Устаттарым жөнүндө эскермелер

Большая личность

Бүтүндөй акыл эсинде, сезим туюмунда адамдарга жарыгым тийсе, колдон келсе баарына жакшылык кылсам деген ак ниетте жүргөн асыл адамдар болот.

Мындай адамдар чындыгында турмушта сейрек кездешет. Дене боюна улуттук баалуулуктарды сиңирип, нарк-насилди туу тутуп, өмүр бою жакшылык жасоону өзүнүн жашоодогу вазийпасы катары сезген инсандар бирөөгө жакшылык сунгандан канааттануу алышып, башкаларга үлгү болушуп, өрнөктүү өмүр сүрүшөт.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Токтомаматов Кантөрө Шариповичти мен ошондой нускалуу өмүр сүргөн, адамгерчиликти өзүнүн жашоодогу кредосу катары сезген, сүйлөгөн сөзү, аткарган иши биз сыяктуу жаштарга үлгү болгон ардактуу инсан деп билем.

Кантөрө Шарипович, артында салмактуу из калтырды, мазмундуу өмүр сүрдү.

Агай бир сырдуу, миң кырдуу инсан эле. Мен агайдын жасаган эмгектерине, тутунган принциптерине карап үч багыт боюнча калтырган өмүр сабагын айткым келет.

Жогорку билим берүү ишин уюштуруунун устаты

Агай бүтүндөй өмүрүн, энергиясын, жан жигерин Кыргызстандагы жогорку билим берүүнү өркүндөтүүгө арнады десек жаңылышпайбыз.

Кыргыз Улуттук университетинин экономика факультетинде иштегенден тартып, жогорку билим берүүнүн уюштуруучусу, өркүндөтүүчүсү катары эмгектенди.

Өзгөчө эгемендүүлүк келгенден кийин өлкөбүздө жаңы типтеги окуу жайлар ачылды. Кантөрө Шарипович ойлонуп олтурбай эң алгачкылардан болуп жаңы типтеги, жаңы моделдеги окуу жайды негиздеди. Жаңы мазмун, жаңы формада Жалал-Абад Коммерциялык институтунун пайдубалын түптөдү, өз колу менен өнүктүрүп, өстүрдү. ЖАКИнин эл аралык байланыштарынын кулачын кеңейтип, өзгөчө Туркиянын, Европанын университеттери менен түздөн-түз байланыштырды, Жаңы адистиктерди ачып, улан-кыздарыбызды чет өлкөлөргө чыгарып, регионго күчтүү илимий потенциалды топтоп, окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыңдап, жаңы окуу имараттарды, жатаканаларды, лабораторияларды, спорт комплекстерин салып, ЖАКИни өзүн-өзү каржылаган Кыргызстандагы эң абройлуу окуу жайлардын бири катары таанытты.

Бул окуу жай өнүгүп-өсүп олтуруп, Экономика жана Ишкердүүлүк университетине өсүп жетти. Заманбап билим берген, артыкчылыктуу адистиктери бар университет болду.

Эсимде университеттин маарекеси болуп, Оштон бир топ университеттердин ректорлору, профессорлору куттуктаганы барганбыз.

Ошондо юбилейге Түркиядан “Түрк дүйнөсү” эл аралык уюмунун негиздөөчүсү Туран Йазгандын уулдары жана Түркиядан 20 дай университеттин ректорлору, Бишкектен Кыргызстандын бардык университеттеринен атактуу окумуштуулар, илимпоздор, коомдук ишмерлер келишкен.

Баары Кантөрө Шариповичтин уюштуруучулук ишмердүүлүгүн, илимпоздугун, жетекчилик талантын суктануу менен чың жүрөктөрүнөн айтып жатышты. Мен ошондо агайдын эл аралык аброюнун арткандыгын, өскөндүгүн өз көзүм менен көрдүм.

Азыр Кантөрө Шарипович түптөгөн, негизден, өнүктүргөн университет Жалал-Абаддагы Эл аралык университет деген жаңы статуска ээ болуп, жемиштүү иштеп жатат.

Мен учурунда агайдын көзү тирүү кезинде бир нече ирет университетке барып, бир топ жаңы багыттарды, жаңы ойлорду алганмын, тажрыйбаларын үйрөнгөнмүн.

Өмүрүнүн акыркы жылдары агай университеттин Камкорчулар Кеңешинин төрагасы болуп, жаштарды тарбиялап өстүрүп, жетекчилигин өткөрүп берип, бул жагынан да көптөрүбүзгө үлгү боло алды.

Кеп кеңешин, Бакай атабыздай болуп аксакалдык кебин, насаатын айтып, университетин өнүгүүнүн сапаттык баскычына көтөрдү.

Университеттин илимий-педагогикалык жамаатын ынтымактуу, бир максатка бириккен жамаатка айландырды. Эл аралык географиясы кеңейди. Эң башкысы бул университеттен мыкты бүтүрүүчүлөр чыгып жатат.

Эгемендүүлүк жылдарда кандай кыйын кырдаалдар, оор мезгилдер болбосун, агай кабагым-кашым дебей, салабаттуулугунан жазбай коомдогу салмактуу таасири менен университетти мыкты, өнүп-өскөн окуу жайга жеткирди.

Ушул университетти түптөөгө арнаган эбегейсиз эмгеги менен Кантөрө Шарипович Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн устаттарынын бирине айланды.

Өмүрүн эң гумандуу ишке, жаштарды окутууга жана тарбиялоого арнады.

