Новости Архив

Информационный пакет
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Ош мамлекеттик университети Педагогика, психология жана дене тарбия факультети Окутуунун кредиттик технологиясы боюнча бакалаврга даярдоочу маалымат пакети Багыты: 550700 “Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы” Профили: “Башталгыч класстардын мугалими” Багыты: 550700 “Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана усулияты” Профили: “Тарбиячы-методист” Багыты: 532000 “Дене тарбия” Профили: “Дене тарбия мугалими” Ош 2016 Окутуунун кредиттик технологиясы менен бакалаврларды даярдоо боюнча маалымат пакети. Маалымат пакети окутуунун кредиттик технологиясы менен окуган бакалаврлар үчүн даярдалган, багыты “Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы”, профили: Башталгыч класстардын мугалими жана кредиттик системада бакалаврларды даярдоодо окуу процессин уюштуруу боюнча КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин эксперттик комиссиясынын сунушун эске алуу менен түзүлдү. Факультет жөнүндө жалпы маалыматты, жалпы жобону жана окутуунун кредиттик системасындагы окуу процессин уюштуруудагы өзгөчөлүлүктү, окуу планын камтыйт. Кеп кылып жаткан багыт боюнча окуу планына киргизилген окуу курстары боюнча кыскача баяндама берилген. Бул эмгекти түзүүдө мамлекеттик билим берүү стандарты, окуу дисциплиналарынын жумушчу программалары, ошондой эле Кыргызстандын ЖОЖдорунун методикалык материалдары пайдаланылды. АКАДЕМИЯЛЫК КАЛЕНДАРЬ күзгү- кышкы семестр: 1-сентябрь- семестрдеги сабактардын башталышы (каттоо жумас 17-октябрь - биринчи көзөмөл 22-октябрь 12-декабрь - экинчи көзөмөл 17-декабрь 19-декабрь - экзамендик сессия 30-декабрь 31-декабрдан- кышкы каникул 4- февраль 1- январь- майрам күнү «Жаны жыл» кышкы - жазгы семестр: 6-февраль - семестрдеги сабактын башталышы 23-февраль - майрам күнү «Ата Мекенди коргоо» 8-март - майрам күнү «Эл аралык Аялдар күнү» 20-март - биринчи көзөмөл 25-март 21-март майрам күнү «Нооруз» 15-май – экинчи көзөмөл 20-май 1-май - майрам күнү «Эл аралык Эмгекчилердин тилектештик күнү» 5-май - майрам күнү «КРнын Конституция күнү» 9-май - майрам күнү «Жениш Күнү» 22-май - экзамендик сессия 3-июнь 5-июнь - жайкы каникул МАЗМУНУ 1. ФАКУЛЬТЕТ ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ……………………….. 1.1. Факультеттин кыскача тарыхы………………………….…..……………….. 1.2. Факультеттин миссиясы…………………………………………………………. 1.3.Факультеттин жетекчилиги жана реквизити ………………..………………… 1.4. ECTSтин координаторлору …………………………………….………………. 1.5. Факультет жөнүндө жалпы маалымат………………………….………………. 1.6. Факультет тууралуу маалымат……………………………..…………………… 1.7. Факультеттин эл аралык ишмердүүлүгү……………………………………….. 2. ОКУТУУНУН КРЕДИТТИК СИСТЕМАСЫ ТУУРАЛУУ ………….…… 2.1. Негизги принциптери жана мүмкүнчүлүктөрү…………..…………………….. 2.2. Жогорку билим берүүнүн квалификациялары жана даражалары. ………….. 2.3. Кредит-сааттардын системасы…………………………………………………. 2.4. Студенттерди каттоонун шарттары………………………….………………… 3. ОКУУ ПРОЦЕССИНИН УЮШТУРУЛУШУ……………………………… 3.1. Окуу пландары ………………………………………..………………………… 3.2. Студенттерди окутууда көзөмөлдөө натыйжаларынын түрлөрү…………….. 3.3. Баалоонун системасы……………………………………….…………………… 3.4. Экзамендерди жүргүзүүнүн тартиби……………………………………………. 3.5. Студенттердин илимий-изилдөө иштери(НИРС)……………………….……… 4. ОКУУ КУРСТАРЫНЫН БАЯНДАМАСЫ………………….……….……… 5. Б/Т/Р//Ч/ КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШТЕРДИН АТКАРЫЛЫШЫ /Ч/Н МЕТОДИКАЛЫК КӨРСӨТМӨ……………………………………… 1.ФАКУЛЬТЕТ ЖӨН/НДӨ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ 1.1. Факульттин кыскача тарыхы Педагогика жана дене тарбия факультети 1959-жылы негизделген (буйрук №150. 20-июль) ОшМУнун структурасындагы алгачкы факультеттерден. 1998-99-окуу жылынан тартып дене тарбия адистиги ачылгандыгына байланыштуу, педагогика жана дене тарбия факультети деп аталып келатат. Факультеттин биринчи деканы болуп азыркы ОшМУнун профессору, философия илимдеринин доктору Ж. Ж. Жаныбеков коомдук башталышта дайындалган. Андан кийин декандык кызматка Д. М. Лондон (1960-1965-жж.), Б. Апышев (1965-1968-жж.), И.А.Макаревич (1968-1971-жж.), С. С. Нурова (1971-1974-жж.), С.Дүйшөналиев (1974-1978-жж.) Т. К. Сарыков (1978-1980-жж.), Ш.Б.Базарбаев (1980-1986-жж.), К.М. Миёбаев (1986-1989жж.), Ж. А. Омукеева (1989-1991-жж.), Б. А. Апышев (1991-1992-жж.), К. З. Зулпукаров (1992-ж.), А. А. Исаев (1992-2001-жж.), Т. Акматова (2001-2004-жж.), К. Байгазиев (2004-2006-жж.), А. Закиров (2006-2008-жж.), А. Аттокуров (2008-2009-жж.), Т. Акматовалар 2009-2012-жылдары ЖОЖдордун талабына ылайык дайындалып же шайланып иштеп келишкен. Алардын ар бири мүмкүнчүлүктөрүнүн болушунча жамаат үчүн ак дилден эмгектенип, факультеттин калыптанышына жана өнүгүшүнө өз салымдарын кошушкан. 2012-жылдын июль айынан баштап факультетти п.и.к., доцент Муратбаев Бактыбек Бакасович жетектеп келе жатат. Профессордук-окутуучулук курам жана илимий изилдөө иштери Факультетте бардыгы болуп 82 тажрыйбалуу педагог жана 15 инженер-лаборант эмгектенет. Алардын сапаттык курамы: 14 илимдин кандидаты жана доценти, 32 ага окутуучу жана окутуучулар, 2 КРнын эмгек сиёирген машыктыруучусу. Бир катар жаш окутуучулар кандидаттык диссертацияларын даярдоонун үстүндө эмгектенишип, Ош МУнун алдында ачылган аспирантурада окуп жатышат. Факультет ачылганда, күндүзгү бөлүмгө 65 гана студент кабыл алынган болсо, азыркы күндө күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүндө жалпысынан 1611 студент билим алууда. Факультеттин жамааты көп улуттуу. Окутуу кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт. Кабинеттерде миёден ашык ар түрдүү таблицалар, схемалар топтолгон. Факультетте 60 миёден ашык адабияты, методикалык колдонмолору, миёден ашуун атайын журналдары бар университеттин бардык структураларын тейлеген психологиялык-педагогикалык багыттагы китепкана иштейт. Факультеттин дене тарбия адистиги бокс, баскетбол, волейбол, грек-рим күрөшү, дзю-до, жеёил атлетика, кикбоксинг, эркин күрөш, улуттук күрөш сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча адистерди даярдоону көзөмөл тутат. Кыска мөөнөттүн ичинде спорттун 7 чебери, чеберчиликке 30 дан ашуун талапкери даярдалды. Учурда факультеттин студенттеринин арасында спорттун 2 чебери, чеберчиликке 9 талапкер жана 100 дөн ашуун массалык спорт разрядчылары билим алууда. Факультет 1996-жылдан бери «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан каржыланган «Алга кадам таштап» билим берүү программасы боюнча иш алып барат. Аталган фонд тарабынан заман талабына шайкеш келген аудио, видео ж.