Устаттарым жөнүндө эскермелер

Жолдуу агай Жолболду

(же залкар обончу Жолболду Алибаевдин жубайы Бусайра эженин сыр бөлүшүү китебине баш сөз)

Ушул жылы кыргыздын көрүнүктүү обончусу, элибиздин бешенесине жаралган кайталангыс таланттуу инсан, агайыбыз Жолболду Алибаев 70 жашка чыгып, журтубуздун алдында жарык жүздө чыгармачылык отчетун беремин деп турган кези. Бир кезде Рысбай Абдыкадыров баштаган чыгармачыл толкундун таасиринде обончулук өнөргө келип, анан ошол топтон суурулуп чыгып, өзүнүн чыгармачыл чыйырын, жолун таап, бүгүн ошол обончулук өнөрдүн салттарын өзүнүн изденүүлөрү менен байытып, обончулукка жаңы боёк, жаңы мазмун берген Жолболду агай калкыбыздын арасында кадырга бөлөнүп, элибизге эмгеги сиңип, бүгүн да обон жаратып, бүгүн да жүрөгүнө эргүү келип, көөдөнүндө обон уялап турган мезгили.

Мен Жолболду агайдын чыгармачылыгын үч этапка бөлүп карайт элем. Биринчи мезгил, акын болсом деп алгачкы ырларын жазып, ал ырлар мезгилдүү басма сөздөргө жарыяланып турган кезде, аккордеондун сыйкырына азгырылып, акын жана обончу болсом деп дегдеп Жолон Мамытовдун, Мамат Оморовдун, Рысбай Абдыкадыровдун ошол кездеги күчтүү толкунуна катуу таасирленип, жан дүйнөсүндө поэзияга, музыкага, обонго болгон сүйүүсүнүн жаралган мезгили. Ошол инсандар менен түздөн-түз жеке жолугушуулары, алардын кеп-кеңештери, багыттары, күндөлүк турмуштагы адамдык байланыштары, мамилелери аны делөөрүтүп, адабият, искусство деңизине алып келген. Атагы таш жарып турган Рысбайдын ырларын дал өзүндөй чебер аткаруусу, эл арасында “экинчи Рысбай” деген наамга ээ болуусу жаш жигиттин жаңы бийиктиктерге чыгуусуна дымак берген.

Кийинчерээк “акынга мансап эмес, тагдыр керек” дегендей өзүнүн курагына ылайык сүйүүлөргө учурап, тагдырындагы жандырмагы белгисиз татаал окуялар жаш таланттын өзүнүн обондорун жаратуусуна жол ачкан.

Жан дүйнөсүндөгү дүрбөлөң, буулуккан сезимдер, өжөр кыялы аны эч кимге окшобогон ырларын жаратуусуна алып келген. Ал ырларды аккордеондо аткарып, кыргыздын кыйырына таанылган мезгилин чыгармачылыгынын II этабынын башталышы катары караса болот.

Өзүнүн стилин калыптандырып, жаңы кайрыктарды таап, совет бийлиги мезгилинде ондогон обондорду жаратып, кыргыздын музыкалык өнөрүн байыткан, өзүнүн күйөрмандарын жана угармандарын тапкан. Жолболду Алибаев обончу, чебер аткаруучу катары обон сүйүүчүлөрдүн арзуусуна татыган.

