014) программалары иштелип чыгып, толугу менен иш жүзүндө турмушка ашты.

ОшМУда электрондук университет, электрондук факультет, электрондук кафедра толук түзүлүп иштеп жатат.

Абитуриенттерди кабыл алууда Республикабызда биринчи болуп оперативдүүлүктү жана ачык-айкындуулукту камсыз кылып, абитуриенттерди кабыл алуу процесси он-лайн режиминде уюштурулуп, интернетке жайгаштырылды.

Эл аралык байланыштар быгытында акыркы беш жылда ОшМУ дүйнөлүк университеттер менен өз ара кызматташуу, академиялык мобилдүүлүк, стажировкалар, билим берүү жана илимий багытта биргелешип иштөө боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. Ушул жылдын май айында өлкөбүздөгү ЖОЖдордун ички мобилдүүлүгүн чыңдоочу “Ош декларациясына” кол коюлду.

Азыркы учурда 26 мамлекет, 105 университет жана 44 түрдүү өнөктөштөр менен бекем кызматташып жатышат. ОшМУнун профессорлору жана окутуучуларынын ичинен 800дөн ашуун кызматкерлер, 950дөн ашуун ОшМУнун студенттери жана магистранттары акыркы үч жылда алыскы чет өлкөлөрдөн Алмашуу программасынын негизинде академиялык мобилдүүлүк боюнча өтүп келишкен. Ошол эле мезгилде чет өлкөлөрдөн келишип, Ош мамлекеттик университетинен 1904 студент күндүзгү бөлүмдө билим алышууда. ОшМУ бүгүн билим экспортун өнүктүрүп жаткан Кыргызстандагы алдыңкы университет болуп таанылды.

К.Исаковдун дилгир жетекчилиги менен бүгүн Ош мамлекеттик университетинин республикалык, эл аралык коомчулукта аброю артып баратат. ОшМУ жаңыланып, трансформацияланып, модернизацияланды. Окуу жайдын облиги, ички мазмуну өзгөрдү.

Дареги: 723500. Ош ш. Ленина көч. 331.

Тел: 0 (3222) 2-22-73

E/mail: kanybek.isakov@gmail.com

               



Факультеты



© 2014 ОШСКИЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ УНИВЕРСИТЕТ © Программное обеспечение ОшГУ "Медиа Центр"
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-40-66, oshsu.oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu.oms@gmail.com