б. оргтехникалары, эмеректери, акыркы жылдарда жарыкка чыккан 6000 ден ашуун педагогикалык жана психологиялык багыттагы окуу китептери акысыз грант түрүндө алынган. Факультеттеги кафедралар төмөндөгүдөй багытта илимий иликтөө иштерин жүргүзүшөт: 1. Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы; Кенже мектеп окуучуларынын таанып билүү ишмердүүлүктөрүн өнүктүрүү. 2. Башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, адабиятынын теориясы жана методикасы; Башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, адабиятынын илимий-методикалык багыттарын өркүндөтүү. 3. Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы; Башталгыч жана мектепке чейинки билим берүүдө педагогикалыкадистерди даярдоонун модернизациясы. 4. Дене тарбиянын, спорттун теориясы жана методикасы; Дене тарбия адистиктерин даядоодо азыркы илимий техникалык жараянды пайдалануу менен мектеп окуучуларын дене тарбия сабагы аркылуу аларды мекенчиликке тарбиялоонун актуалдуу маселелери. 5. Факультеттер аралык дене тарбия кафедрасы. Болочок адистерди сергек жашоого үйрөтүүнүн педагогикалык негиздери. Окуу процессинин жүрүшү, материалдык-техникалык база жана китептер фонду жөнүндө Факультетте окуу процесси адистиктердин мамлекеттик стандартынын негизинде түзүлгөн окуу жана жумушчу пландарына ылайык уюштурулат. Студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн заманбап материалдык-техникалык база толук түзүлгөн. Алсак, 10 атайын кабинет, 2 лаборатория, лингвистикалык лаборатория, 1 компьютердик борбор, тренинг-борбор, медиа-борбор, интернет жана интранет түйүндөрү, 50 дөн ашык теле-радио аппаратуранын түрлөрү, методикалык борбор иштейт. Дене тарбия адистигине тиешелүү спорт зал, беш баскетбол, үч волейбол, эки гандбол, заманбап бир футбол аянтчасы бар. Борборлоштурулган заманбап китепканалар, окуу залдары студенттердин тереё билим алуусуна ылайыкташтырылган. «Сорос-Кыргызстан» жана «Тынчтык Корпусунун» долбоорлорунан алынган каражаттар: Pentium-I, II, , IV – 53, Epson-300 матрицалык принтери – 1, Hp LaserJet лазердик принтери – 3, Ксерокс – 2, Телевизорлор – 2, Проекторлор – 2, Магнитофондор наушниктери менен – 7, Видеомагнитофондор – 2, DVD плейер – 1, 1,5 млн. сомдук педагогикалык-психологиялык адабияттар – 6000, Эмеректер – 6 стол, 17 стул, Маркердик доска – 4 даана. Массалык-маданий иштер, студенттик турмуш жөнүндө Факультетте күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүндө азыркы күндө жалпысынан 1924 студент билим алууда. Факультеттин жамааты көп улуттуу. Окутуу кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт. Окуу процесси жаёы мамлекеттик стандартка ылайык уюштурулган. Окуу имараты, жатаканасы шаардын борборунда жайгашып, транспорттун бардык түрлөрүнөн, маданий мекемелерден, соода-байланыш түйүндөрүнөн пайдаланууга өтө ыёгайлуу. Студенттер бардык шарттары бар жатаканаларда жашашат. Студенттерибиз факультеттин жана университеттин намысын коргоп келүүдө. 3-курстун студенти Келсинбеков Кадыр 2012-жылы Тажикстандын ачык чемпионатында алыш күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси, 2013-жылы Азиянын чемпиону жана ушул эле жылы 156 мамлекет катышкан Казан шаарындагы Дүйнөлүк универсиадада коло медалдын ээси, 2-курстун студенти Сагыналы уулу Кубанычбек 2012-жылы алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиону жана 2013-жылы Кыргызстандагы ЖОЖдор арасында өткөрүлгөн универсиаданын жеёүүчүсү, 1-курстун студенти Джоробеков Руслан 2013-2014-окуу жылында алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын 2 жолку чемпиону болгонго жетишти. 1-курстун студенти Коргонбай уулу Элеман 2013-жылы Тажикстандын Дүшамбе шаарында эрежесиз эр уруш боюнча Эл аралык мелдеште 1-орун, Казакстанда Караганда областында баебой самбо боюнча Эл аралык мелдеште коло медалдын ээси, Бишкек шаарында эрежесиз эр уруш боюнча Эл аралык мелдеште күмүш медалдын ээси, Грепплинг спорттун күрөш түрү боюнча өткөн Ош областынын Кара-Суу районунун ачык чемпионатында баш байгени ээледи. 2-курстун студенти Пайзилда уулу Дамир 2013-жылы бокс боюнча Новосибирск шаарында өткөрүлгөн Эл аралык мелдеште күмүш медалдын ээси жана Балыкчы шаарында өткөрүлгөн Эл аралык мелдештин жеёүүчүсү, өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпину, 2-курстун студенти Сайбидин уулу Курманбек бокс боюнча Ыссык-Көл кубогуна арналган Эл аралык мелдеште күмүш медал, Кыргыз Республикасынын жаштар арасындагы биринчилигинде күмүш медалдын ээси. 1-курстун студенти Жаныбек уулу Нурсултан 2013-жылы Бишкек шаарында Областар арасында жеёил атлетика боюнча 100метр аралыкта 1-орун, 2-курстун студенти Алимов Дастан 2013-жылы Ош шаарында ЖОЖдор арасында жеёил атлетика боюнча, 1-курстун студенти Убайдулла уулу Медер Ош шаарында ЖОЖдор арасында узундукка секирүү боюнча баш байгени ээлешкен. Студенттердин көёүлдүү эс алуусу үчүн көркөм чыгармачылык кружоктор, оюн-зоок кечелер, диспут, брейн-ринг уюштурулуп турат. Факультеттин жамааты университеттеги кароо-конкурстарда ар дайым байгелүү орундарды ээлеп келүүдө. «ОшМУнун идеалдуу түгөйү-2013» сынагында 3-курстун студенти Нурбек уулу Бекзат жана 3-курсунун студенти Абдисатар кызы Перизат, «ОшМУнун мырзасы-2013» жигиттер сынагында 3-курстун студенти Турсункулов Кайрат, ОшМУнун мырзасы-2014» жигиттер сынагында 1-курстун студенти Аскарбек уулу Акжолтойлор баш байгеге ээ болушкан. Студенттик өзүн-өзү башкаруу Факультетте студенттердин өз алдынчалыгын, жаштар арасында демократиялык башкарууну өнүктүрүү максатында жаштар комитети түзүлгөн. Учурда аны «А-1-11»-тайпасынын студенти Анарбек кызы Перизат жетектөөдө. Жыйынтыктап айтканда, факультетте заманбап адистерди даярдоого жана ар тараптан өнүккөн инсандарды калыптандырууга, өз өлкөсүн, элин сүйгөн Ата-Журтунун чыныгы патриотторун өстүрүүгө өзгөчө басым жасалып, булар ийгиликтүү жүзгө ашырылып келе жатат. Биздин факультеттин адистиги ак-караны ажырата алган, эл-жеринин келечегине күйгөн жан чындап сүйгөн мекенчил инсандарды калыптандырууга шайкеш келет. Бизге келип окусанар, эч бир жанылышпайсынар. Окуу жайдын эшиги ар дайым силер үчүн ачык, урматтуу абитуриенттер! 1.2. Факультеттин миссиясы Факультеттин миссиясы – Факультеттин миссиясы – учурдун талабына жооп берген, компетенттүү адистерди: башталгыч класс мугалимдерин, мектепке чейинки мекемелердин тарбиячы-методисттерин,дене тарбия мугалимдерин, машыктыруучуларды даярдоо. Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарын жетишсиз болуп жаткан башталгыч класс мугалимдери, мектепке чейинки мекемелердин тарбиячылары, дене тарбия мугалимдери менен камсыз кылып туруу. Ош МУнун педагогика жана дене тарбия факультети Кыргызстандын аймагынан сырткары коңшулаш Өзбекстан,Тажикстан өлкөлөрүнө да жогорудагы адистерди даярдоодо көмөк көрсөтөт. 1.3. Факультеттин жетекчилиги жана реквизити Факультеттин толук аталышы: - кыргыз тилинде: «педагогика жана дене тарбия факультети»; - на русском языке: “факультет педагогики и физического воспитания”; - на английском: “ Pedagogy and physical training faculty ”. Факультеттин статусу: - мамлекеттик жогорку кесиптик окуу жайы Лицензиянын жана сертификатынын болушу: Лицензия берилген, аяктоо мөөнөтү 2017-жылга чейин. Декан: Муратбаев Бактыбек Бакасович – педагогика илимдеринин кандидаты, доцент. Дареги: Масалиев пр. 91а, Ош ш., 714000, Кыргыз Республикасы Телефон: 0777 14-41-42 0(3222) 8-75-80 E-mail: muratbaev 1966@mail.ru 1.4. ECTSтин координаторы Факультеттеги ECTS координатору: жум. тел.: 0777 14-41-42 0(3222) 8-75-80 кабыл алуу: 9.00. - 17.00; 206-ауд. e-mail: muratbaev 1966@mail.ru 1.5. Факультет тууралуу жалпы маалымат ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин деканы –Муратбаев Бактыбек Бакасович, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент. Дареги: Масалиев пр.. 91а, 0(3222) 8-75-80, 8-81-03. Факультеттин карамагындагы кафедралар: 1. Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы; (каф.башч.: б.и.к., доцент Шайымкулова М.) 2. Башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, адабиятынын теориясы жана методикасы; (каф.башч.: ф.и.к. Тойчуев Т.) 3. Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы; (каф.башч.: п.и.к. Бабаев М.Д.) 4. Дене тарбиянын, спорттун теориясы жана методикасы; (каф.башч.: ага окут. Темирбаев С.К.) 5. Факультеттер аралык дене тарбия кафедрасы. (каф.башч.: ага окут. М.) 1.6. Факультет жөнүндө маалымат Педагогика жана дене тарбия факультети – Ош мамлекеттик университетинин структуралык бирдиги – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо) боюнча Мамлекеттик инспекциясынын _________-жылдагы протокол №_____ лицензияга кошумча №__ каттоо №___ окуу ишмердигин жүргүзүүгө укук берген чечими менен өзүнүн окуу ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Педагогика факультети 1959-жылы негизделген (№150-буйрук, 20-июль) Ош МУнун структурасындагы алгачкы факультеттерден. Алгач ачылганда музыка-педагогика факультети деп аталып, жогорку билимдүү музыка жана башталгыч класс мугалимдерин даярдоого багытталган. Анткени ошол мезгилде республикада аталган адистиктер боюнча жогорку билимдүү мугалимдерге суроо-талап, муктаждык өтө күчтүү эле. 1978-79-окуу жылында музыка адистиги бөлүнүп кеткенден кийин, педагогика факультети өзүнчө факультет болуп түзүлгөн. 1998-99-окуу жылынан тартып дене тарбия адистиги ачылгандыгына байланыштуу, педагогика жана дене тарбия факультети деп аталып келген, 2008-2012-окуу жылдары педагогика жана искусство факултети деп аталган, 2012-окуу жылынан тартып кайрадан педагогика жана дене тарбия факультети деп аталып келе жатат. Өткөн кырк беш жылдан ашуун убакыттын ичинде факультетте өзүнүн традицияларына жана жетишкендиктерине ээ болгон ынтымактуу коллектив калыптанды. Мына ушул жылдарды факультеттен 8 миёден ашуун жогорку маалыматтуу башталгыч класстардын мугалимдери даярдалып чыкты. Факультеттин администрациясы – декан, декандын окуу иштери, сырттан окуу иштери, тарбия жана контракт иштери, илимий иштери боюнча орун басарлары. Факультеттин өзүнүн паспорту, эмблемасы бар. Бүгүнкү күндө: Башталгыч класс мугалими адистигинде – (I-IV курстар) –168 студент, дене тарбия мугалими адистигинде (I-IV курс) – 323 студент окуйт. Жалпы 491 студенттин ичинен: Мамбюджетте - 192 студ. Контракта – 299 студент. Сырттан окуу бөлүмүндө – 389 студент. Факультеттин базасында маданий борборлор, ийримдер жана спорт залдар иштейт: - Компьютердик борбор; - Тренинг-борбор; - Медиа-борбор; - Методикалык борбор; - Интерактивдүү доскасы менен 3 кабинет ж.б. - Спорт зал, беш баскетбол, үч волейбол, эки гандбол, бир заманбап теннистик корд, бир машыгуу залы жана бир заманбап футбол аянтчасы бар. 1.7. Факультеттин эл аралык ишмердүүлүгү Факультет 1996-жылдан бери «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан каржыланган «Алга кадам таштап» билим берүү программасы боюнча иш алып барат. Аталган фонд тарабынан заман талабына шайкеш келген аудио, видео ж.б. оргтехникалары, эмеректери, акыркы жылдарда жарыкка чыккан 6000 ден ашуун педагогикалык жана психологиялык багыттагы окуу китептери акысыз грант түрүндө факультетке бөлүнүп берилген. Мындан сырткары факультет Москва, Казань, Бакы, Алматы, Ташкент, Киев, Бишкек шаарларындагы педагогикалык университеттер, МГУ, Андижан, Фергана, Каракол мамлекеттик университеттери жана Кыргыз билим берүү академиясы менен тыгыз байланышта. 2. ОКУТУУНУН КРЕДИТТИК СИСТЕМАСЫ ТУУРАЛУУ 2.1. Негизги принциптери жана мүмкүнчүлүктөрү Болон процесси биринчи жолу 1998-жылы Франция, Италия, Германия жана Англиянын Билим берүү министрлеринин Сорбоннада өткөн жыйынында кабыл алынган Сорбонн декларациясына ылайык түзүлгөн. Бул декларацияда Европада бирдиктүү жогорку билим берүү тармагын түзүү ниети колго алынган. 1999-жылы Италиянын Болонья шаарында өткөн жана 29 Европа өлкөлөрүнүн жогорку билим берүүгө жооптуу министирлери тарабынан кол коюлган Болонья декларациясына ылайык, Болонья процесси расмий түрдө ишке киришкен. Бул процесстин негизги максаттары декларация аркылуу жарыяланган. Ал максаттар төмөндөгүдөй: • Дипломдор үчүн бирдиктүү структура түзүү (бул максатта дипломдун кошумча барагын (титульный лист) кошо берүү ишин жүргүзүү • Жогорку билим берүүдө бакалавр жана магистратура аталышындагы эки баскычтуу системага өтүү (2003-жылкы Берлин декларациясында эки баскычтуу билим берүү менен бирге үчүнчү баскычтагы аспирантураны кошо камтуу зарылчылыгы боюнча бирдиктүү пикирге келишип, ошол күндөн баштап үч баскычтуу билим берүү системасын түзүү максаты Болонья процессинин негизги максаттарынын бири болуп калган.) • Европа кредидиттик бөлүштүрүү системасын - ЕКБС (ECTS: European Credit Transfer System) колдонуу; • Студент жана окутуучулардын динамикасын түзүү жана жайылтуу; • Жогорку билим берүүдө сапатты жакшыртуу боюнча системалар байланышын колдонуу жана жайылтуу; • Жогорку билим берүүдө Европалык өлчөмдү иштеп чыгуу; Принциптеринин өзгөчөлүктөрү: • окутуунун эки баскычтуу формасы: бакалавриат жана магистратура. • кридиттик системанын окуу процессине крүүсү. • дипломдордун окшоштуктары б.