17:57 21-01    Кышкы лагерь       14:53 21-01    Грант Посольства США в Кыргызской Республике.       14:48 21-01    Конкурс исследовательских грантов       14:47 21-01   Кышкы лагерь       14:00 21-01   Энергетика кафедрасы өндүрүш жетекчилери менен тегерек стол өткөрдү       13:06 21-01    sfdfdsfd sdfdsfsdf sdf       10:16 21-01   ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору доцент К.Г. Кожобеков ФТФда семинар өттү       10:08 21-01   Семинар-тренинг өттү       10:00 21-01   ФТФда көз карандысыз аккредитацияга даярдык боюнча семинар болду       15:38 20-01   На базе МНОЦ «Университетская клиника» ОшГУ, прошли лекции ведущих ученых из Италии и Швейцарии - Марии Дель Гранде и Оливии Пагани.     


Вы здесь: Университет / Факультеты / Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети / Факультеттин тарыхы

Факультеттин тарыхы

      ФАКУЛЬТЕТТИН КЫСКАЧА ТАРЫХЫ
      Кыргыз тили жана адабияты адистигине даярдоо 1951-жылы башталган. 1992-жылы 2-июлдагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин буйругу менен өз алдынча Кыргыз филологиясы факультети болуп түзүлүп, адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. 2010-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин (31.08.10.) чечимине ылайык факультет Кыргыз филологиясы жана журналистика деп аталып, кайра түзүлгөн. Курамына журналистика бөлүмү менен “Өзбек филологиясы” кафедрасы кийирилген. 2010-жылдын 14-сентябрынан бери факультетти п.и.д., профессор Сатканбай Момуналиев жетектөөдө.
      Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин негизги миссиясы кыргыз жана өзбек филологиясы боюнча адистерди, ошондой эле болочок журналисттерди даярдоо болуп саналат. Бул факультеттин түштүк аймакта ээлеген орду − өзгөчө. Анткени факультет болочок филолог жана журналисттерди даярдоо менен гана чектелбестен, бул аймакта мамлекеттик саясат менен улуттук маданияттын бекем орун-очок алышына да олуттуу салым кошууда. Факультетти түптөп, алгачкылардан болуп иштеп кетишкен белгилүү окумуштуулар: проф. А.Турсунов, проф. А.Садыков, академик А.Акматалиев, проф. С.Ибрагимов, проф. С.Шатманов, проф. Н.Бейшекеев, проф. Ж.Мамытовдор. Ушул окуу жайдан көрүнүктүү аалымдар да өсүп чыгышкан. Мисалы, п.и.д., проф. Б.Алымов, ф.и.к., доцент А.Сыдыков, ф.и.к., доцент С.Гапаров, ф.и.к., проф. Ж.Шериев, ф.и.д., проф. М.Сулайманов, Токтогулдук сыйлыктын лауреаты, ф.и.д., проф. Т.Аширбаев, КРнын Эл мугалими М.Байымбетов, ф.и.д., проф. С.Искендерова, ф.и.д., проф. Б.Сагынбаева, ф.и.д., проф. Ү.Култаева, п.и.д., проф. А.Муратов, п.и.д., проф. С.Момуналиевдер. Факультеттин бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен ондогон көркөм сөздүн чеберлери менен таанымал журналисттер да чыккан. Алсак, КРдин Эл баатыры, Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты С.Жусуев, КРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты комузчу Б.Мадазимов, А.Осмонов, Молдо Нияз сыйлыктарынын лауреаты акын журналист-акындар А. Акбаров, акындар К.Бакиров, М.Жаныбеков, А.Эргешова, Б.Төлөнов жана А.Токсонбаев, А.Монуев, Т.Алдакулов ж.б.
      Профессордук-окутуучулук курам жана илимий изилдөө иштери.
      Факультетте 5: кыргыз тил илими, кыргыз адабияты, кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы, өзбек филологиясы жана журналистика кафедралары бар. Бүгүнкү күндө окуу жайда 2 филология илиминин доктору, 1 педагогика илиминин доктору, 6 профессор, 23 илимдин кандидаты, 20 доцент, 19 улук окутуучу, 16 окутуучу эмгектенет. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмери − 2, Ч.Айтматов атындагы академиянын академиги − 1, КРдин Билим берүүсүнүн отличниги − 14. Факультеттеги кафедралар төмөндөгүдөй багытта илимий иликтөө иштерин жүргүзүшөт: 1. Азыркы кыргыз тилинин актуалдуу маселелери; 2. Кыргыз фольклору менен профессионал жазма адабияттын проблемалары; 3. Кыргыз тилин жана адабиятын мектептерде жана ЖОЖдордо окутуу маселелери; 4. Өзбек тили жана адабиятынын теориялык-практикалык проблемалары; 5. Заманбап журналисттерди даярдоо жолдору.
      Окуу процессинин жүрүшү, материалдык-техникалык база жана китептер фонду жөнүндө. Университеттин №2 окуу корпусу факультеттин окуу корпусу болуп саналат. Факультетте китепкана, “Япон” борбору, “Кут ордо”, Ж.Шериев атындагы методикалык каана, “Манас таануу” жана “Мамлекеттик тил үйрөнүү”, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Т.Аширбаев атындагы кыргыз тили каанасы жана “Кол жазмалар фонду” иштейт. Кол жазма материалдарды фольклордук практикалардын учурунда студенттер өздөрү топтошкон. Мында жанрдык жактан бай макал-лакаптардан тартып көлөмдүү элдик поэмаларга чейинки көркөм чыгармалар бар. Ушул кол жазмалардын негизинде “Макал-лакаптар”, “Жаңылмачтар жана табышмактар” деген наамдагы китептер басмадан жарык көргөн. Эми дагы жаңы сандары басмага даярдалып жатат.
