Устаттарым жөнүндө эскермелер

Сөзгө айланган агайым жөнүндө Сөз (Профессор Т.Ашырбаев жөнүндө эскерүү -эссе)

«Токтосун Ашырбаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтыптыр»,- деген сөздү алгач укканда адамдардын бирда бири ишенген жок. Эч кимиси аны оо дүйнөгө ыраа көрбөй турушту.

Анткени кечээ эле кесиптештерине тамаша сөз айтып, жаркылдап жүргөн, сүйлөгөн сөзү ташка тамга баскандай кыналып турган, студенттер окуган дарстарын чыдамсыз күткөн инсанды мынчалык күтүүсүз бул жалгандан кетет деп ким ойлоптур.

«Жашоо – жалган, өлүм - ак» деген элибиздин сөзүнө тан берип, агайды оо дүйнөгө узатып, кыргыздын тапталып турган кыраанын күтүүсүз колдон учуруп, маркум менен коштошууга келген жан досу, кыргыздын дагы бир чыгаан тилчиси Абдыманап агай айткандай, Токтосун агайдын үй-бүлөсү, туугандары, кесиптештери, шакирттери, окуткан сабагына суусаган миңдеген студенттери «жер муштап кала бердик».

* * * *

Илимпоз инсан бир бийиктикке чыкканда, көкүрөгү көлкүп, акылы тазарып, тунуп, түшүнүгү тереңдеп, эт жүрөгү эргип, жарышка чыкса мөөрөй ала турган тулпарга окшоп, туягы кызып, же болбосо алыстан олжосун көрүп, шукшурулуп сызып бараткан бүркүткө окшоп канат кагып, күүгө келип калат экен. Чү дегенде, сызып учкан тулпардай, Токтосун агайдын айткан кеби, жазган сөзү нукура илим болуп калган эле. Акылы толуп тажрыйбасы ашып-ташып, кыргыз тилинин стилистикасынын бир капшытын омкоруп, өзүнүн илимий чыйырын салып, китеп артынан китеп жазып, ой артынан ой таап калган кезде, илимге көзү каныгып, убакыттын жебеси менен жарышып, агай бир колу менен илимдин тизгинин кармап, бир колу менен мезгилди желкелеп калганда, элибизге бергенинен да бере элеги көп кезде түбөлүктүүлүккө жол салып кете берди.

Ошондуктан Токтосун агайды өлдү деп айтууга болбойт. Ал өзүн өлбөстүккө жеткирип кетти. «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» дегендей, анын экинчи өмүрү болуп анын ондогон илимий китептери, монографиялары, окуу китептери миңдеген кыргыздардын энчиси, менчиги катары колдон-колго, муундан-муунга өтүп окула берет. Токтосун агай Кыргызстандагы өзбек мектептери үчүн кыргыз тилин жазып, мамлекеттик тилдеги иш кагаздардын үлгүлөрүн жазып, элибизге нар көтөргүс эмгектерди калтырды. Эң өкүнүчтүүсү, өзү түзгөн Мамлекеттик тил кафедрасындагы бардык жаш окутуучулардын ар бири менен кыргыз тилинин түрдүү багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү, китептерди, диссертацияларды авторлошуп жазып жатышкан эле. Алды илимий иштерин жыйынтыкташып, коргоого даяр болуп калышкан. Жаштардын баарын илим жолуна түшүрдү, изденүүгө, эмгектенүүгө үйрөтүп, булактын көзүн ачкандай, жаштарга чындап жол көрсөтүп келе жаткан. Баарына жол көрсөткөн, үйрөткөн, багыт берген ошол маяк жүрөк кагуудан калды. Кафедрадагы Асылбек, Токтомамат агайлар, Майниса, Курманжан, Мастура, Мактым, Салтанат, Бактыгүл сыяктуу эжейлердин кабыргасы кайышып, оор жоготуудан өздөрүнө келе албай, дендароо тартып турушат. Мен Сиздерге айтарым, кафедрада агайдын руху калды, ал Сиздер менен дайыма бирге жашайт. Андыктан белди бекем бууп, башты бийик көтөрүп, агай бүтүрбөгөн иштерди Сиздер бүтүрүп, аягына чыгарыңыздар дегим келет.

