Устаттарым жөнүндө эскермелер

Сүйлөгөн сөзү санатка, баскан –турганы сабакка айланган агай

(филология илимдеринин доктору, профессор Капар Зулпукаровичтин бейнесине сүртүмдөр)

Окумуштуу-аалым, илимпоз, педагог, сүйүктүү устат катары эбегейсиз эмгектерди жасап, кыргыз лингвистикасын терең изилдеп талдоого алган, адис даярдоого үлкөн салым кошкон белгилүү инсан Капар Зулпукарович Ош мамлекеттик университетинде гана эмес, Кыргызстандын, коңшу мамлекеттердин илимий чөйрөсүндө көрүнүктүү окумуштуулардын арасында кадыры бийик. Быйылкы жылы өзүнүн 70 жаш кутман курагын белгилеп жаткан агайыбыз эл алдында жүзү жарык, зоболосу бийик инсан катары артынан жоон топ шакирттерин өстүрүп, тарбиялап, жол көрсөтүп, өзүнүн илимий мектебин түздү.

Капар Зулпукарович – Кыргызстандын, Россиянын, Кытайдын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикистандын өлкөлөрүндө кеңири таанымал лингвист илимпоз. Анын эмгектери, изилдөөлөрү өтө кызыктуу жана мазмундуулугу менен айырмаланып келет.

70 жаштын кырына чыккан агайыбыз бүгүн да илимде өтө активдүү эмгектенип, жаңылык жаратып, шакирттерди өстүрүп, изденүүлөрүн элибиз менен бөлүшүп, жазганы илимге айланып, сүйлөгөн сөзү санатка, баскан –турганы сабакка айланып турган кези.

Урматка бөлөнүп, ардактап турган агайыбыз 1947-жылы Кара-Кулжа районунун Терек-Суу айылында төрөлгөн. Ошол айылдагы мектептен билим алып, 1962-1967-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунан билим алып, окууну артыкчылык диплому менен аяктаган.

Студенттик кезинде ошол мезгилдеги өтө күчтүү, атактуу илимпоз, педагогдордон билим алганын агай көп айтып жүрөт. Окуткан агай-эжекелеринин таасири менен Алайкуудан келген карапайым кыргыз бала, орус тил илиминин дүйнөсүнө сүңгүп кирип, алгачкы илимий ой-пикирлерин жарыялай баштаган. Анын устаттары негизинен ар түрдүү улуттун өкүлдөрү болушкандыгын өтө жагымдуу эпизоддор менен эскерет агай өзү.

20 жашында Кара-Суу районунун Маяковский атындагы орто мектептебинде орус тили сабагынан мугалим болуп педагогикалык жолун баштаган.

1969-1988-жылдары Фрунзе политехникалык институтунун Оштогу филиалында эмгектенген. Орус тилиндеги жөндөмөлөрдү синтездөөгө арналган кандидаттык диссертациясын 1983-жылы ийгиликтүү коргогон жана бул эмгек кыргыз улутунун өкүлү тарабынан жакталган биринчи диссертациялык эмгек катары саналган.

1988-1999-жылдары өзүнүн алтын билим уясы болгон Ош мамлекеттик университетинде кафедра башчы, факультеттин деканы кызматтарында эмгектенген.

1994-жылдан 2006-жылга чейин Ош технологиялык университетинин Өзгөндөгү Технология жана билим берүү институтунда директорлук кызматта эмгектенген. Бул жылдары Өзгөндөгү институт өсүп-өнгөн окуу жайга айланган. Окуу жайдын илимий потенциялын көтөрүүгө барандуу жеке салымын кошкон.

1996-жылы “Грамматиканын жөндөмө категориясынын деңгээлинде интегралдык-типологиялык жактан сыпаттоонун маселелери” деген темада докторлук ишин жактаган. Ушул эле жылы профессорлук наамга ээ болгон.

Агай лингвистикада бир нече жаңы илимий багыттардын негиздөөчүсү катары белгилүү. Капар Зулпукаровичтин Кыргызстанда когнитивдик лингвистиканын, дидактикалык лингвистиканын, тилдик адам таануунун жана лингвомаданият таануунун, ностратиканын, салыштырма синологиянын ж.б. маселелеринин үстүнөн иштеп жаткан, агай башында турган бүтүндөй бир лингвистикалык мектеп түзүлүп калган. Капар Зулпукаровичтин жетекчилиги астында 3 докторлук, 20дан ашуун кандидаттык жана көптөгөн магистрдик диссертациялар даярдалып, ийгиликтүү корголгон. Филология илимдеринин докторлору: Атакулова М.А., Дарбанов Б.Е., Элчиев Ж.Э.; филология илимдеринин кандидаттары: Мадмарова Г.А., Атабекова Н.К., Маражапова Н.К., Абдулатов А.А., Борчиева Б.Т., Суркеева В.Б., Турдуев К.Т., Сейитбекова С.С., Абдумиталипова Г.Ж., Эргешева С.Б., Мурадымова Е.Н., Бекмуратов З.Б., Калмурзаева А.А., Кожоева Г.Ж., Кабылов Т.Б., Амиралиев С.М., Исаева М.А., Ормокеева Р.К. жана педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Абдиев К.Р. анын шакирттери болушат. Мындан тышкары ал эки диссертацияны (С. Гапаров менен А. Жалиловдун) кыргыз тилинен орус тилине которгон.