Из калтырган илимпоз

Кантөрө Шарипович кыргыз илиминин өнүгүшүнө да бараандуу салымын кошту. Агайдын камкордугунда өзү жетектеген университеттен түрдүү илимий багыттар боюнча ондогон докторлор, жүздөгөн кандидаттар чыкты.

Экономика илими боюнча агайдын шакирттери Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда жемиштүү иштеп жатышат.

Өзгөчө Ош мамлекеттик университети менен агай жетектеген Экономика жана Ишкердүүлүк университети биргелешип ачкан атайын Адистештирилген кеңеште Кантөрө Шарипович төраганын орун басары, кийинки жылдары Диссертациялык кеңештин төрагасы болуп, ийгиликтүү иштеди.

Кантөрө Шарипович илим жасаймын деген жаштарга жол көрсөткөн, жардамын аябаган илимпоз эле. Дайыма жаш илимпоздорго батасын берип, эч кандай тоскоолдук кылбай, тескерисинче, алардын көңүлүн көтөргөн, жөлөп-таяган окумуштуу эле.

Азыр бул Адистештирилген кеңеш Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы мамлекеттер аралык Диссертациялык кеңешке өсүп жетти.

Ондогон илимдин кандидаттары илимий ишин жыйынтыктаган, илимий наам алган ак жолтой кеңеш болду.

Агай биздин университетке ай сайын Диссертациялык кеңешке келээр эле. Агай менен баарлашуу дайыма жагымдуу болчу. Анткени кандай маселе боюнча кеңеш сурасак, билгенин аянбай айткан, ак дилинен ой бөлүшкөн, айкөл инсан эле. Берилген суроолорго акырын жылмайып, позитивдүү энергия менен жооп берчү.

Адамгерчиликтин академиги эле

Түштүктө элдин күндөлүк кебинде айкөл, адамгерчиликтүү, сабырдуу, кечиримдүү касиетке ээ болуп, башкаларга жарыгын чачып турган адамды “Дарыя адам” деп коюшат. Анткени дарыя табиятты тазартып, жамандыкты жакшыртып, караны агартып, жууп, тазалап, аруулантып, жандуунун тамырына, өзөгүнө суу жүгүртүп, өмүр берип турат эмеспи. Агып жаткан дарыялардай болуп Кантөрө агай да адамдын жан дүйнөсүн жаркыткан, ар кандай маселени адамгерчилик менен чечкен, үмүт менен келген адамдын көнүлүн көтөргөн инсан эле. Мындай касиети атасынан алган нускалуу тарбиясы аркылуу көрүнүп, ички маданиятынын жогорулугу, адамгерчилигинин табигыйлуулугу менен жуурулушуп кетчү.

Өзү да келбети олбоорлуу келген, баатыр мүнөз келбетине жараша майдаланбаган, бийиктигинен, инсандык парасатынан жазбаган устат эле. Бизге окшогон жаштар кеп-кеңеш сурап барганыбызда туура жол көрсөткөн, масилатин аябаган, өсүп келе жаткан адистерди колдоп-кубаттаган жоомарт адам эле.

Үй-бүлөсүндө, өзгөчө бир туугандарынын арасында анын айтканын баары урмат менен аткарышчу. Анткени бир туугандары, тууган-уруктары, бактап-шактаган, гүлдөп-бүрдөгөн үй-бүлөлүк династиянын улантуучуларынын бардыгы “Шарип атабыздан кийин биздин атадай көргөн агабыз” дешип Кантөрө агайдын айтканын айткандай аткарганын көрүп, булардын улууну урматтаган ынтымагына, биримдигине дайыма суктанабыз.

Өзгөчө Мария эже агайды катуу урматтап, өмүрлүк жубайы катары бардык учурларда агайдын жанында болду. Уул-кыздарын өстүрүп, татыктуу тарбиялап, жакшы кесип беришип, илим жолуна салышты. Алар да агайдын сыймыктуу жолун ишенимдүү улантып жатышат.

Бир жолу Ысык-Көлдө үч күн агай менен бирге конференцияда болуп, жанаша бөлмөдө туруп калдык.

Күн сайын кечинде кыздары, неберелери Бишкектен атайын агайга тамактарын даярдап барышып, ден соолугун сурашып, кабар алышып, турушту. Кыздарынын агайга үйрүлүп түшкөн мындай мамилесин көрүп, агайды кандай бактылуу Ата деп суктанып, балдарына ичим жылыган.

Кантөрө Шарипович жогорку билим берүүнүн ишин уюштуруунун устаты катары, илимий-педагогикалык изденүүлөрүн ийгиликтүү жүргүзгөн окумуштуу, жаштарга илим жолун көрсөткөн устат-илимпоз педагог катары, адамгерчиликти туу туткан инсан, бактылуу үй-бүлөнүн атасы, чоң атасы катары өтөлгөлүү өмүр сүрдү.

Артында бараандуу из калды. Жаштарга өрнөк болчу өтөлгөлүү өмүр сабагын калтырды.

Кантөрө агай жакшы Атанын уулу катары, мазмундуу жашап өттү. Ал эми артында калган бир туугандары, уул-кыздары, неберелери Шарип атанын үй-бүлөлүк данктуу династиясынын жолун ар-намыстуулук, абийирдүүлүк менен улантып жатышат.

Биз агайдын таалимин алып, көзүн көргөн, кебин уккан адамдар Кантөрө агайды эскерип, өткөргөн өмүр жолун жаштарга нуска катары айта беребиз.

Исаков Каныбек Ош мамлекетик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор


               

Устаттарым жөнүндө эскермелер

|< 1 2 >|