* * * *

Токтосун агай ар тараптуу инсан эле. Аккордеондо студент кезден «Асира» деп обон созуп, комуздун үч кылын күүгө келтирип, «Сагындырба сагынбайын, аркардайым, маралдайым» деп коңур үнү менен эргип ырдаар эле. Кээде колуна калем алып, ыр жазар эле. Өмүрлүк жубайы Турдукан эжей кээде «элдин баары аялдарына ыр жазат. Сен качан мага ыр жазасың» деп тамашалашса, «мен сага арнап стилистика деген ыр жазып жатпайымбы» дечү экен. Агай стилистикасын бүтүндөй кыргызга ырга айлантып калтырып кетти. Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романынын тили боюнча кандидаттык диссертациясын жазып бүткөндө, «Сынган кылычтын» ар бир сөзүнүн түбүнө түнөп, ар бир сөзүн сындырып чыктым деген эле.

Токтосун агайдын эрки күчтүү болчу. Мындан 14-15 жыл мурда тамеки менен аракты бир күндө таштап, ошондон бери оозуна алган жок. Бирок ага чейин тамекини дембе-дем тартчу. Танаписте чыгып эле студент балдар менен чогуу туруп, тамеки тартып, студенттер менен теңата болуп, алардын ал-жайын, ден соолугун, жашоо шартын сурап пикир алышып, ошентип студенттердин сүйүктүү агайы болуп кеткен эле. Анда биз да студент элек. Кыргыз филологиясы өзүнчө бөлүнүп чыкканда, студенттик демократия аябай дуулдап турганда, ректораттын планын бузуп, Токтосун агайды декандын орун басары, кыргыз филологиясы факультетинин деканы кылып шайлаганбыз. Анда студенттерден да өкүлдөр Окмуштуулар Кеңешине мүчө болушаар эле. Токтосун агай кыргыз филологиясы факультетин декан катары түптөдү. Оо ал кезде студенттик иш-чаралар кызуу өтчү. Токтосун агай КВН, конкурс, фестивалдарда бизди - студенттерди кызуу колдойт эле. Анда факультетке шашып келип, кечке маал канааттануу менен кетчүбүз. Факультетте жүрүүнү өзүнчө майрам катары сезер элек.

* * * *

Ошол кезде студенттер арасында «дүйнөдө эки жамандык болбосун: атом бомба жарылбасын, Ашырбаев таарынбасын» деген сөз бар эле. Агай ишеничти актабаган студентти урушуп, кыйкырып отурбай, дароо таарынып калаар эле. Агайдын талабын аткарып, сабагында жакшы окуп, же тартибиңди оңдомоюнча агайдын таарынычы жазылбайт эле. Биз да пахта теримде бир ирет таарынтып алып, араң таарынычын жазганбыз. Токтосун агай илим тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыкты алды. «Кыргыз тили» медалына татыктуу болду. Кыргыз Улуттук Илимдер академиясына мүчө – корреспонденттикке көрсөтүлүп, шайлоого чейин күтүп тура албай, шашкан бойдон чексиздикке кете берди.

* * * *

Мындан сегиз жыл мурун Нургазы Мусаев аттуу студентибиздин (азыр журналист) «Нур» газетасына «Агай мал болосуз» деген макаласы чыккан. Анда минтип жазат: «Токтосун агай бир жума ооруканада жатып, ишке чыккан күнү биз, студенттер агайды сагынып калганыбызды айтып, агай менен бирге сыртта тамеки тартып турганбыз, арабыздан бирөө: «Агай, өңүңүз тазарып, жакшы болуп калыпсыз»,- деп агайды караганда, агай аны карап баарыбызга: «Деги мал боломбу?»,- деп тамашалап суроо салса, баарыбыз: «Агай мал болосуз, мал болосуз», - деп хор менен баш ийкеп, жооп бериппиз», - деп жазган эле. Чындап эле агай студенттер айткандай ал оорусунан жакшы болуп, айыгып кеткен эле.

