Устаттарым жөнүндө эскермелер

Ак көйнөкчөн эжекем

(же устатыбыз Булбул Суранчиева жөнүндө эскерүү)

Студенттик доордо бактыбыз тоодой болгон экен. Анткени бизге чындап эле адабият менен тилдин дөө-шаалары Жээналы Шериев, Жумаш Мамытов, Сүйүнтбек Ибрагимов, Булбул Суранчиева, Садыбакас Шатманов, Пайзылда Ирисов, Кутубек Оморкулов, Дүйшөнбай Туратов сыяктуу ар бири өзүнчө дүйнөсү менен жашаган илимпоздор сабак беришиптир.

Ушулардын арасында булар менен теңтуш, курдаш катары аял заттан жалгыз Булбул Суранчиевна гана эсибизде турат.

Булбул Суранчиевна – аруулуктун символу болчу. Ал өмүр бою турмуштун реалдуулугуна багынгысы, ага баш ийгиси келбеген, романтикалуу дүйнөсү менен жашап өткөн инсан эле. Өзүнүн эстетикалык табити, этикалык маданияты бийик, аруу жан болчу. Бүгүн көр турмуштун туткунунан бошоно албай, көр пенделиктен көтөрүлө албай турган мезгилде Булбул Суранчиевнанын философиясы, жашоосу бизге жомоктой угулат.

* * * * * * *

Бир жолу эсимде, жаз алды менен факультеттин короосунда аябай бой тиреп, каршы-терши өскөн байтеректерге селкинчек куруп, эженин демилгеси менен жаз майрамын өткөргөнбүз. Студенттер ырдап-бийлеп, оюн-зоок өткөрүп, өзүнчө эле кыялдан жаралган майрам болгон. Булбул эжеке да студенттер менен ырдап-бийлеп, өзүнчө эле жыргап, жомоктогудай майрам уюштурганына кубанып жүрдү.

Эже дайыма ак жоолугун салынып, ак көйнөгүн кийип, майрамдарда жаркылдап калчу.

* * * * * * *

Булбул эжеке сабагын да эргип өтчү. Ал кыргыз адабияты менен аябай сыймыктанып, «Адабият ааламына Алыкул кошулду, Ак боз атын алкынтып, андан кийин Чыңгыз чыкты, Гулсаратын чамынып»,-деп көңүлү көтөрүлүп кетер эле.

Сабактарында дүйнөлүк адабияттан Томас Манн, Стефан Цвейг, Джек Лондон, Андре Маруа, Эрнест Хемингуэйлердин чыгармаларынан үзүндүлөрдү келтирип жиберчү.

* * * * * * *

Булбул эжекебиздин көкүрөгүндө катып жүргөн, аздектеп айтар бир кеби бар болчу. Ал студент кезинде бий кечелеринин биринде, аны айыл чарба институтунда окуган али эч кимге белгисиз Чыңгыз Айтматовдун бийге чакырганын эргүү менен эскерчү.

Согуштан кийинки жылдары узун ак көйнөк кийген, бутунда резина батинкасы бар уяң кызды келечекте дүйнөгө тааныла турганын али эч ким биле элек, жупуну жигиттин бийге чакырганын ушунчалык элестүү сүрөттөп берер эле. Булбул эжеке бизге Чыңгыз Айтматов жөнүндө ушунчалык берилүү, сүйүү менен айтып берчү. А биз болсо, эженин сөзүнө арбалып, эженин жаш кезиндеги сулуулугун элестетип, суктанар элек.

* * * * * * *

Булбул эжеке, студенттерди педпрактикага алып барчу. Эсимде бизди да бир жолу педагогикалык практикага алып барып, бир курсташ балабыз сабак өтө турган болуп калды. Эжеке баштаган, 8 студент анын сабагына кирдик. Ал досубуз окуучуларына эмне деп сабак өтөрүн билбей калганда, эже түтпөй кетип, аны сабактан кууп чыгып, башка студент сабак өткөнү эсимде. Эже билимсиз, аракетсиз студентти көргөндө, ачууланып кетер эле. Ал жалкоо студенттердин элдешкис душманы болчу.

* * * * * * *

Эже биздин акыркы коңгуроого да келип ак көйнөк, ак жоолугун салынып келип, биз менен бийледи. Эженин көңүлүн көтөрүп, ырларды арнадык.

Ошондон кийин эле эже катуу ооруп калды. Эжени акыркы сапарга узатып жатканда Жээналы Шериевичтин «Биз өзүбүздүн эң жакын санаалашыбыздан, пикирлешибизден, өзүбүздүн эң жакын досубуздан ажырап калдык»,- деп айткан сөзү дале жадымда жүрөт.

Ал эми мага болсо Булбул эже пенделик түшүнүктөрдөн бийик турган, өзүнүн эч кимге бергис, кыялкеч дүйнөсү менен жашаган романтикалуу устатым катары акыл-эсимде сакталып кала берди.

Каныбек ИСАКОВ,

ОшМУнун ректору, профессор


               

Устаттарым жөнүндө эскермелер

|< 1 2 >|