Устаттарым жөнүндө эскермелер

• Бир өмүрдүн сабагы •

Биз Шериевден окуганбыз

Жыл эмес, ай жаңырганда да ай арасы болуп, күн күркүрөп, жамгыр жаап, табият бир өнөрүн көрсөтүп, силкинип алат эмеспи. Эски жылдын аягы быйылкы жылдын башында кыргыз эли оор жоготууга учурады. Кыргыз киносунун кереметин дүйнөгө көрсөткөн режиссер Т. Океев, көрүнүктүү кино актер Б. Бейшеналиев, белгилүү котормочу С. Наматбаев, кашкөй педагог, адабиятчы Ж. Шериев ааламдан өттү. Не деген керемет, кайталангыс инсандар, Кыргыз маданиятын толтуруп, көркүнө чыгарып, ар бири өзүнчө ааламга, көркөм дүйнөгө айланган залкарлар эле. Бул жылдын жаңырыгы менен Жараткан жакшы инсандарды оо дүйнөгө алып кетти. Көрсө, оо дүйнөгө да жакшы инсандар керек тура. Жээналы агай, Сиздей инсандар Кудайга да керек экен, түбөлүктүүлүккө ак кемедей жол алып кете бердиңиз.

* * *

Жаңы жыл жаңырарда кыргыз филологиясынын жалпы жамааты майрамдык кечеде отурганда, Жээналы агай: «Быйыл кыргыздын жылы. Анткени эл аралык тоо жылы, жылкы жылы эриш-аркак келип жатпайбы. Жылкы жаныбар - кыргыздын канаты болсо, тоо - кыргыздын Мекени. Ушул жыл кыргыз үчүн оомат төгүлгөн жыл болсун» деген экен. Баары ошону кеп кылышат. Бирок жаңы жылдын экинчи күнүндө агай, жаңы жылды, жакшы тилектерди элине калтырып, арабыздан чагылгандай жарк этип кете берди.

***

Азыр адамдар бийлигине, байлыгына карап каадаланып, байлыкка, бийликке карап мамиле түзүп, ошонусуна карап, кадыр-барк алышкан кез. Жээналы агай байлыктан да, бийликтен да калыстык, акыйкат сөз жогору тураарлыгын, бийлиги, байлыгы жок туруп да, эл кызматына жарап, эл урматына ээ болуу мүмкүн экендигин ташка тамга баскандай көрсөтүп кетти.

Кээде мүнөзү, акыл парасаты, жашоодогу орду, кебетеси, инсандык касиети, дүйнө таануусу, сөзү менен иши төп келишкен адамдар болот. Жээналы Шериев ушундай инсан болчу. Ал өз улутун сүйчү, башка улуттарды урматтоочу. Ошондуктан Улуттар Ассамблеясынын Ош областтык бөлүмүн жетектегенде, улуттук маданий борборлорду түзүп, көп улуттун өкүлдөрүн достоштуруп, өз ара ынтымактын данакери болуп келди. Ар түрдүү улуттан досторду тапты. Ошондуктан да алар агайды акыркы сапарга узатып жатып, терең кайгырып, көз жашын көлдөтүп ыйга күчүн чыгарып турушту.

***

«Илим ийне менен кудук казгандай» деп айтылат. Илим изилдөө, андан натыйжа алуу көрүнгөндүн эле колунан келе бербейт. Илимий иште ийгиликке жетишүү ар кимдин бактысына буюрган эмес. Ал эми Ж.Шериев илимде өз жолун таап, ага өзүнүн илимий чыйырын салууга да жетишти. Ал байыркы жана орто кылымдагы орток түркий адабиятында кыргыздардын үлүшү канчалык экендигин көрсөтүп, кыргыздарга тиешелүү адабий мурасты, энчисин алып берди. Ошону менен ал байыркы, орто кылымдагы кыргыз адабиятын изилдөөгө өзүнүн ак чыйырын салды. Жээналы агай салган илимий чыйыр, анын шакирттери тарабынан даңгыр жолго айланаарына шек жок.

***

Биз жаш окутуучубуз, чогулуштарда, же ар кандай жыйындарда маселе туура эмес чечилип баратканда, акыйкат сөздү, акылман ойду Жээналы агайдан күтчү элек. Залдан агайдын аскадай караанын көрүп, көңүлүбүз жайланып, маселе агай сүйлөгөндөн кийин туура жагына чечилерине үмүттөнүп ишенчүбүз. Беш айдан бери агайдын карааны залдан көрүнбөйт. Бирок бизге калтырган өмүр сабагы жүрөгүбүздө калды.

