Новости Архив

Мероприятия
    29- март күнү Ош мамлекеттик университетинин
75 жылдык мааракесинин алкагында "Бизнес жана менеджмент" факультетинин
"Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит" адистигинин 15 жылдыгына
жана 3-апрель Бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик күнүнө арналган
"Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит" адистигинин
бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу болуп өттү.


Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын уюштуруу жыйыны тарых факультетинде болуп өттү.       Салтанатты тарых факультетинин деканы С. Смадияров ачып,
бүтүрүүчүлөрдү бүгүнкү жолугушуусу менен куттуктады
жана ОшМУнун биринчи проректору профессор А.О.Абдувалиев,
ОИД дин башчысы доц.К.Г.Кожобеков,
тарых факультетинин профессору Т.Кадыров,
ОшМУнун карьера борборунун жетекчиси Г.Жакыповалар сөз сүйлөдү.
Жыйынга ОшМУнун тарых факультетин аяктаган жалпы бүтүрүүчүлөр Ош,
Жалал-Абад, Баткен областтарынан, Ош жана Бишкек шаарынан келишти.
Алардын катарында билим берүү системасында, мамлекеттик кызматтарда,
күч структурасында иштеген бүтүрүүчүлөр бар.
      Сыймыктуу бүтүрүүчүлөрдөн ОГПИнин ректору Б.Зулуев,
Ош шаардык кеңешинин депутаты С.Жунусбаев,
ОшМСУнун тарых –филология факультетинин деканы профессор А.Т. Балтабаева
ж.б. сөз сүйлөдү.
      Жыйында ОшМУнун тарых факультетинин бүтүрүүчүлөр ассоцияциясынын
курамы бекитилди. Анын төрайымы болуп тарых факультетинин улук окутуучусу В.Алтымышева,
Баткен областынын координатору БАТМУ доц. А.Бердиев,
Жалалабад областынын координатору ЖАМУнун доц. Токтогулова Г.,
Ош областынын координатору Алай районунун Мурдаш мектебинин директору М.Абдыкайыров,
Ош шаардык координатору , Ош шаардык кеңешинин депутаты С.Жунусбаев шайланды.
      Ошондой эле жыйындын сонунда концерттик программа менен жыйынтыкталды.



















ОшМУнун Искусство факультетинин концерттик залында 2016.04.19.
күнү саат 14:00дө Искусство факультетинин концерттик залында бүтүрүүчүлөр
менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга сапат департаментинин директору п.и.к., профессор М. Алтыбаева
жана Искусство факультетинин бүтүрүүчүлөрү: А. Кулбаева, Н.Сарыкова, Т.Назаров,
Ж.Райымжан кызы жана башкалар катышышты. Кеченин биринчи бөлүгүндө
бүтүрүүчүлөр менен студенттер жана окутуучулар өз ара пикир алмашып кызыктуу
суроо жооп маеги болду. Ал эми экинчи бөлүгүндө бүтүрүүчүлөргө арналган студенттердин чакан концерттик програмасы коюлду
   




2016-жылдын 29-апрелинде чет тилдер факультетинин бүтүрүүчүлөрү менен студенттердин
жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу кечесине биздин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрдөн:
Ош мамалекеттик социалдык университетинин окуу иштери боюнча ректордун орун басары
философия илимдеринин доктору профессор Кулназаров А.К.,
Эл аралык Республикалык институттун прогаммалык ассистенти Мусаева Т.Т.,
“My safe and peaceful school” UN Women проектинин улуттук консультанты Хамидова Д.,
KICB нин башкаруучусунун орун басары Абдраимов Р катышышты.