Ал эми чыгармачылыгынын албууттанган дарыядай күргүштөгөн мезгили катары эгемендүүлүктүн жылдарын айтсак болот. Жетимиш жыл саясаттын таасиринде унутулуп бараткан улуттук руханий мурастарыбызды кайрадан элибизге кайтарып берүүдө балким, Жолболду Алибаевдей эмгек сиңирген талант болбосо керек. Залкар ырчылар Жеңижок, Арстанбек, Калыгул, Барпы, Ниязалы, Молдо Кылыч, Молдо Нияз жана башка инсандарыбыздын чыгармаларына экинчи өмүр берип, эл арасына жайылтууда Жолболду Алибаевдин эмгеги баа жеткис болду. Алардын ырларынын тексттерин таап, ар бирине ылайык обондорду жаратып, эң башкысы, мурда аккордеондо ырдап жүргөн талант, комуз менен шаңшып, не деген керемет чыгармаларга жаңы өмүр, жаңы кан, жаңы көрк, жаңы мазмун берип салбадыбы. Ырлардын тексти жогоруда айткан залкарлардын чыгармалары болгон менен аларга жаңы обон, жаңы добуш, жаңы кайрыктарды Жоке бергенин көпчүлүгүбүз биле бербейбиз.

Аккордеондон комузга кайтуу - өзүнө таандык коңур үн менен таңшып ырдашы, эгемендүүлүктү, эркиндикти, азаттыкты жар салып ырдагандай эле болду. Элибиз болсо ошол ырларды чаңкап угуп, дагы да ырдаса экен деп, таңдайын такылдатып дагы да жаңысын чыдамсыздык менен күтүп жатты. Ошондо сүйүү, арман ырларынан акыл-насаат, насыят, диний ырларга, ыйман, адеп, Ата–Журт ырларына өтүп кетти, Жолболду агай. Өзгөчө Барпыга, Жеңижокко Жолболду агай катуу элирди. Калыгул, Арстанбектердин ырларына жаңыча көрк берди.

Элибиз залкар акындарды Жокенин аткаруусунда кулагына сиңирип, жүрөгүнө жеткирди. Ошолордун чыгармачыл мектебине аралашуусу менен алардын духу, руханий деми Жокеге күчтүү дымак берип, кыргыз сүйүү ырларынын шедеврине айланган “Чолпонум” жаралды. Бул кыргыздын сүйүү ырларын синтездеген кайталангыс дастан болуп калды. Кыргыз тарыхында канча залкар талант өтсө, алар арзып, сүйүп жеткен да, жетпей калган да сулуулардын, акылгөй кыздардын ар биринин кайталангыс портретин тартып, алардын ар бириндеги өзгөчөлүктү бириктирип келип “Чолпонго” айлантып таштады. Дагы бир жолу баса белгилеп айткым келет, кыргыз залкарларынын күйгөн, сүйгөн, арзыган, өкүттө калган, жеткен-жетпеген армандарын, сүйүүлөрүн бардыгын кошуп, бир “Чолпонумга” батырып салган Жоке болду.

Азыр Жолболдунун “Чолпонумун” Ала-Тоолук кыргыздар гана эмес, Кытайлык кыргыздар, Өзбекстан, Тажикстан, Туркиядагы кыргыздар да сүйүп-сүйүп угат. “Чолпонумду” угуп жатканда жаш жигиттен тартып, карыяларга чейин көздөрү жанып, жүрөгү бир кездеги арманын эстеп, булкуп кетет. Мындай шедеврди жаратуу ар бир чыгармачыл адамдын колунан келе бербейт. Жолболду агай өзү да колуна калем алып, ондогон дастандарды жазды. Өзгөчө кыргыздын өткөн тарыхындагы жана жаңы тарыхындагы чыгаан, таза, элим, жерим деп жашаган инсандардын өрнөктүү өмүрлөрүн үлгү кылып берди. Ал дастандарды обондотуп ырдады.

Жоке өзү залкарларды ырдап, даңазалап жүрүп, алардын философиялары менен аралашып жүрүп, эс-акылында алардын ой-тилегин, берейин деген оюн окуп, кыялында алар менен сүйлөшүп, баарлашып жатып, алардын чыгармачыл мектебинен өтүп, такшалып, каныгып, тажрыйбасын сиңирип, өзү да залкарга айланып кеткенин билбей калды.