Агай турмуштан бир терс көрүнүштү көргөндө башкалардай байкамаксан, көрмөксөн болуп болуп кое алчу эмес. Ал тарс жарылып кетчү. Пикирин айтчу. Ошол көрүнүштү четке кагууга өзү баштап күрөшчү. Чечкиндүү эле. Сөздү нар кескендей курч сүйлөчү. Бардык нерсени, жакшыны да, жаманды да жүрөгү менен кабыл алчу. Көңүлү өзгөчө сезгич, назик болчу. Турмуштагы бардыгына күйүп бышып, чын дилинен мамиле жасачу. Көп нерселерге башкалардай кайдыгер кол шилтеп кое алчу эмес. Ошондуктан жүрөгү чыдабай мезгилсиз, күтүүсүз кетти го бул жалгандан.

***

Жээналы агай Жолондун поэзиясын сүйчү. Ал боюнча өзүнүн аспиранты, белгилүү журналист Ризван Исмаиловага да кандидаттык диссертациясын жаздырып, илимий жетекчи болгон, Жолондун мезгилдин күрөө тамырын сезген аруу поэзиясын өзгөчө канааттануу менен сөз кылчу.

Жаңы жылга бир күн калганда агайдын кыргыздардын байыркы адабияты боюнча жазган илимий эмгегине «Жолон Мамытов» атындагы эл аралык сыйлык берилди. Жолондун поэзиясынын сүйүүчү күйөрманы, агитатору Ж Шериев бул наамга татыктуу болчу. Муну менен сыйлыктын да баркы өстү.

Түштүктүн эң чыгаан акыны Ж.Мамытов болсо, эң көрүнүктүү сүрөтчүсү Г. Айтиев болсо, эң кашкөй адабиятчысы Ж.Шериев эле. Залкарлар залкарлардын баркына жетет деген ушул тура. Кызыгы үчөө тең Сулайман тоонун касиетине, Ак Бууранын агымына суктанган, анын шарданында өскөн инсандар болчу.

***

Сабакта студенттердин эки көзү агайга кадалып, агай аларды ойго жетелеп, ой артынан ойго ээрчитип жүрүп отурчу. Агайдын үнү да кудуреттүү күчкө ээ эле, кээде тыным алып, кээде ойго салып. Азыр да кулагымда агайдын үнү жаңырып, көкүрөгүмдө анын сабактары шурудай тизилип, элестеп турат.

«Эгерде, Курманбекке Тейит чал Телтору атты бергенде, Курманбек баатыр өлөт беле?» - деп бир саамга аудиторияны карап, тыным алып, жооп күтүп, студенттерди акыл калчатып, кайра өзүнүн суроосуна өзү жооп берип: «Жок өлбөйт болчу. Көрдүңүзбү, баатырдын тагдыры бир атка байланып, бир элдин тагдыры бир баатырга байланып, ширелишип калды. Атты кыргыздар өзгөчө символ катары ыйык тутушкан», - деп андан ары сөзүн улап кетер эле. Агайдын колдорун жаңсай сүйлөгөн мимика, жести, үнүнүн кооздугу аудиторияны бүтүндөй арбап алчу. Биз адабият ааламын Жээналы агай аркылуу түшүнгөнбүз. Аттигиниң мугалимдердин баары Жээналы агайдай таасирдүү сабак өтсө. Аруу дүйнөгө жаштарды ээрчитип кетсе. Ар бир сабакта жаштарга жаңы маалымат, жаңы ой берүүгө көптөрү жарабай калышканда, агайдын асыл элеси, аудиторияны жаңырткан үнү кулагыма жаңырып келет. Жүрөктү тазартат. Жакшылык жасоого шаштырат. Жашоону сүйүүгө үндөп турат.