а. мындай диплом алган студент ар кайсы өлкөдө жумушка орношо алат. • окуу процессине мобилдик системанын кирүүсү. Мындайда ар бир студент ар кайсы жерде билимин эркин уланта алат. 2.2. Жогорку билим берүүнүн квалификациялары жана даражалары Балон системасына ылайык эки баскыч киргизилген: бакалавриат жана магистратура. Кыргызстан үчүн 4 жылдык бакалавриат жана 2 жылдык магистратура көбүрөөк ылайыктуу. Бакалаврды бүткөндөр жогорку билимге ээ болушат жана дипломдогу адистиги боюнча ишке орношо алат. Магистратурага бакалавриатты жакшы аяктаган, өзүнүн областын тереёирээк изилдөөгө шыктуу бүтүрүүчүлөр кабыл алынат. Магистратурага, аспирантурага тапшырып илимий даража алуу укугуна ээ болушат. 2.3. Кредит-сааттардын системасы Кридиттик сааттар окуу планындагы дисциплиналардын арасында бөлүнөт жана алар ар бир дисциплина боюнча окуу жүгүн, көлөмүн чагылтышат. Бир жылдын ичинде окулуучу бардык лекциялык, семинардык, лабораториялык саатар, консультациялар ж.б. кридиттик саатка кирет. Европалык системага ылайык бокалавр студентти топтоочу кридиттердин жалпы саны 240 кредиттик саатты түзөт жана ал 8 семестрге бөлүнөт. Магистрлыкка ээ болуу үчүн дагы 4 семестр бою окуп 120 кредит топтош керек. Ушинтип бир семестрде студент 30 кредит, бир окуу жылынын ичинде 60 кредитке ээ болуусу керек. КРдин билим берүү министрлигинин чечимине ылайык 1кредит 30 академиялык саатка барабар. 1 семестрдеги теориялык окуунун узактыгы 16 апта. 2.4. Студенттерди каттоонун шарттары Студенттер каттоодон өтүп окуу башталганга чейин деканаттан “маалымат баракчасын” алып таанышып чыгуусу зарыл. Эдвайзердин (кеёеш берүүчүнүн) жардамында окулуучу дисциплиналардын силлабустары менен таанышып чыкса болот. Студенттерди каттоо процедурасы төмөнкүдөй этаптарды камтыйт: - Эдвайзер менен жолугуп тандоо курсун акылдашуу; - Тандоо курсу боюнча презентацияларга катышуу; - Каттоонун формаларын толтуруу; - Курска каттоо жөнүндөгү макулдуктун бекитилиши; - Биринчи курста окулуучу предметтер менен таанышуу Биринчи окуу жумалыгынын ичинде аякталышы керек. 3. ОКУУ ПРОЦЕССИНИН УЮШТУРУЛУШУ 3.1. Окуу пландары 1. Гуманитарный и социально-экономический цикл 2. Математический и естественно-научный цикл 3. Профессиональный цикл № п-п Наименование дисциплин распределение часов и кредитов распределение кредитов по курсам и семестрам экзамен 1курс 2курс 3курс 4курс 1сем 2сем 3сем 4сем 5сем 6сем 7сем 8сем Кредиты всего трудоем. по ГОС аудиторные лекции практические лаб. СРС 16недель 16недель 16недель 16недель 16недель 16недель 16недель 16недель 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 1. Гуманитарный и социально-экономический цикл Б.1.0. Государственный компонент 34 1020 510 80 430 0 510 Б.1.1. Кыргызский язык 8 240 120 120 120 4 4 1,2 Б.1.2. Русский язык 8 240 120 120 120 4 4 2,3 Б.1.3. Иностранный язык 8 240 120 120 120 4 4 2,3 Б.1.4. Отечественная история 4 120 60 32 28 60 4 4 Б.1.5. Философия 4 120 60 32 28 60 4 3 Б.1.6. Манасоведение 2 60 30 16 14 30 2 4 Вариативная часть (2 кредита) 2 60 30 16 14 30 В.1.7. Дисциплина 1. 2 60 30 16 14 30 2 5 ИТОГО: 36 1080 540 96 444 0 540 4 12 12 6 2 10 2. Математический и естественно-научный цикл Б.2.0. Государственный компонент 10 300 150 68 62 20 150 Б.2.1. Математика 2 60 30 16 14 30 2 2 Б.2.2. Информатика 4 120 60 20 20 20 60 4 1 Б.2.3. Экология 2 60 30 16 14 30 2 1 Б.2.4. КСЕ 2 60 30 16 14 30 2 3 Вариативная часть - 4 кредита 4 120 60 22 38 60 Вузовский компонент - 2 кредита 2 60 30 12 18 30 Б.2.5. Дициплина №1 2 60 30 12 18 30 2 7 Курсы по выбору 2 60 30 10 20 30 В.2.6. Дисциплина 1 2 60 30 10 20 30 2 3 Итого: 14 420 210 90 100 20 210 6 2 4 2 6 3.Профессиональный цикл Б.3.0. Базовая часть (психол.-пед. блок, методика) 46 1380 690 358 292 40 690 2 8 8 6 16 2 2 2 12 Б.3.1. Психология 10 300 150 80 70 150 4 4 2 2,3,7 Б.3.2. Педагогика 10 300 150 80 70 150 4 4 2 2,3,6 Б.3.3. Новые образовательные технологии 6 180 90 46 44 90 6 4 Б.3.4. Инклюзивное образование 4 120 60 32 28 60 4 5 Б.3.5. Методика преподования родного языка в нач.школе 6 180 90 44 26 20 90 6 5 Б.3.6. Методика преподавания начальной математики 6 180 90 44 26 20 90 6 5 Б.3.7. БЖД 2 60 30 16 14 30 2 1 Б.3.8. Возрастная анатомия, физиология и гигиена 2 60 30 16 14 30 2 8 В.3.00. Вариативная часть -106, из них - 18 по выбору 106 3180 1590 674 744 172 1590 Вузовский компонент - 88 88 2640 1320 594 612 114 1320 18 8 4 7 12 13 10 16 24 В.3.1. Методика преподавания нач. школе урока этики 2 60 30 16 14 30 2 7 В.3.2. Современный кырг. (русск.) язык 10 300 150 80 70 150 4 4 2 5,6,7 В.3.3. Подготовка детей к школе. 4 120 60 32 28 60 4 5 В.3.4. Теоретические основы нач. лит. образования 2 60 30 16 14 30 2 7 В.3.5. Родиноведение с методикой 5 150 75 34 13 28 75 3 2 6,7 В.3.6. Детская литература 4 120 60 32 28 60 4 2 В.3.7. Теоретические основы начальной математики 11 330 165 76 89 165 7 4 4,5 В.3.8. Метод.преподования интегративн.курса "Окруж.Мир" 4 120 60 32 28 60 4 8 В.3.9. Естествознание 4 120 60 32 28 60 4 3 В.3.10. Введ. в языкознание с практикумом по каллиграфии 6 180 90 28 62 90 6 1 В.3.11. Теор. и мет. развития речи с практикумом выраз.чтен. 4 120 60 32 28 60 4 1 В.3.12. Новые образовательные технологии в обуч.языков в нач.шк. 2 60 30 12 10 8 30 2 7 В.3.13. Теория и технология эстетического воспитания млад.шк. 4 120 60 20 12 28 60 4 1 В.3.14. Актуализац. шк. курса матем. и нов.технол.обуч.матем. 4 120 60 32 28 60 4 1 В.3.15. Метод.формирования математич.компотенц.буд.уч.нач.кл. 4 120 60 28 22 10 60 4 8 В.3.16. Практикум по решению математических задач нач.кл. 4 120 60 60 60 4 8 В.3.15. Детская риторика и мировая худ. культура 4 120 60 32 28 60 4 8 В.3.16. Теория и методика муз. воспитания 4 120 60 24 20 16 60 4 2 В.3.17. Теория и методика обөяснит. чтения 4 120 60 24 20 16 60 4 6 В.3.18. Теория и методика физической культуры 2 60 30 12 10 8 30 2 6 Дисц. по выбору студ., предлагаемые вузом 18 540 300 80 132 58 270 0 0 0 8 0 6 0 4 5 В.3.3.1. Дисциплина 1. 4 120 60 28 32 60 4 6 В.3.3.2. Дисциплина 2. 4 120 60 594 60 60 4 4 В.3.3.3. Дисциплина 3. 4 120 60 20 12 28 60 4 4 В.3.3.4. Дисциплина 4. 2 60 30 16 14 30 2 6 В.3.3.5. Дисциплина 5. 