       Студенттердин жашоосуна жана эс алуусуна да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Алсак, 255 орундуу, жалпы аянты 3266 кв.м. болгон жатаканасы бар. Окуу корпусунда кичи футбол үчүн үстү ачык заманбап спорт аянтчасы жана волейбол, баскетбол ойноого ылайык спорт аянтчалары менен зал да жайгашкан. Бул жерде биздин студенттер − денесин чыңдоого жана спорттун тигил же бул түрү менен машыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Демек, адистикке даярдоо үчүн факультетте материалдык-техникалык база жеткиликтүү. Студенттердин өз алдынча билимин өркүндөтүүсүнө, өз билимдерин тереңдетүүсүнө, сүйгөн багытындагы түрдүү маалыматтарды алуусуна баардык зарыл ыңгайлуу шарттар окуу жайда түзүлгөн. Алсак, факультеттин китепканасында 260000ге жакын, ал эми кыргыз тили, адабияты каанасында 7000 дей окуу-усулдук, көркөм, философиялык, педагогикалык, психологиялык жана укуктук адабияттар бар. Окуу каанасы 45 орунга ылайыкталып, керектүү адабияттар менен бирге кесипке зарыл мезгилдүү басылмаларга жазылган жана алардын тиркемелери сакталат. Ошондой эле студенттер − башкы окуу корпусундагы жана областтык, шаардык китепканалардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө да ээ. Факультетте илимий жана чыгармачыл ийримдер (“Усулчу”, “Лингвист”, “Жаш адабиятчы”, “Бүчүр”, “Тилчи”) иштейт, ага таланттуу студенттер катышышат. Алардын күчү менен “Насыят”, “Нуска”, “Лингвист”, “Тилчи”, “Бүчүр” деген дубал гезиттер чыгарылып турат. Буларда жарык көргөн мыкты макалалар, көркөм туундулар университеттик, областтык жана республикалык массалык-маалымат каражаттарына сунушталып, жарыяланат. Жогорудагылардан байкалгандай, бизде мыкты адис жана ар тараптуу өнүккөн, чыгармачыл инсан болууга бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Массалык-маданий иштер, студенттик турмуш жөнүндө Факультетте окуу менен бирге тарбия иши да параллель жүргүзүлөт. Анткени элибиздин: “Башкага тарбия берүүдөн мурда адам өзү тарбияланган болуш керек”, − деген сөзү болочок мугалимге түздөн-түз тиешелүү.
      Факультет билимдүү гана адамды, адисти чыгарууну көзгө тутпастан, рухий дүйнөсү бай, көз карашы кеңири, дүйнө таанымы терең, турмуштун ак-карасын ажырата билген инсанды тарбиялоону да башкы орунга коет. Ушул багытта ар убак системалуу иш алынып барылат. Факультеттин окуу-тарбиялык пландарынын негизинде кураторлук сааттар өткөрүлөт. Мунун тематикасы − ар түрдүү жана кеңири. Студенттер өздөрү да бул ишке активдүү катышышат. Студкеңеш, кыздар жана старосталар кеңеши студенттик фонддун жардамы менен байма-бай кызыктуу иш чараларды өткөрүп турушат. Студенттердин ич ара байланышын жана ынтымагын бекемдөө үчүн ар жылы I жана V курстардын “Алгачкы жана Акыркы коңгуроолорун” майрамдык маанайда бирге өткөрүү традицияга айланган. Мындан сырткары журналистика бөлүмүндө заманбап медиаборбор жана “Башат” телестудиясы бар. Ал зарыл техникалык каражаттар менен (аудио-видео, проектор, компьютер, ж.б.) жабдылган. Студенттер өз күчтөрү менен “Жаны толкун” журналын чыгарышат. Ошондой эле факультет гана эмес, университеттин таланттуу жаштарынын башын кошкон “Бүчүр” ийрими жана ушундай аталыштагы кереге гезити бар. “ШОК” КВН командасы университеттик, областтык конкурстарга катышышып, алдыңкы орундарды ээлеп келе жатат. Жыйынтыктап айтканда, факультетте заманбап адистерди даярдоого жана ар тараптан өнүккөн инсандарды калыптандырууга, өз өлкөсүн, элин сүйгөн Ата-Журтунун чыныгы патриотторун өстүрүүгө өзгөчө басым жасалып, булар ийгиликтүү жүзгө ашырылып келе жатат.
      Биздин факультеттин адистиги ак-караны ажырата алган, эл-жеринин келечегине күйгөн жан чындап сүйгөн мекенчил инсандарды калыптандырууга шайкеш келет. Анткени бизде кыргыздын тили, адабияты гана эмес, анын рухий дөөлөттөрү, жалпы эле Адамзаттын маданияты окутулат жана үйрөтүлөт.       

               



Факультеты



© 2014 ОШСКИЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ УНИВЕРСИТЕТ © Программное обеспечение ОшГУ "Медиа Центр"
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-40-66, oshsu.oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu.oms@gmail.com