***

Кыргыз филологиясы факультетинде дагы бир айкөл, жүрөгү таза, өмүр бою романтика менен жашаган кыргыз жаштарынын интеллектуалдык жактан өсүшүнө күйүп бышкан, улан-кыздарыбыз башка улуттун жаштарындай өссө экен, жогорку маданиятты өзүнө сиңирсе экен деген асыл тилектеги айжаркын эжебиз Булбул Суранчиевна да өмүрүн, билимин бизге берип, ааламдан кете берди. Эже майрамда студенттер менен чогуу ырдап, бийлеп, ак көйнөк кийип, ак жоолугун салынып алып, биздин баарыбызды суктантып, өзүнчө эле романтикалуу дүйнө эле. Жаз алдында көктөм майрамын өткөрчү, факультеттин короосундагы бийик теректерге селкинчек тептирип, улуттук оюндарды уюштурчу. Стефан Цвейг, Джек Лондон, Вильям Шекспир сыяктуу аалам адабиятынын алптарынын чыгармачылыгы тууралуу тамшанып сүйлөп, өзгөчө Ак боз атын алкынткан Алыкул жөнүндө, Гүлсаратын минип аалам аралап бараткан Чыңгыз жөнүндө башкача эргип, сыймыктануу менен сабак өтүп жатып, кыял кемесине чөмүлүп, студенттик курагында жаштардын бий кечесинде али эч кимге белгисиз Чыңгыз аны бийге чакырганын жаштык кезиндеги эң эсте каларлык окуя катары эргип эскерчү. Булбул Суранчиевна менен Жээналы Шериевич теңтуш, бири-бирин урматтаган чыныгы интеллигенттер эле.

Эже өмүрүнүн акыркы күндөрү катуу ооруп калды. Жээналы агай жаштыгынан бир жамаатта иштеген жакын курбусунун ооруусуна жаны кейип, кабар алып турду.

Эжени акыркы сапарга узатуу жыйынында Жээналы агай: «Булбул Суранчиевна менен дос болчумун. Көп жыл катарлашып иштеп, чыныгы ынак болуп, ар кандай жакшылыкты да, жамандыкты да чогуу өткөрдүк. Кээде мен Булбулдукуна, Булбул биздикине, келип, сырдашып, маектешер элек. Мен чыныгы досумдан, чыныгы интеллигенттен Булбул Суранчиевнадан айрылдым» деп өтө өкүнүп, кайгырып сүйлөгөн эле. Жээналы Шериевич сөздүн түз маанисинде чыныгы мырза болчу. Анын мырзалыгы, интеллигент ак сөөктүгү өзгөчө кыздарга, аял затына мамиле жасаганда ачык көрүнчү. Аял затын сыйлап, урматтап, колунан келсе алаканына салып алчудай мамиле жасачу. Мырзалыкты да бизге Жээналы агай үйрөтүп кетти.

***

Эки жыл илгери орозо мезгилинде кечирээк иштен кайтып баратсам, Ноокат айлампасынын алдында жол четинде Жээналы агай колун артына алып, шагдам басып, үйүн көздөй баратыптыр. Агай дайыма сары «Москвичин» минип, же кызматтык «Волгасында» жүрчү. Бул жолу негедир жөө баратканын көрүп, атайын токтоп, келиңиз агай үйүңүзгө жеткирип коеюн», - дедим. Агай адатынча коңур, жагымдуу үндө кыраат менен салмактуу сөз айтып баратты. «Бүгүн мага дельтаплан менен Сулайман тоонун үстүнөн тартылган видео кассетасын көрсөтүштү. Буга дейре сүрөтчүлөр Сулайман тоону Чыгыштан, Батыштан, Түндүгү менен Түштүгүнөн тартылган сүрөттөрүн ар кандай учурда кечкисин, түнкүсүн, таң эртеңдегисин, кар жаап жаткандагысын, ала шалбырт жаздагысын, берекелүү күздөгүсүн ар кандай убактагысын тартышкан. Сулайман тоосу кайсы тараптан, кайсы убакта тартылбасын өзүнүн ыйыктыгынан жазбайт. Ал эми үстүнөн тартылган Сулайман тоонун келбетинин кооздугун, кереметтүүлүгүн эч нерсе менен салыштыра албайсың. Не деген ажайып тоо», - деди. Агай Сулайман тоону, дегеле тоолорду сүйчү. Байдылданын, Сооронбайдын лирикаларындагы тоонун сүрөттөлүшүн ушунчалык эргип жазган. Жээналы агай тоодо төрөлүп, ою да тоодой бийик, өзү да тоодой залкар инсан эле. Элине да тоодой эмгегин калтырды.

