Устаттарым жөнүндө эскермелер

Рыспай Ош МУ менен тагдырлаш болду

Дүйнөдө өтө атактуу университеттер көп. Ар бири өз алдынча уникалдуу. Бирок залкар обончу Рыспай Абдыкадыров билим алган, иштеген университет бирөө эле. Ал – Ош мамлекеттик университети. Рыспайдай чыгаанды окутуп, тарбиялагандыгы үчүн эле башкасын айтпаганда да, Ош мамлекеттик университетин ошол уникалдуу университеттердин катарына кошууга болот.

Ош МУнун музыка факультети (азыркы искусство факультети) Рыспай тапталып, тарбияланып чыккан алтын уя, өмүр бою эмгегин арнаган тагдырлаш, сырдаш, билим бешиги, өзүнүн шакирттерин талпынтып чыгарган өнөрканасы, таланттар мектеби, кыргыз музыка тарыхындагы өзүнчө алтын доору болуп калды.

Залкар таланттын өмүр жолу, чыгармачылык өрүшү Ош мамлекеттик университети менен тыгыз байланышта болду. Рыспай Абдыкадыров ушул куттуу окуу жайдан билим алып, жаштыктын илеби кайнап турган, кыял менен романтика, умтулуу менен изденүү жашаган жерде эмгектенип, чыгармачылыктын бийик сересине чыкты.

Ош МУ – миңдеген жаштарды бөпөлөп өстүрүп, акылына акыл кошкон билим уясы. Рыспай – обондору менен ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашаган, өлбөстүктү жаратып кеткен феномен. Бул эки улуулук бири-бирин толуктап, сүрмөлөп, колдоп тургандай сезилет мага. Учурда Рыспай агай көп жылдар эмгектенип, өмүрүнүн толуп ташып турган учуруна күбө болгон факультетти ыйыктын жүргөн жериндей кастарлап, колдон келген колдоону көрсөтүп келебиз. Тилегенибиз жараткан элибизге дагы да Рыспайдай чоң талантты ыроолойт бекен деген үмүттө.

Рыспай агайдын жүрөктүн түпкүрүнө жетчү муңайым муңдуу үнү, кереметтүү обондорунан сырткары анын адам оюна келбес жоруктары жөнүндө, сөз кадырлап баккан чечендиги жөнүндө да эл арасында көп айтылып жүрөт. Мен бир нерсени баса белгилегим келет. Кимге болбосун бирдей мамиле кылган жөнөкөйлүгү, хандан, бектен кайра тартпай чындыкты бетке айткан калыстыгы, куулук-шумдугу жок наристедей тазалыгы Рыспай Абдыкадыровдун улуулугуна-улуулук кошуп, анын эл арасындагы жагымдуу бейнесин сулуулап турат. Андагы чыныгы улуу талантка таандык мүнөз, чексиз эргүүлөр, жараткан берген өнөрдү аздектеп, көр тириликтин сазына батыра койбой жогору көтөрүп жүргөн касиет ар бир пенденин колунан келбес. Кыргыз искусствосунда өзгөчөлөнүп турган орду, бараандуу салымы бар Рыспай Абдыкадыров жөнүндө сөз болгондо таңшыган кайрык, көңүлдүн тереңинен сызылып чыгып, жүрөктүн түпкүрүнө жетчү мукамдуу муза эске түшөт. Рыспай Абдыкадыров кыргыз музыка дүйнөсүнө алтымышынчы жылдары келип, жаңы чыйыр салды. Анын керемет обондоруна таасирленген жаштар арасынан Асанкалый Керимбаев, Жолболду Алыбаев, Түгөлбай Казаков, Жолдошбек Мамажанов, Бабаравшан Тургунбаев сыяктуу чыгаан обончулар өсүп чыкты.

Мен кыргыздын дагы бир залкары, Рыспай агайдын шакирти Түгөлбай Казаковдун мындай бир пикирин келтиргим келет: “Рыспайчалык катуу чыккан, бүтүндөй элди заматта баш ийдирип, жүрөгүн ээлеген, кыргыз обонуна жаңы диапозон киргизип, текстуралык, формалык төңкөрүштөрдү жасап, атак-даңктын түшкө кирбеген тандоосуна туш болгон, муңдуу ырдын мунарасын тургузуп, анын башында отуз эки жыл бою күүсүнөн жанбай, өз үнү, өз почерки менен булбул болуп таңшып турган дагы бирөө барбы кыргызда?”-дейт.