Азыр Жолболду Алибаев акыркы жыйырма жылдан бери өзү окуп бүткөн, өнөр сыйкырына бөлөнгөн Ош мамлекеттик университетинде профессор катары жаштарга таалим-тарбия берип, акыл-насаатын айтып, өз курагына жараша заман ырларын, эли журтубузга айта турган акыл-насаат ырларын ырдап, жол көрсөтүп, өзү да обон жаратып, өзүнчө бактылуулуктун доорун сүрүп иштеп, жашап жатат. “Эл артисти” болду. Быйылкы жылы бүтүндөй чыгармачылыгын, эмгектерин, элге сиңирген эмгегин эске алып, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты өкмөт ыйгарса, же “Манас” орденин берсе Жокеге жарашып калбайт беле. Анын чыгармачылыгына дем берип, өз убагында колдогон болор элек.

Эми бул китеп жөнүндө айтайын. Жолболду агайдын жеке тагдыры да оңой болгон жок. Талант канчалык кайталангыс болсо, анын мүнөзү, пейли да башкаларга окшобойт, кайталангыс болот. Ага туруштук бериш да, түтүш да, күтүш да кыйын. Эгер алар да биздей ойлонуп, биздей жашаса, стандартка түшүп калса, анда талант болуудан калат.

Жоке дагы чындыкты бетке айткан, билгенин бербеген, айтканынан кайтпаган, өжөр, өзү каалабаган нерсени жасабаган, жакпай баратса ордунан туруп кетип калган жактары бар. Ошондой пейилге жараша тагдыр болот. Ошол үчүн Жоке жетимиш жыл өмүрүндө башынан жакшы күндөрдү да, жакшы эмес күндөрдү да көп өткөрдү. Канат байлап учкан күндөрү да, мүдүрүлүп жыгылган, назары сынган күндөрү да болду. Ошондой эле ээлигип, жүрөгүнө эргүү келип, бийиктикке чыккан күндөрү болду. Жок жерден бирөөлөр капа кылса, күтүлбөгөн жерден дагы бирөөлөр көңүлүн көкөлөткөн учурлары болду. Эң башкысы, дайыма эл-журттун төрүндө, сыйында жүрүп келатат. Эмгегин элибиз менен бөлүшүп келатат.

Уул-кыздарды тарбиялады, небере күттү. Сүйдү, өзүн да сүйгөндөр көп болду. Бирок азыркы өмүрлүк жолдошу Бүсайра эжекедей Жокени сүйгөн, кадырына жетип, алаканына салган, Жокенин бүгүнкүдөй ийгиликтерге жетишине камкордук көргөн эч ким болбосо керек. Жолболду Алибаевди айылда жүрүп, ырларын угуп, көкүрөктө сактап, анан сүйүп калган, биринчи турмушунан көргөн уулуна Жолболду деп ат коюп, төрөгөнгө чейин эле аны билгендер “Жолболдунун апасы” деп атап, кийинчерээк Жолболду Алибаевдин жашаган жерин өзү издеп келип, таап, өзүнүн жүрөгүндөгү ойлорун айтып, маанайы жок, ачкылга аралашып жүргөн Жокени кычкылдан кыяга чыгарып, өмүрүн арнап Мээрим деп чүрөктөй кыз төрөп берип, Жокени бакытка балкыткан мындай аялзаты кыргызда аз болсо керек. Мындай аялдар көп болгондо кыргыздын канча таланттуу мырзалары трагедиялуу тагдырга учурабай, өмүрлөрү узун болуп, элибиздин байлыгы катары арабызда жүрбөйт беле.

Жеке үй-бүлөлүк трагедияга кабылган, отуз-кырк-элүүгө жетпей кеткен акын, обончу таланттарыбызга же мамлекет, же үй-бүлөсү, же тууганы карабай, өкүттө кеткен өмүрлөр канча дейсиз...