***

Мындан бир нече жыл мурда айтылуу Барпы акындын 110 жылдыгына арналган илимий-теориялык конференция ОшМУнун чоң залында өтүп жаткан. Пленардык жыйында көрүнүктүү Барпы таануучу, адабият билерманы Кадыркул Даутов Барпынын поэзиясынын философиялык өзөгү, мазмундуу маңызы жөнүндө ар тараптуу илимий баян жасагандан кийин, көпчүлүк илимпоздор андан кийин сүйлөөдөн апкаарып, анын оюн кайталоодон тартынып, эмне деп жаңы ой айтууну таппай турганда, Жээналы Шериев трибунага чыгып, Барпы акындын поэзиясын, тагдырын башка өңүттөн карап, эки көзү азиз болуп калгандан кийин ал турмушту, жашоону анын сырткы формасы аркылуу тааныбастан, көкүрөгү менен туюп, акылы менен калчап, жашоонун маңызын өзгөчө акыл парасаты менен туюнганын анын поэзиясынын, философиясынын артыкчылыгы ушунда экендигин эч ким күтпөгөн аргументтер менен далилдүү айткан. Ой учугун улоого ошондо Ж.Шериев гана жараганын көрүп анын ораторлугуна таң калганбыз. Ж.Шериев эч ким жол таппай турган жерден акыл таап, ар кандай кырдаалдан ынанымдуу ой менен чыга алган, өзүнүн демилгеси жана идеясы менен жашаган инсан болчу.

***

Жээналы агай өзгөчө жаш окутуучуларга саресеп салып, өсө тургандарды анын жерине, тегине карабай колдочу. Ал жаштарга устат эле. Кээде менин гезит бетине жарык көргөн макалаларыма карата өз пикирин айтчу. Мен андан кеңеш алчумун, илимий ишимди жактоонун алдында да агайдан масилет сурап бир нече ирет кайрылдым. Аянбай адабияттарды, өзүнүн изилдөөлөрүн берди. Кээде тынчсызданып илимий ишимди тезирээк жактоого шаштырды. Кандидаттык ишиме пикирин билдирди. Коргоп келгенде атайын биринчилерден болуп озунуп сүйүнчүмдү бөлүшүп куттуктады. Азыркы кезде бирөөнүн сүйүнүчүн жактырбагандар, ошол сүйүнүчтү колунан келсе ыраа көрбөгөндөр чыкканда агайдын кең пейилдигине ыраазы болосуң.

***

Жээналы агайды бардык жерде окутуучулар да, студенттер да, теңтуштары да, эл да, бийликтегилер да, байлыкка чиренгендер да сыйлап турушчу. Анткени сергек акыл, топ жарган чечендик, кылычтай чечкиндүүлүк баарынан бийик тура.

Агай ушул касиеттерге эгедер эле.

***

Бир жолу философ-публицист, оригиналдуу ойлонгон инсан Аркабай Топчуев агай: «Жээналы ака бир чоң шедевр жаратып койгон, ал билимдүү десең билимдүү, келбеттүү - уулу Абдыганы», - деди. Абдыганы ака атасынын жолун жолдогон окумуштуу педагог. ОшМУда жаш факультеттин деканы, демилгелүү уюштуруучу. Атасынан көп нерсени жуктурган. Өкүнүчтүүсү, атасы уулунун докторлугун жактаган күнүн күтүп жүрдү эле. Агайдын кыздары да баары билимдүү, эл кызматын аркалап атасынын улуу атын уят кылбай тургандардан. Анткени көрөңгөлүү тарбияны атасынан алышкан. Эки небереси бири - Түркияда, бири - Москвада билим алышат. Буюрса, алардын агайдын атын бийик чыгарчу күндөрү алыс эмес.

***

Академик, адабият сынчысы Абдыганы Эркебаев Жээналы Шериевичтин 60 жылдык кечесинде: Кыргызстандын Түндүгүнөн көрүнүктүү жазуучу-акындар көп чыккан менен алардын чыгармаларын сындап жүрүп, Түштүктөн көрүнүктүү сынчылар көп чыкты. Аларга: М.Борбугулов, С.Жигитов, К.Бобулов, К.Даутов менен бир катарда Ж.Шериев да кирет деген. Ж.Шериев «Кыргыз адабияты» аттуу фундаменталдуу эмгектин авторлорунун да бири. «Байыркы Түрк адабияты», «ХХ кылымга чейинки кыргыз адабияты», «Адабият тааныткыч», «Адабият терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү» сыяктуу көрөңгөлүү эмгектердин автору болду.

Агайдын экинчи өмүрү болуп анын эмгектери кыргыз барда жашай берет.

***

Жээналы агайга, «Жашоодо өзүңүзгө ыраазы болгон учуруңуз болгонбу?», - деген суроого «1989-жылы мамлекеттик тил мыйзамы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссияда иштеп, мамлекеттик тилдин өсүшүнө салымымды кошконума өзүмдү бактылуу сезем», - деп айтканы эсимде. Ал кыргыз тилин сүйгөн чыныгы патриот болчу. Областтык «Эне тил» коомун жетектегенде алгылыктуу иштерди жасагандыгы белгилүү. Анжиянда, Жызакта «Кыргыздар» коомун түзгөн. Четтеги кыргыздарга бир боорлорубуз катары мамиле жасап, конкреттүү жардамдарды көрсөткөн. Ал кыргыз улутундагы атуулдарды каерде, кандай кырдаалда болсо да колдоону өзүнүн адамдык парзы деп эсептеген.