Азыркы учурда агай ОшМУнун орус филологиясы факультетиндеги Лингвистикалык изилдөөлөр борборун жетектейт. «Тил илимине киришүү», «Лингвистикалык изилдөөлөрдүн тарыхы», «Когнитивдик лингвистика» жана «Жалпы тил илими» предметтери боюнча лекцияларды окуйт.

Кабинетине кирип калган адам китептер дүйнөсүнө баш баккандай болот. Китепканасы - өзүнчө эле бир чоң казына, анда лингвистиканын бардык тармактары боюнча эмгектерди табууга болот. Мындай чоң байлыгын ал эч кимге бербей, бешенесине карманып олтуруп албайт, ар дайым аспиранттарына, окуучуларына берип, илимий иштеринин алдыга жылышына өбөлгө түзүп берип турат.

Агай илимпоз катары 3 монографиянын, тил илиминин ар кыл маселелери боюнча 8 китептин, 200дөн ашуун илимий макалалардын, илимий-усулдук колдонмолордун автору. Тил илими боюнча доктордук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо кеңештеринде 20 жылдан ашуун мезгил бою мүчө болуп келди. Учурда 10.02.20 - тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими, 10.02.19 – тилдин теориясы адистиктери боюнча КРСУнун, ОшМУнун жана КУИАнын тил жана адабият институтунун алдында түзүлгөн диссертациялык кеңештин төрагасы болуп эмгектенүүдө.

Акыркы жылдарда профессор синология менен алектенип келе жатат. 2016-жылы К. З. Зулпукаровдун «Введение в китайско-киргизское сравнительное языкознание» деген монографиясы жарык көрдү. 767 беттен турган бул ири эмгекти салыштырма синологиянын жаңы этабы катары саноого болот.

Агай - эң мыкты илимпоз, эмгекчил, багбан, абдан адамгерчиликтүү жөнөкөй инсан. Ал сүйлөшө келгенде жан дүйнөңдү тазартып, акыл-эсиңди, билимиңди жана ой-кампаңды байытып, демиңе-дем, күчүңө-күч кошо турган сейрек кездешүүчү окумуштуулардын бири.

Капар агай өз балдарына да мыкты тарбия берген. Агайдын 3 кызы, 2 уулу бар. Алар да атасын тартып эл кызматында. Агай – 20 неберенин сүйүктүү чоң атасы жана таятасы, аларга да жакшы таалим-тарбия берип келет. Өмүр бою агайдын жанында ар кандай кырдаалдарда колдоп, кубаттап, дем-күч берип, эч качан кабагым, кашым дебеген өмүрлүк жолдошу Зымырат эжебиз болду.

Капар Зулпукарович жөнүндө айтканда тубаса интеллигенттүүлүгүн, жөнөкөйлүүлүгүн, илимге келгенде өтө кылдаттыгын, пунктуалдуулугун, өжөрлүгүн, дайыма изденүүдө жүргөндүгүн айтпасак болбойт.

Жаш кезинде такыр ыйлабаган, бирөө үйүнө алып кетсе деле жүрө берген жоош бала, беш жашында эле китепти шар окуп, “Манасты” окуп чыккан, орус тилин билбей эле орус филологиясы факультетине тапшырган, группадагы эң кичинекей студент, окуучулук күндөрүндө ыр жазган, мектеп курагында Моппасандын “Милый друг” чыгармасын сүйүп окуган, 20 жашында илимий доклад үчүн сыйлык портфелин алган агай бүгүн орус тили илимин изилдеген көрүнүктүү окумуштууга айланып, төрүбүздө отурат.

“ Кундуздай чачты тим эле,

Кубултуп өрчү ким эле?

Кош этек кийип тим эле,

Кулпуруп басчу ким эле”-деп бубасынан калган ырды буулуккан кезде кыңылдап ырдап агайыбыз көңүлдү көтөрөт.

70ке чыгып орусча түш жоруп, орус тили эле эмес бир топ тектеш жана тектеш эмес тилдерди аңтар-теңтер кылып, микроскоп менен көргөн агайыбыз 50дөй аспирантка жетекчилик кылып, тил илиминин бир кырын эмес, он кырын ачып, төрүбүздө урмат-сыйга балкып олтурат.

Сиз бир эле окумуштуу, устат гана эмес, уул-кыздарды, неберелерди тарбиялаган камкор ата, сүйүктүү жарсыз. Сизге чың ден соолук, иштериңизде албан ийгиликтер болуп, илимдеги изденүүлөрүңүз ийгиликтүү улана беришин каалайбыз. Шакирттериңизге нускалуу кеп-кеңешиңизди айтып, илимде изгилүү жол көрсөтүп, узак-узак өмүр сүрүүңүзгө тилектешпиз.

Урматтоо менен,

Каныбек Исаков,

ОшМУнун ректору, профессор


               

Устаттарым жөнүндө эскермелер

|< 1 2 >|

FOR STUDENTS
Proportion
2016-жылы Ош мамлекеттик университетинде аткарылган иштер