Внеучебная жизнь

2016-2017 окуу жылындагы аткарылган иш чаралар


      2016-2017-оуу жылынын сентябрь айында тарбия иштеринин планы иштелип чыгып факультеттин Окумуштуулар кеңешинде бекитилди. Ар бир тайпаларга кураторлор дайындалды, жана тайпаларга старосталар шайланды. Жуманын ар ишемби күнү тайпаларда куратордук сабактар өтүлөт. Ар бир куратордук сааттарда кураторлор тайпа менен биргеликте темалар боюнча сааттарды өтүшөт.


      Факультетте жаштар комитети түзүлгөн. Бул комитетте жаштар комитетинин төрагасы болуп 3АКБ-1-14 тайпасынын студенти Султаналиева Насыйкат дайындалып студенттер менен тыгыз байланышта иш алып барууда. Ушул менен биргеликте комитетте ар турду секциялар иш алып барат. Ар бир секцияларга секторлор дайындалган.


      Октябрь айында ОшМУнун стилдүү студенти 2016 сынагында факультеттин намысын коргоп 2 курстун студенти Бакытбек кызы Асел 1 орун “ОшМУнун стилдүү селкиси-2016” жана 3 курстун студенти Талантбек уулу Адилет 2 орун “ОшМУнун күз мырзасы-2016” катышып факультетке байгелүү орундарды алып келишти.


      2016-жылдын, 3-8 сентябрда. Ысык-Көл областында өткөрүлгөн "ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНУ"на ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенти 4АКК(б)-2-13 тайпасынын студенти Эргашова Айчүрөк өткөрүлгөн спортун “Таяк тартыш” түрү боюнча 2 орунду ээлеп, күмүш медалы менен сыйланды.


      11-октябрь күнү ОшМУда “Жүрөгүмдө Кыргызстан” аттуу потриоттук сезимди ойготуучу иш-чарага Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студент жаштары аталган иш-чарага өзгөчө ураан менен “Мекеним Кыргызстан” деген чакырык менен жигиттер ак калпак кийип колдоруна Кыргызстандын желегин желбиретип жөө жүрүшкө чыгышты.