4 120 60 16 14 30 60 4 8 Итого: 202 6060 3030 1218 1580 232 3030 30 30 28 27 30 21 14 22 Б.4. Физическая культура 400 200 200 50 50 50 50 Практика Б.5.1. Адаптационно-педагогическая практика 3 90 45 45 3 4 Б.5.2. Профессионально-базовая практика 9 270 135 135 9 6 Б.5.3. Профессионально-профильная практика 16 480 240 240 16 7 Итого: 28 840 420 420 3 9 16 3 Государственная атестация 1 История Отечества 2 60 30 30 2 4 2 Комплексный экз. по профильным дисциплинам профессианального цикла или защита ВКР 8 240 120 120 8 8 Итого: 10 300 150 150 2 8 2 Количество экзаменов 8 8 8 8 7 8 8 7 Итого: 240 7200 3600 1218 1580 232 3600 30 30 28 32 30 30 30 30 3.2. Студенттерди окутууда көзөмөлдөө натыйжаларынын түрлөрү Студенттердин маалыматтарды өздөштүрүүсү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык ишке ашат жана төмөнкү этаптар боюнча ишке ашат. - студенттердин учурдагы жетишүүсүн текшерүү; - студенттердин жетишүүсүн аралыкта текшерүү; Экзамендер студенттердин билимин жана окуу сапатын аралыктан текшерүүнүн негизги формаларынын бири. Анын максаты – студенттердин теориялык билимдерин, өз алдынча иштөөдөгү көнүмдөрүн, практикалык маселелерди чечүүдөгү жөндөмдөрүк текшерүү болуп саналат. 3.3. СТУДЕНТТЕРДИН БИЛИМИН БААЛОО СИСТЕМАСЫ ОшМУда тамга белгилерин пайдалануу аркылуу баалардын көп баллдык системасы пайдаланылат, бул болсо окутуучуга студенттердин билим деңгээлин аныктоого бир топ ийкемдүү жол табууга мүмкүндүк берет. Академиялык жетишүүнү баалоо шкаласы: Рейтинг (баллдар) Тамга системасы боюнча баа Баанын цифралык эквиваленти Салттуу система боюнча баа 87 – 100 А 4,0 Эң жакшы 80 – 86 В 3,33 Жашы 74 – 79 С 3,0 68 – 73 Д 2,33 Канааттандырарлык 61 – 67 Е 2,0 31 - 60 FX 0 Канааттандырарлык эмес 0 - 30 F 0 Аралыктагы (семестрдик) жетишүүнүн жыйынтыктары боюнча студентке төмөндөгүлөр коюлат: - дисциплинаны өздөштүрүү эмгек көлөмүн мүнөздөөчү кредит бирдиктеринин саны; - ушул дисциплина алкагында студент өздөштүргөн билимдердин, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн сапатын мүнөздөөчү дифференциалдуу баа. Жетишүүнүн жыйынтыгы боюнча GPA орточо баллы эсептеп чыгарылат, анын максималдуу туюндурулушу 4,0 баллды түзөт. GPA (Grade Point Average) – студенттин окуудагы жетишүү деңгээлинин орточо салмак баасы. Студенттин орточо баллы окутуунун жыйынтыгы боюнча ар бир семестрде жана окутуунун аягында төмөндөгү формула менен эсептелет: мында, n – семестрдеги дисциплиналар саны (окутуунун мурдакы мезгили үчүн). Студенттин жетишүүсүнүн жыйынтыгы ведомостко түшүрүлөт, ведомостко текшерүү түйүндөрү боюнча тапшыруунун жыйынтыктарын эсепке алуу менен учурдагы текшерүү жана сесместрдик текшерүүнүн баллдары коюлат. 3.4. Экзамендерди жүргүзүүнүн тартиби Студенттер экзамендик ведомосттан автоматтык түрдө орун алышат. Кайрадан экзаменди кабыл алууга, канааттандырарлык эмес деген баа алган студенттерге уруксат берилбейт. Эгер жүйөлүү себеп болсо анда уруксат берилет. Окуу жүктөмүн толук аткарбаган студент ар бир семестрдин аягында окуудан четтетилет. 3.5. Студенттердин илимий-изилдөө иштери (НИРС) (Зарипа эже маалымат берет) Окуу жайды аяктаган студенттер бир эле теориялык билимге ээ болбостон илим изилдөө көнүмдөрүнө да ээ болуулары зарыл. Мындай көнүмдөргө алар курстук, дипломдук иштерди аткарып жатып ээ болушат. Мындай иш аракеттин максаты окуу материалын тереё өздөштүрүү, бышыктоо, таанып-билүүнүн илимий ыкмаларына ээ болуу, илимдин актуалдуу маселелери менен тааныштыруу ж.б. Бул иш аракет ар кандай формада жүргүзүлөт. Мисалы: кафедранын илимий-изилдөө иштерине катышуу, ар жылы студенттик илимий конференциялардагы изилдөөлөр менен тажрыйба алмашуу, республикалык, эл аралык, ЖОЖдор аралык олимпиадаларга, конференцияларга катышып туруу. 4. ОКУУ КУРСТАРЫНЫН БАЯНДАМАСЫ Кыргыз тили 1 – 2 Башталгыч класстардын окуу пландарында «окуу процессин уюштуруунун өзөгү катары кызмат өтөгөн» предмет – эне тили, кыргыз тили. Ошондуктан жогорку билимдүү башталгыч класс мугалимдерин даярдоодо кыргыз адабий тилин окутууга бөтөнчө орун берилет. Бул предметтин максаты – бүгүнкү студент, эртеёки кенже класстардын толук жогорку билимдүү мугалимдерине кыргыз тил илиминин теориялык курсунун негиздерин үйрөтүү менен аларды практикалык жактан ыктуу колдоно алуу көндүмдөрүн калыптандуруу жана кеп ишмердүүлүгүнүн ар кайсыл чөйрөсүнө ылайык тилдик каражаттарды туура тандап колдоно билүүгө көнүктүрүү. Дисциплинанын предмети болуп азырны кыргыз адабий тили эсептелет. Аны ар тараптан теориялык терен үйрөнүү жана практикалык жактан ыктуу, туура колдонуу менен үйрөнүп жаткан темалардын башталгыч мектептин оку китеп, оку программаларында чагылдырылышын талдоого алуу – бул дисциплинанын максаты болуп саналат. - Студенттердин лингвистикалык билимдерин кесиптин компетенцияларды калыптандыруу менен айкалыштыруу. - Студенттердин таанып-билүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу. - Кыргыз тилин өздөштүрүү менен бирге элибиздин каада-салтын, үрп-адатын, тарыхын үйрөтүү. - Тексттин негизинде төмөнкү үйрөнүү денгээлинен тартып жогорку деүгээлдеги тапшырмаларга машыктыруу. - Орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулукту арттыруу. ЖОЖдун студенттери үчүн түзүлгөн “Кыргыз тили” боюнча силлабус Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарына ылайык түзүлдү. Курста кыргыз тилин теориялык,практикалык,методикалык аспектиде үйрөнүү менен болочоктогу адисти өз эне тилинде сабаттуу жазып жана сүйлөй алган өз кесибинин компотенттүү адамы катары калыптанат.Ушул максатты ишке ашыруу үчүн лингвистика жана педагогика илимдериндеги жаны жетишкендиктерине таянуу атайын атайын иш-аракеттер сушушталды. Мына ушул сунушталган тапшырмалар боюнча аталган курста системалуу иш-чаралар, аракеттер жүргүзүлүп, болочоктогу адистин “Кыргыз тили” дисциплинасы боюнча стандартта көрсөтүлгөн компетенцияларга ээ болуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. СТУДЕНТ курска катталууга чейин эле эне тил менен жазуунун адамзат коомундагы кызматынын маанисин түшүнүп, дүйнө элдеринин тилдери жөнүндө маалыматы тилдин жалпы структурасы боюнча “Тил илимине киришүү”курсунан калыптанат. Жалпы билим берүүчү орто мектептерде окутулган “Кыргыз тили” сабагы да бул дисциплинаны окуп өздөштүрүүгө каратаперереквизит болуп саналат. Педагогика адистигин окуган студенттер бул курсту өздөштүргөндөн сон, алган маалыматтар , үйрөнгөн көндүм адаттарын, ээ болгон адистик компетенцияларын “Азыркы кыргыз тили”, “Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасы” дисциплиналарында улантышат, толукташат, өркүндөтүшөт. Башталгыч билим берүүнүн технологиясы дисциплинасы. (1-семестр) Башталгыч билим берүүнүн технологиясы – предмети болочок башталгыч класстардын мугалимдерин кесипке даярдоочу негизги предметтердин бири болуп эсептелет. Бүгүнкү күндүн талабы - студенттерге өтө зарыл, тереё билимдерди берүү, теория менен практиканын байланышын күчөтүү. Турмуш жана практика бул курстун мугалимдерди даярдоодогу өзгөчө маанилүү экендигин далилдеди. Предмет алтынчы семесрде окутулуп, кийинки курстарда