Чынында эле элин ырдын ыргагына муютуп, калктын бардык катмарына бирдей жаккан, убакыттын тепсендисинде калбай улам жаңыланып, уккулуктуулугун жоготпогон, бийик деңгээлдеги чыгармаларды жарата алган Рыспай агайдай талантты кыргыз элинин маңдайына жазылган бир бакыт деп атоого болот.

Рыспай Абдыкадыровдун жубайы Давлет эжей да өмүр бою Ош МУда эмгектенди. Бул бири-бирин толуктап, бири-бирин колдоп келген жубайлар, бири-бирин ушунчалык сыйлап, урматтап жүрүп өттү десек жарашат. Азыркы күндө кызы Сюита да университетте иштеп жүрөт. Рыспайдын неберелери да Ош МУда окуп жатышат. Жаркын таланттын эле эмес, анын урпактарынын да таржымалы Ош МУ менен байланышкан.

Мен жаңыдан студенттик скаймейкадан жаш окутуучу болуп келген жылы сентябрдын башында Рыспай Абдыкадыров дүйнөдөн кайтыптыр деген күн бүгүнкүдөй эсимде турат. Университеттин алдында эл кайнап, маркум менен коштошууга келип жатышты. Университеттин алдына эл батпайт. Ошондо Темиралы Шералиев агайдын: “Бүгүн кыргыздын аскалуу тоолору, кең талаа, токойлору, акактай таза суулары, дарыялары Рыспайды жоктоп турушат. Бүгүн кыргыз эли эң таланттуу уулунан Рыспай Абдыкадыровдон ажырады” деп, “Көкөй кести” күүсүнүн коштоосунда сүйлөп жаткан коңур, муңдуу үнү бүгүн да кулагыма жаңырып турат.

Ошондогу Ош облусунун губернатору, академик А. Эркебаев чечкиндүүлүк кылып, Рыспай агайдын: “Менин көзүм өтсө, Сулайман тоого койгула, бийик жерден элди карап жатайын” – деген сөзүн эске алып, маркумга Сулайман тоонун боорунан жай каздырганы да эсте. Түгөлбай Казаков баштаган Рыспайдын шакирттери каз катар тизилип, уулдарындай болуп, маркумдун табытынын жанында турганы да эсимде.

Мен 2011-жылдын июнь айларында Ош МУга ректор болуп дайындалдым. Мен келгенге чейин 2 жыл мурда Рыспай Абдыкадыров окуп бүткөн, эмгектенген искусство факультети жоюлуп кетиптир. Август айында 2 жыл мурдагы чечимди жокко чыгарып, кайрадан искусство факультетин ачтым. Бул жерде профессор Букарбай Иметов агай демилгечи болуп түзгөн Рыспай Абдыкадыровдун атындагы музейин кайрадан жаңыладык.

Университеттин маданий-эстетикалык борборунун атын “Рыспай Абдыкадыров атындагы маданий –эстетикалык борбор” деп атадык. Университеттин алдында Рыспай Абдыкадыров коомдук фонду иштеп жатат.

Өткөн жылы бизден окуп бүткөн студентибиз, азыр иштеп жаткан таланттуу кесиптешибиз Айпери Кулбаеванын Рыспайдын эң акыркы чыгармаларынын бири болгон “Махабат жөнүндө балладасын” аткарып, Рыспайдын ырларын аткаруу боюнча республикалык конкурста баш байгени жеңип алышы да өтө биз үчүн символикалуу, кубанычтуу кабар болду.

Мезгилдер өтөт, кылымдар өтөт, доорлорду карытып, элдин маанайын көтөрүп, жашоого шыктандырып, сүйүүгө чакырып, жан дүйнөсүндө сезими бар эң акыркы адам калганга чейин Рыспайдын ырлары жашай берет.

Каныбек ИСАКОВ,

ОшМУнун ректору, профессор


               

Устаттарым жөнүндө эскермелер

|< 1 2 >|