История
ОШМУНУН БАСМА СӨЗ КЫЗМАТЫ

ОшМУнун басма сөз кызматы 2002-жылы ОшМУнун ошол кездеги тарбия жана коомдук иштер боюнча проректору Каныбек Исаковдун демилгеси менен түзүлгөн. Басма сөз кызмат өз алдына массалык маалымат каражаттары жана коомчулук менен байланышты камсыздап, университет жөнүндө маалымат таратууну максат кылып койгон. Учурда ОшМУнун басма сөз кызматы Республикалык жана аймактык бардык массалык маалымат каражаттарынын түрлөрү менен кызматташ иш алып барат.