окутулуучу педагогикалык жана психологиялык предметтердин илимий негиздерин студенттердин өздөштүрүүсүнө жана теориялык билимдерин мектеп практикасында колдоно билүүсүнө, өзүнүн педагог катары калыптанышына негиз болот. -Башталгыч мектеп- үзгүлтүксүз билим берүүнүн бирдиктүү системасындагы негизги звено экендигин болочок башталгыч класстардын мугалимдерине түшүндүрүү; -Башталгыч класс окуучуларын улуттук духта калыптандырууну, ал аркылуу жалпы адамзаттык нарк-насилди, баалуулуктарды кабылдоо жөндөмүн өнүктүрүүнү өнүктүрүү; -Окуучуга алгач инсан катары жан дүйнөсүнө жол ачып, анан гана баладан билимди кабыл ала турган обьектини көрө билүүгө үйрөтүү; -Инсанды бардык жагынан генетикалык, социалдык аспектиде калыптандырууга, ар бир баланын кайталангыс, уникалдуу касиеттерин эске алуу менен педагогикалык процессти уюштурууга тарбиялоо; -Окуучунун жеке өзгөчөлүгүнө ылайыктап, дифференцирленген билим жана тарбия берүүгө багыт берүү. -Коомду реформалоонун азыркы этабында башталгыч билим берүүнүн өзгөчөлүгүн, окутуунун жана тарбиялоонун методдорун, мазмунун окутуп, үйрөтүү; -Кенже мектеп окуучусунун окуу ишмердүүлүгү, аны уюштуруу, билимди кабыл алуусунун жана өздөштүрүүсүнүн өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу; -Мугалимдин ата-энелер менен иштөөсүнүн формалары жана мазмуну жөнүндө түшүнүк берүү; -Кенже мектеп окучулары менен диагностикалык жана коррекциялык иштерди жүргүзүүнү үйрөтүү; -Студенттерди өз алдынча иштөөсүнүн жана өзүн-өзү кесиптик жактан даярдоосунун, тарбиялоосунун жолдору менен тааныштыруу. Инсанга багытталган окутуу дисциплинасы (2-семстр) Максаты – Педагогика курсунун негизги максаты-болочок мугалимдерди кесиптик жактан даярдоо. Педагогика илиминин жана педагогикалык ишмердүүлүктүн маныз-мазмунун үйрөнүү менен кесиптик иш-аракетинде колдоно билүү. Болочок башталгыч класстарынын мугалиминин кесиптик-педагогикалык багытын калыптандыруу. -Педагогика илиминин келип чыгышын, милдеттерин жана методологиялык негизин окуп үйрөтүү; -инсандын өсүп-өнүгүү, калыптануу процессинин маныз-мазмунун ачып көрсөтүү; -педагогика илиминин категорияларынын маныз-мазмунун түшүндүрүү; -педагогдун иш-аракетинин илимий мыйзам-ченемдүүлүктөрүн ачып көрсөтүү; -алдынкы педагогикалык тажрыйбаларды окутуп үйрөтүү. Студенттер билишет: 1. Педагогика илиминин предмети жана методолиялык негизи. 2. Педагогика илиминин коомдогу орду. 3. Педагогика илиминин структуралары жана категориялары. 4. Педагогика илиминин калыптанышына салым кошкон окумуштуулардын эмгектери. 5. Инсандын өсүп-өнүгүү, калыптануу мыйзам-ченемдүүлүктөрү жана ага таасир тийгизчү факторлор. 6. Тарбиянын, билим берүүнүн бүгүнкү күндөгү максаты. 7. Педагогдун личностунун калыптануу мыйзам-ченемдүүлүктөрү. 8. Болочок мугалимдин өзүн-өзү кесиптик жактан даярдоо. Болочок башталгыч классынын мугалимдерин кесиптик даярдоо процессинде педагогикалык предметтердин, алардын ичинен «Педагогика» курсунун орду өзгөчө. Анткени бул курста студенттер педагогика илиминин келип чыгышын, өнүгүшүн, калыптанышын, илимий изилдөө предеметин жана тарбия, билим берүү, окутуу процесстеринин маныз-мазмунун окуп үйрөнүшөт. Педагогика илиминин маныз-мазмунун терен өздөштүрбөй туруп чыгармачыл иштеген мугалимдер жөнүндө сөз кылууга мүмкүн эмес. Ошондуктан болочок мугалимдин кесиптик жактан калыптануусунда «Педагогика» курсунун окулушуна педагогикалык окуу жайларында өзгөчө маани берилет. «Педагогикалык ишмердүүлүккө киришүү» курсу болочок мугалимдердин кесиптик жактан калыптануу процессиндеги алгачкы педагогикалык предметтердин бири болуп эсептелинет. -Педагогика илиминин изилдөө предмети жана методологиялык негиздери; -личносттун өнүгүүсү жана калыптануусу; -педагогикалык процесс; -Тарбия процессинин маныз мазмуну; -Педагогикалык кесип жана ишмердүүлүк; -мугалимдин личностуна коюлган педагогикалык талаптар. «Педагогикалык ишмердүүлүккө киришүү» (4-семестр) курсу болочок мугалимдердин кесиптик жактан калыптануу процессиндеги алгачкы педагогикалык предметтердин бири болуп эсептелинет. Бул курс педагогикалык адистерди даярдоочу факультеттердин окуу пландарынан 1988-жылы белгисиз себептер менен алып салынган болчу. Кыргыз Республикасынын 1996-жылдагы түзүлгөн мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде «Педагогикалык кесипке киришүү» деген аталыш менен окуу пландарына бул курс кайрадан киргизилген. Турмуш жана практика бул курстун мугалимдерди даярдоодогу өзгөчө маанилүү экендигин далилдеди. Предмет биринчи семестрде окутулуп, кийинки курстарда окутулуучу педагогикалык жана психологиялык предметтердин илимий негиздерин студенттердин өздөштүрүүсүнө жана теориялык билимдерин мектеп практикасында колдоно билүүсүнө, өзүнүн педагог катары калыптанышына негиз болот. Курстун милдеттери: - педагогикалык кесиптин келип чыгышын, анын маёыз-мазмунун, коомдогу ролун жана функцияларын окутуп үйрөтүү; - мугалим даярдоочу ЖОЖдун милдеттери, структурасы, окуу пландары, программалары, лекциялык, практикалык, лабораториялык сабактардын өтүлүшү жана курстук, дипломдук иштердин аткарылыш өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу: - мугалимдин личностуна коюлган кесиптик талаптар, педагогикалык маданият, этика, жөндөмдүүлүктөр жөнүндө түшүнүк берүү; - студенттердин өз алдынча иштөөсүнүн жана өзүн-өзү кесиптик жактан даярдоосунун, тарбиялоосунун жолдору менен тааныштыруу. Окутуунун жаны технологияларын дисциплинасы. (4-семестр) Милдеттери: -Окутуунун жаны технологияларын сабакта колдонууга үйрөтүү; -окутуунун жаны технологиясы менен сабак өтүүдө мугалимдин ролун түшүндүрүү; -Ульям Глоссердин пирамидасы менен тааныштыруу; -окуучулардын өз ой-пикирлерин эркин, тартынбай айтуусуна жетишүү үчүн мугалим колдоно турганыкмаларды өздөштүрүү; -окуучулардын өз ара аракеттенүүсүн колдоп, талкуунун сапатын жогорулатуучу шарттарды аткарууга үйрөтүү; - сабакты уюштуруу боюнча кенештер менен таанышуу. -окутуунун жаны технологиялары менен салттуу усулдарды айырмачылыктарын анализдей билүү; -алтын эреже түзүүнү үйрөтүү; -Б.