Бүсайра эже Ошко келгени Жокенин жакасын агартып, үйлүү-жайлуу болуусуна өбөлгө түзүп, Жокенин уул-кыздарын үйлөп-жайлап, очор-бачар кылды. Анын чыгармачылыгына бардык шарттарды жаратты. Бусайра эже аялзаадалыгы жагынан баатыр аял экен деп айтар элем. Эгер бүт кыргыздын таланттуу мырзаларын камкордукка алып, сыйлап-урматтап, аларды түрдүү жагымсыз нерселерден сактап калган аялдарга эстелик тургузуш керек болсо, анда Бүсайра эженин образын алып эле эстелик тургузуш керек.

Мен Жоке менен жыйырма жылдан бери иниси катары бирге жүрөм. Ар кандай учурларда баарлаштым. Кандай күндөрдө учурашсам да дайыма мырзалыгынан жазган жок.

Бир жолу студенттер менен Бишкекке фестивалга бирге жөнөдүк, жол ката Жоке комузу менен шаңшып келди. Үнүнүн мукамдуулугу, уккулуктуулугу ушунчалык жагымдуу. Мен бул ырларды радиодон угуп бараткандай туюп бараттым. Жоке менин жанымда ырдап бараткандай эмес, оо тарыхтын өткөн күндөрүнөн аян келип, залкарлар ырдап жаткандай сезилди.

Бишкекте “Арашан” чыгармачыл үйүндө жашап калдык. Арашан дарыясынын шоокуму угулган, бак-шактуу, өзүнчө керемет жер.

Жаздын күнү таңкы саат бештерде ушунчалык жагымдуу ырлар кулагыма жаңыра баштады. Мен бирөө магнитофон, же радио койгон экен да деп, жыргап угуп жаттым. Бир сааттай угуп коридорго чыксам Жолболду агай беш-алты бөлмө нарыда эшигин ачып коюп, эргип негедир көңүлү көкөлөп, таңшып жатыптыр. Таңкы саат сегизге чейин буулугуп ырларын ырдады, эч кимибиз оюн бөлбөдүк. Кийин билсем, жазуучулар үйүндө Жокенин жаштыгында, Жалал-Абадда чогуу иштеп кеткен бир акын драматург, эжекебиз да ошол жерде экен...

Мындан беш жыл мурда Жокени үйүнө издеп бардым. Орозо айлары. Барсам эч ким жоктой. Үйүнө кирип барсам, Жоке Бүсайра эже менен эми эле ооздорун ачып, шам намазын катарлаш отуруп окуп жатыптыр. Мага негедир ушул картина жагып калды. Дайыма жагымдуу маанайда ушул кезди эстей берем. Бири-бирин толуктаган, бири-бирин сыйлаган, бири-бирин кадырлаган адамдардын бирдей олтуруп-туруп саждага башын коюп намаз окуп жатышы, бир тилектеги эки адамдын дуэтиндей сезиле берет. Ошондо Жоке илгери Жалал-Абадда Бекмамат Осмонов издеп үйүмө келгенде, коңшуларыма бир кадырым көтөрүлдү эле, андан кийин чоңдордон үйүмө чейин издеп келген сен болдуң деп мени кубандырган эле.

Урматтуу окурман, колуңуздагы китеп өзгөчө китеп, муну искусство таануучу, же изилдөөчү эмес, Жолболду Алибаевге өмүрүн арнаган карапайым кыргыз аялы жазган. Ошондуктан бул китепте талантты кантип сүйүп, кантип ошол сүйүүсү үчүн күрөшүү керектиги жана кантип адам өз тагдырында таланттуу адамдын тагдырын бакытка жеткиргендиги жазылган.

Таазим Сизге, Бүсайра эже!

Бүсайра эжеге жолугуп, бакытка жеткен, обончулук өнөрдө ооматы артып жолу болгон инсанга арналган китептин баш сөзүн “Жолдуу агай Жолболду” деп атадым.

  Исаков Каныбек

ОшМУнун ректору,

филология илимдеринин доктору, профессор

 


               

Устаттарым жөнүндө эскермелер

|< 1 2 >|