* * * *

Бир ай мурда чыгаан акын маркум Курбанбай Калдыбаевдин «Сапар түйшүгү» китебинин бет ачарында Токтосун агай көпкө сүйлөдү. Анда Курбанбай Калдыбаев аларга куратор болгондугун, анын тарбиясын алгандыгын айтып келип,: «Курбанбай Калдыбаевдин жүрөгү сезгич болбогондо, коомдогу карама-каршылыктарды байкамаксан болуп жүрө бергенде, адамдардын өз ара мамилесине күйүп-жанбаганда, эч нерсе болбой эле, азырга чейин биздин арабызда жүрө бермек»,- деди.

Балким, агай да мамлекеттик тилибиздин күнгөй-тескейине күйүп жанбай, улутубуздун бүгүнкүсүнө, эртеңкисине кейибегенде, маданиятыбыздагы кемчиликтерге жүрөгү оорубаганда, көптүн бири катары кол шилтеп коюп, кайдыгер басып жүрө бергенде, арабызда эсен соо жүрө бермек. Бирок, Токтосун агай көптүн бири эмес болчу, улутубуздун чыныгы патриоту, нукура илимпозу катары көп нерсеге акылы жетип, колу жетпей калганына өкүнүп, түтпөй кетчү.

************

Токтосун агай студенттерден, аспиранттардан, мугалимдерден сынак алчу. Анан да эң негизгиси, Кыргызстандын Президентинен да экзамен алган Түштүктөгү жалгыз илимпоз болчу. Токтосун агай досторунун, курдаштарынын арасында лидер эле. Момуналиев Сатканбай, Нуруев Тыныбек, Жалилов Абдыманап, Кадырова Анара, Искендерова Суусар, Абдувалиева Бүайда баары өзүнчө кыргыз тилине, адабиятына күйгөн инсандар. Агай булардын ичинен биринчи болуп илимдин доктору, профессор, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болду. Досторунун көч башында жүрдү. Токтосун агайдын достору али агай жөнүндө жүрөк сырларын айтышар мезгил алдыда.

**********

Токтосун агай өмүрлүк жубайы Турдукан эжей менен эки уул, эки кызга таалим-тарбия берип, татыктуу өстүрүштү. 8 неберенин бактылуу чоң атасы эле. Мындай карасаң Токтосун агай уул-кыздарынын турмушта ордун тапканын көрүп, көңүлү тынч болчу, үй-бүлөсү ынтымактуу, ырыстуу болчу. Илимде бир жарк этип, жанып, из калтырды, миңдеген студенттердин жүрөгүндө калды. Кыска, бирок нуска, өрнөктүү, мазмундуу өмүр сүрдү.

* * * *

Токтосун агай менен кез-кезде сырдашып, ой бөлүшүп, пикир алышчубуз. Мага кеп-кеңештерин айтчу. Агай менен мамлекеттик тил салаасында биргелешкен ойлорубуз, пландарыбыз, максаттарыбыз бар эле. Алардын айрымдары башталып, айрымдарына эми гана киришип жатканбыз. Аягына чыкпай калган көп иштериңизди шакирттериңиз биз аткарууга аракеттенебиз деп ойлойм.

* * * *

Токтосун агай кыргыз сөзүнүн маани-маңызын, касиетин, сырын иликтеди. Кыргыз тилине өмүрүн арнады. Ар бир сөздүн, тыбыштын түбүндө жатып изилдеген окумуштуу болчу. Сөзгө өмүрүн арнап, эми өзү да Сөзгө айланып кетти. Ал эми Сөз өлбөс нерсе. Анткени баарынан мурда Сөз болгон. Агай тууралуу артында жакшы Сөз калды. Мындан өткөн түбөлүктүүлүк барбы.


               

Устаттарым жөнүндө эскермелер

|< 1 >|