Блумдун таксономиясы жана анын таажыггүлү менен иштөөөгө үйрөтүү. Болочок башталгыч классынын предметтердин, алардын ичинен “Окутуунун жаны технологиялары” курсунун орду өзгөчө. Анткени, бул курста студенттердин азыркы демократиялык коомдо зарыл болгон катышуу жөндөмдөрүн иштеп чыгууга жана моделдештирүүгө өбөлгө түзөт. Аларды өзүнө ишенүүгө тарбиялашат. Чечендик өнөрдүн көндүмдөрүн өздөштүрүшөт. Уга билүү көндүмү өркүндөтүлөт. Таанып билүүнүн манызын түшүнүүгө жардам берет. Сынчыл ойлом көндүмдөрүн өнүктүрөт. Жыйынтыктап айтканды окуй билүүгө үйрөтөт. Окуу билүү –бул эн зарыл көндүм. Антекни, ал интеллектин алдынкы көз карандысыздыктын негизи. Окуй билүү бардык прогрессивдүү жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн жарандарына абдан зарыл. Ошондуктан окутуунун жаны технологиясына өзгөчө маани берилет. IX. Перереквизит –бул окуу курсун окуп үйрөнүү педагогикасынын “Окутуунун теориясы” курсуна жана философиянынын материалдарына негизделет. X. Постреквизит –курсту окуп үйрөнүү менен алдыда окула турган методикаык сабактарды (кыргыз тили, математика, мекен таануу, адабий окуу ж.б.) окуп үйрөнүүгө негиз болот. «Билим берүүчү системаларды башкаруу» (2,3-семестр) предмети боюнча сунуш кылынган жумушчу программада педагогикалык илимдин жаёы жетишкендиктеринин негизинде предметтин мазмунуна жана структурасына жаёыча мамиле жасоо аракеттери жасалды. Предметтин структурасына жана мазмунуна Кыргызстандагы билим берүүчү системаларды башкаруунун түзүлүш принциптерине жана азыркы шарттагы мектептердин мазмундук жактан түзүлүшүнө жаёыча мамиле жасоо белгиленди. Предметтин максаты – мектептин ишин, жылдык, перспективалык, педагогикалык кеёештин жана методикалык бирикмелердин учурдагы иш пландарын, мугалимдердин жана класс жетекчилердин түрдүү пландарын иштеп чыгууда, жалпы билим берүүчү түрдүү типтеги мектептердин кесиптик ишмердүүлүктөрүн уюштурууда билимди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү өстүрүү жана калыптандыруу. Предметтин милдеттери: - алдыёкы педагогикалык тажрыйбаларды үйрөнүү, илимдин жаёы жетишкендиктерин практика жүзүнө ашыруу. - окутуу жана тарбиялоо, болочок мугалимдерди инновациялык ишмердүүлүктөргө жана изилдөөлөргө тартуу. - билим берүү милдеттерин ишке ашырууда студенттерге максатка ылайыктуу багыт берүүнү ишке ашыруу. Психология предмети (2,3,4-семестр) Болочок мугаллимдерди кесиптик даярдоодо психологиялык предметтердин, алардын ичинде «Жалпы психология» предметинин орду маанилүү. Себеби, бул курста студенттер түрдүү психикалык процесстер личностордун индвидуалдык- психологиялык өзгөчөлүк төрү, аларын эрктик сапаттары, жөндөмдүүлүктөрү, түрлөрү жөнүндө жалпы маалымат алышат. Психологиялык процесстер, өнүгүүнүн жалпы закон ченемдүүлүктөрү жана адамдардын психикалык ишмердүүлүктөрүнүн көрүнүшүн билүү болочок мугалимдер үчүн зарыл. Курстун мксаты- студенттердин психология боюнча билим, билгичтик жана көндүмдөрүн өнүктүрүү. Курстун милдеттери: 1. Жалпы психология боюнча теориялык билимдер менен камсыздандыруу. 2. Студенттерде түрдүү жагдайларда башкара билүү билгичтиктерин калыптандыруу. 3. Ишмердүүлүктө катнаштык эффективдүү көндүмдөрүн өнүктүрүү. Улук окутуучу: Мырзакматов А. Баскетбол Болочок мугалимдерди даярдоодо “Баскетбол” предметинин орду маанилүү . Себеби бул предмет мектептерде, лицейде, гимназияларда сөссүз өтүлүүчү предметтердин катарында турат. Курстун максаты – студенттердин баскетбол боюнча билим , билгичтиги жана көндүмдөрдүн өнүктүрүү. Курстун максаты : 1.Жалпы баскетбол боюнча теориялык жана практикалык сабак менен камсыздандыруу. 2. Студенттер түрдүү контингенттерде мелдештерди уюштуруп өткөрө билүүсү менен калыстык кылуусун калыптандыруу. 3. Ишмердүүлүктө катнаштык эффективдүү көндүмдөрдүн өнүктүрүү. Тандап алынган спорттун түрү “Күрөш” Болочок дене тарбия мугалимдерди ошондой эле машыктыруучуларды даярдоодо тандап алынган спорттун түрү өтө маанилүү. Студенттер өзгөчө жеке таймаш менен машыккандар физикалык сапатарга (күч кубаттуулук ) мүнөзү бышык, педагогикалык жана психологиялык даярдыктары бекем болушу абзел. Бул нормларды өзүнө камтый билген студенттер жогорку көрсөткүчтөргө жетише алышат жана ар тараптан такшалган болуп эсептелинет, о.э. жакшы адис боло алышат. Курстун максаты жана милдеттери: 1. Татыктуу жоопкерчиликтүү адистерди даярдоо. 2. Тоеориялык жана практикалык билгичтиктерин камсыздоо. 3. Тактика техникалык ыкмаларын үйрөтүү жана өркүндөтүү. Женил атлетика Женил атлетика сабагы, өзүнүн көп тармактуу көнүгүүлөрүн камтыйт. Ошондой эле ден соолукту чындоодо зор мааниси бар. Ал төмөндөгүдөй практикалык аткарууну талап кылат: басуу, чуркоо, секирүү, ыргытуу жана түртүү. Көптүк түр менен таймашууга (многоборье) үйрөтөт. Женил атлетика сабагында ар кандай мелдештерде уюштуруу жана ийримдерде машыгууларды өткөзүүгө мүмкүнчүлүгү бар мугалимдерди даярдайт. Дене тарбиянын, спорттун тарыхы Предмети мамлекеттик стандарттын атайын окуу программасынын негизинде жогорку жана орто окуу жайларынын дене тарбия адистигинде окуган студенттери үчүн түзүлгөн. Дене тарбиянын жана спорттун тарыхы байыркы дүйнөдөгү дене тарбиянын пайда болушун спорттун жаралышын, калыптанышын, өнүгүшүн б.з.ч. келип жеткен тарыхын окутуп үйрөтөт. АФК и БЖД. Азыркы мезгилде билим берүү системасындагы негизги өзгөрүүлөрдүн бири бардык баскычтагы окуу жайлардагы окуу программаларынын гуманитардык мүнөздөгү предметтер менен толукталышы саналат, ошондуктан мындай предметтердин катарына дене тарбия адистигинде “Адаптивдик дене тарбия жана өмүр коопсуздугу” курсу да кирет. Адаптивдик дене тарбия жана өмүр коопсуздугу – предмети катарында адамзаттын жашоосундагы түрдүү зыяндуу жана коркунучтуу факторлордон коргонуунун теориялык жана практикалык негиздерин камтыйт. Студенттердин жана окуучулардын коопсуз жүрүм-туруму ыкмаларына окутуп үйрөтүү жана тарбиялоо өмүр коопсуздугунун негиздерин түзөт. Анткени адамзат өз жашоосунда өндүрүш тиричилигинде, түрдүү кооптуу учурларда күтүүсүз кырсыктар (авария, катастрофа, жаратылыш кырсыктары ж.б.)дуушар болушу мүмкүн. Ошондуктан өзүнүн коопсуздугун камсыздоо ар бир жаранга татаал кырдаалда проблемаларды туура чечүүгө шарт түзөт. Дене тарбиянын теориясы жана методикасы Дене тарбия адистигинде “Дене тарбиянын теориясы жана методикасы” предмети негизинен мектепте дене тарбия сабагын өтүүдө балдардын анатомо – физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн, дене тарбия сабагынын максаты жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн багытталган окуу курсу болуп эсептелет. Адамзат жаралгандан бери эле ден соолук биринчи орунга коюлуп келген, ошондуктан бир канча философтор, педагоктор чон маани берип келишкен М: Г. Гейне “Мен билгенден бир гана сулуулук бар бул – ден соолук” деген. Дене тарбиянын теориясы жана методикасы предмети студенттерди теориялык методикалык жана практикалык жактан билим берүү менен адам баласынын морфологиялык, функционалдык, моралдык жана эрк сапаттарны өркүндөтүүдө аны билим, билгичтик, көндүм менен куралдандырып, эмгекке жана спортто жогорку жетишкендикке, ар тараптан тарбиялоого багытталган окуу курсу болуп эсептелет. Волейбол Волейбол сабагы атайын окуу планында каралып, предметтин мазмуну мамлекеттик программада стандартта берилип алар сабактарда ишке ашырылат, ошондуктан катышуу ар бир студенттин милдети болуп эсептелет. Волейбол сабагынын негизги максаты – коомго ылайык ден-соолугу чын, ар тараптан өнүккөн ан сезими жогору, акыл-эстүү, Кыргыз мамлекетин дүйнөгө таанытып жана мекенди коргоого даяр жаштарды тарбиялоо. Волейбол милдеттери өздөрүнүн аткарган функцияларына байланыштуу. Студенттердин организминин бардык формаларынын жана функцияларынын өнүгүшүнө , турмушта керектүү болгон кыймыл-аракеттерди үйрөнүүгө багытталган. Волейбол сабагында бир канча милдеттер ишке ашырылат, алар төмөнкүлөр: 1. Жалпы милдеттер. 