***

Г.Айтиевдин жана айтылуу Курманжан датканын юбилейин өткөрүүдө агай областтык штабды жетектеди. Ишти уюштурууну, бардык маселени өз жеринде тез, так чечкенди, ар нерсеге фантазия менен чыгармачылыкта мамиле жасоонун үлгүсүн көрсөттү. Датка энебиздин маарекеси чоң уюшкандыкта, жогорку деңгээлде өттү. Ж.Шериев тарых, маданият, улуттук мурас, искусство тармагында компотенттүү илимпоз, жан күйгүзгөн инсан экендиги менен бизге үлгү болду.

***

Быйыл ОшМУнун университет статусун алганына 10 жыл толот. Эсимде Президенттин Указын жалпы жамаатка тааныштырып, куттуктаганы келген ошол кездеги вице-премьер А.Эркебаев, билим берүү министри Ч.Жакыпова Ж.Шериевге «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер» наамын ошол күнү тапшырышкан. Агай ОшМУнун алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн болчу. ОшМУнун 50 жылдыгына катышып, жакшы сөздөрүн айтып жүрдү.

Өкүнүчтүүсү, мамлекеттик сыйлык алган, ОшМУга университет наамы берилген күнгө жакында 10 жыл толот. Агай бул маарекеге катыша албай калды.

***

Учурда белгилүү инсандар – Улуттук университетте билим алышкандар: «биз - Юдахинден билим алганбыз, биз - Карасаевдин сабагына катышканбыз, биз - Юнусалиевдин дарсын укканбыз, биз - Мукамбаевдин сөздөрүн тыңшаганбыз»- деп бул улуу тилчилерди туу тутунуп, сыймыктанууу менен айтышат.

Урматтуу агай, Сиздин колуңуздан билим алуу бактысы буюрган Ош мамлекеттик университетинен бүткөн миңдеген тилчи-адабиятчы шакирттериңиз да башыбызды бийик көтөрүп «Биз Шериевден окуганбыз, лекцияларын укканбыз, тарбиясын алганбыз»- деп сыймыктанып айтууга акыбыз бар. Сиз биздин визиткабыз катары биздин терең билим алганыбыздын гаранты, адис катары калыптанышыбыздын паспорту катары эсептелип калдыңыз.

Мен Шериевден билим алганмын, - деген сөз кандай сыймыктуу, уккулуктуу жана ынанымдуу жаңырат.

***

Чыңгыз Айтматов «Биринчи мугалим» повестин: «Бул сүрөттү али тартып бүтө элекмин…»- деп баштайт эмеспи. Миңдеген студенттерди адабият ааламына – адеп-ахлак, ыйман, аруулук, сезим, эргүү, сүйүү, жакшылык дүйнөсүнө жетелеген Жээналы агайдын да илимпоздук, педагогдук, адамдык асыл сапаттарын сыйдырган чыныгы сүрөтү али тартылып бүтө элек. Болгону бир штрих жасалды. Келечекте жүздөгөн шакирттери агай тууралуу эскеришип, эсте калган элестерди, сүйкүмдүү сүрөттөрдү тартышаар. Агайды эстеп кайгыруу, кубануу эмне экенин сезесиң.

Жашоого кумарланып, таза, илхам менен иштегиң келет. Үмүт отун тутантып, жүрөктөргө жылуулук чачкың келет. Тагдыры оо дүйнөгө көчсө да, суктандырган өмүрлөр болот. Калтырган таалими кийин да таасирин жоготпойт. Көрсө, агай чыныгы педагогдун өмүрү, турмушу, изденүүсү кандай боло тургандыгын бизге көрсөтүп кетиптир. Үлгүлүү, нарктуу, маңыздуу өмүр - көзү өтсө да, тирүүлөр суктанган өмүр болсо керек. Мен сүрөтчү эмесмин, болгону сөздөн сүрөт тартууга талпынган талапкермин. Көр тирликтин көйгөйүнөн бошогондо мен да бул сүрөттүн калган штрихтерин тартууга киришемин, дем-күч топтоп, сөзсүз кайрыламын.

2002-жыл


               

Устаттарым жөнүндө эскермелер

|< 1 2 >|