2. Атайын багытталган милдеттер. 3. Тарбиялык милдеттер. 4. Усулдук-уюштуруу милдеттер. Бул аталган өзгөчөлүктөр студенттерди турмушка даярдоого, дене көнүгүүлөр менен системалуу түрдө машыгууга, ден-соолуктарын чындоого жана дене даярдыктарын жогорку денгээлде кармоого көмөк болот. Окутуучу ар бир сабакта сабактын талаптарын ишке ашыруусу керек, алар төмөнкүлөр. 1.Окутуучу сабактын жогорку идеялык денгээлин камсыз кылуу керек. Андыктан ал студенттерге жаны коомду курууда алардын орду, интеллектуалы, нравалык көз караштары, ден-соолуктун чын болушу коомдогу орду жөнүндө түшүндүрө билүүсү керек. 2. Ар бир сабак бири-бири менен тыгыз байланышта болуусу зарыл. 3. Сабакта студенттердин өз алдынча машыгуу жөндөмдүүлүктөрү тарбияланат. 4. Ар бир сабакта студенттердин ишмердигин уюштуруу процессинде методдордун, приемдордун жана каражаттардын түрлөрүн колдоно билүүсү. 5. Окутуучу ар бир сабакта студенттердин даярдыктарын көзөмөлдөп туруусу керек. 6. Сабакта материалдык, гигиеналык, эстетикалык жана психологиялык шарттар эске алынуусу зарыл. Курстун аягында күтүлүүчү натыйжалар: - студенттин дене булчундары чыналат; - спорттун бардык түрлөрү боюнча маалыматка ээ болот; - нормативдердин көрсөткүч денгээлдери жогору болот; - сергек жашоо калыптанат. Курстун саясаты, академиялык жүрүм - туруму жана этикасы: 1. Сабакка кечикпөө 2. Сабакты калтырбоо 3. Сабакка көнүл коюп угуу жана аткаруу 4. Сабактарга активдүү катышуу 5. Калтырган сабактарды кайра тапшыруу 6. Берилген тапшырмаларды толук аткаруу 7. Уюлдук телефондорду өчүрүү Дене тарбия Дене тарбия сабагы атайын окуу планында каралып, предметтин мазмуну мамлекеттик программада стандарта берилип алар сабактарда ишке ашырылат, ошондуктан сабактарга катышу ар бир студенттин милдети болуп эсептелет. Дене тарбиянын негизги максаты - коомго ылайык ден соолугу чын, ар тараптан өнүккөн ан сезими жогору, акыл-эстүү, эмгекке жана мекенди коргоого даяр жаштарды тарбиялоо. Дене тарбиянын милдеттери өздөрүнүн аткарган функцияларына байланыштуу. Адам баласынын организминин бардык формаларынын жана функцияларынын өнүгүшүнө, турмушта керектүү болгон кыймыл-аракеттерди үйрөнүүгө багытталган. Дене тарбия сабагында бир канча милдеттер ишке ашырылат, алар төмөнкүлөр: 1. Жалпы милдеттер. 2. Атайын багытталган милдеттер. 3. Тарбиялык милдеттер. 4. Усулдук-уюштуруу милдеттер. Бул аталган өзгөчөлүктөр студенттерди турмушка даярдоого, дене көөнүгүлөр менен системалуу түрдө машыгууга, ден соолуктарын чындоого жана дене даярдыктарын жогорку денгээлде кармоого көмөк болот. Окутуучу ар бир сабакта сабактын талаптарын ишке ашыруусу керек, алар төмөнкүлөр: 1. Окутуучу сабактын жогорку идеялык денгээлин камсыз кылуу керек. Андыктан ал студенттерге жаны коомду курууда алардын орду, интеллектуалы, нравалык көз караштары, ден соолуктун чын болушу коомдогу орду жөнүндө түшүндүрө билүүсү керек. 2. Ар бир сабак бири-бири менен тыгыз байланышта болуусу зарыл. 3. Сабакта студенттердин өз алдынча машыгуу жөндөмдүүлүктөрү тарбияланат. 4. Ар бир сабакта студенттердин6 ишмердигин уюштуруу процессинде методдордун, приемдордун жана каражаттардын түрлөрүн колдоно билүүсү. 5. Окутуучу ар бир сабакта студенттердин даярдыктарын көзөмөлдөп туруусу керек. 6. Сабакта материалдык, гигиеналык, эстетикалык жана психологиялык шарттар эске алынуусу зарыл. 5. Б/Т/Р//Ч/ КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШТЕРДИН АТКАРЫЛЫШЫ /Ч/Н МЕТОДИКАЛЫК КӨРСӨТМӨ Квалификациялык иш жогорку денгээлдеги кадрларды даярдоодогу акыркы этап болуп саналат. Аны коргоодо студент өзүнүн чыгармачылык потенциалын толугу менен ачып берет. Окутуучулардан алаган билимин гана көрсөтүп бербестен өзүнүн ой пикирин жана сунуштарын дагы бере алат. Бүтүрүүчүлүк ишти жазуунун өзүнүн талаптары, уюштурулушу жана коргоонун жоболору болгондуктан методикалык көрсөтмөлөрдүн болуусу зарыл. Бүтүрүүчү квалификациялык ишти аткаруунун максаты жана ага коюлуучу талаптар. • Адистиги боюнча студенттердин ВУЗда алган билимдеринин бекемделиши, кенеиши жана систематизацияланышы. • Теоретикалык жоболорду жалпылоо жана практикалык жактан баа берүү жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, өзүнүн жеке көз карашын иштеп чыгышы. • Студенттерди изилдөө иштерин жүргүзүүдөгү приоритеттерди табууга кызыктыруу, конкреттүү маселелерди чечүүдөгү тыянактарды жасоого , жоболорду иштеп чыгууга көндүрүү. • Аналитикалык жаан жеке изилдөө иштериндеги керектүү практикалык ишкердүүлүктөрүнө стимул берүү. Бул иш аракет өлкөбүздөгү педагоктордун иштерин анализдөөнүн негизинде аткарылат. Теориялык маселелер практикалык бөлүмдөр менен дал келип статистикалык маалыматтар менен иллюстрацияланышы керек. Ар бир иштеги сунуштар жана тыянактар аргументештирилиши , илимий жактан негиздөөчү болушу керек. Квалификациялык ишке төмөнкү негизги талаптар коюлат: • Теманын актуалдуулугу жана аргументациясы, теманын теориялык жана практикалык маанилүүлүгү. • Конкреттүү маселени изилдөөчү, аткаруудагы студенттин өз алдынчалуулугу. • Тема боюнча монографиялык адабияттардагы билимдерди чагылдыруу. • Ар түрдүү көз караштарды карап чыгуу жана милдеттүү түрдө аргументтештирилген позицияларды формулиравкалоо. • Изилдөөнүн жыйынтыктарын ачык, логикалуу жана сабаттуу чагылдыруу . Өтө эле чон инициативаны, чыгармачылык мамилени да сунуштоо максатка ылайыктуу. Квалификациялык иштин структурасы. 1. Киришүү 3 – 4 беттен ашпаш керек. 2. Негизги бөлүк параграфтардан турган баптарга бөлүнөт. Баптардын, параграфтардын саны бекем көзөмөлдөнбөйт . Кадыресе 2-3 главадан турат. 3. Корутунду. Мындан изилденген маселе боюнча чыгарылган конкреттүү сунуштар, жыйынтыктар, тыянактар чыгарылат. 4. Колдонулган адабияттардын тизмеси 30 – 20 кем эмес эмгектердин аталышын жазуу керек. 5. Тиркемелер (схемалар, таблицалар, түшүндүрмөлөр ж.б. )