17:06 23-01    Встреча с специализированными докторами из Индии       15:25 23-01   Семинаре по компетентно-ориентированному составлению тестов и заданий в ВУЗе       14:49 23-01   Отборочная кампания в российские вузы в 2017/2018 уч. г.       14:00 23-01    2016-жылы Ош мамлекеттик университетинде аткарылган иштер       09:58 23-01   АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ЖӨНҮНДӨ Ж О Б О (ДОЛБООР)       17:57 21-01    Кышкы лагерь       14:53 21-01    Грант Посольства США в Кыргызской Республике.       14:48 21-01    Конкурс исследовательских грантов       14:47 21-01   Кышкы лагерь       14:00 21-01   Энергетика кафедрасы өндүрүш жетекчилери менен тегерек стол өткөрдү     


Вы здесь: Университет / Рубрика "Слово ректора"

Рубрика "Слово ректора"

Урматтуу кесиптештерим, студент досторум.

Университеттин ректору катары коомдогу, дүйнөдөгү окуяларга, билим берүүдөгү тенденцияларга карата, канткенде университетти өнүктүрөбүз деп бардык жагдайга сергек акыл калчап, ой жүгүртүүгө аракеттенем. Келечекте университетте боло турган жаңылыктарды, жакшылыктарды, демилгелерди Сиздер менен бөлүшсөм деп ниет кылдым. Баарыбыз үчүн ыйык болгон ОшМУ жөнүндөгү ойлорума кошуласыз деп ишенем.

Устаттарым жөнүндө эскермелер


  2     3     4     5     6     7     8     9     10     11     12   

  ОшМУ мекендештердин башын кошту

(“Мекендештер-2016” форумунда Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаковдун сүйлөгөн сөзү)


Кутмандуу күнүңүздөр менен “Мекендештер-2016” форумунун кадырлуу катышуучулары!

Жүрөгү Кыргызстан деп согуп, күнү-түнү Ата-Журтубуздун бейпилдигин, өнүгүүсүн тилеп, туулган жердин топурагы көзүнөн учуп, киндик каны тамган жеринин абасын, көк мелжиген ак мөңгүлүү тоолорун, жап жашыл жайлоолорун, мөлтүрөп аккан сууларын, коюндашып өскөн бир туугандарын, моюндашып өскөн теңтуштарын, ата-энесин, айылын сагынып, дүйнөнүн төрт тарабынан Ыйык Ата-Журтубузга кусалыгын, арзуусун артынып, эңсеп келген бир боор мекендештер!

Күндөлүк турмуштун көйгөйүн артка таштап, жолдун алыстыгына, аралыктын узактыгына, жайдын аптабына карабай атайын ат арытып келген ардактуу коноктор! Бири-бирибизди көрүп, сагынычыбызды таркатып, чер жазыша баарлашып, Кыргызстаныбыздын эртенкисине салымыбызды кошсок, бакубат Кыргызстаныбызды бекемдөөгө биргелешип жол издесек деп “Мекендештер-2016” форумуна катышуу үчүн атайын келген меймандарыбызга, байыркы жана жаңыланган Ош шаарына, билим менен илимдин мега борборуна айланган Ош мамлекеттик университетине куш келиңиздер деп айтууга уруксат этиңиздер!

Баарыбыздын башыбызды кошуп, бири-бирибизге дем-күч берүүгө, тилектештик билдирүүгө, өзүнчө мүмкүнчүлүк, шарт жаратып, ар 2 жыл сайын салттуу түрдө форумду өткөрүп келе жаткан, быйылкы үчүнчү “Мекендештер” форумун өткөрүп жаткан “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондуна, чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандыктар үчүн Ата-Журтунда патриоттук жана интеллектуалдык баарлашуу аянтчасын түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Бул форумдун маани-маңызын терең түшүнүп, атайын алыстан келген мекендештерибизге, Кыргыз парламентинин депутаттарына, мамлекеттик жана өкмөттүк жетекчилерге, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө терең ыраазычылык айтуу менен, “Мекендештер-2016” форумун ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер! “Мекендештер” форуму Ош шаарында өтүп жаткандыктан шаарыбыз башынан кечирген кырдаалдардан кийин элибиз ынтымакта баш кошуп, ар бир жаран ички руханий күч таап өсүп өнүгүүгө, биримдикке багыт алгандыгын айта кетишибиз керек. Азыр шаарыбызда ар бир адам алдыга умтулуп, иштиктүү тилектештикте турмуш өткөрүп жатат. Бүгүн ОшМУ мекендештердин башын кошууда.

Форумга келген мекендештерибиз эки күн бою улуттук маданияттыбызды, меймандостугубузду, элибиздин жаркын пейлин, берекелүү Түштүктүн көп түрдүү палитрасын көрүп, көңүлү толуп кетет деген ниетибиз бар.

Ошондой эле алыскы чет өлкөлөрдө жүрүп өз киндигин өзү кесип, бутуна ишенимдүү турган мекендештерибиздин сөзүн угуп, кеп-кеңешин тыңдап, ийгилик сырларын, тажрыйбаларын үйрөнүп өнүгүүнүн жолуна бирге кадам таштасак деген асыл оюубуз бар.

Бүгүн да өз айлына түрдүү жардамдарын берип жаткан мекендештерибизге ырахматыбызды айтып, дагы да Кыргызстаныбызга жардамын берсем деп дегдеген, экономикабыздын өсүп-өнүгүүсүнө инвестиция саламын деп ниеттенип турган азаматтарыбыздын сунушуна, каалоосуна Өкмөт, мамлекет кандай колдоо көрсөтө алат деген маселелерде ой бөлүшөбүз, бири-бирибиздин демилгелерибизди, пикирлерибизди угабыз деп чогулуп олтурабыз.


14:12 19-09-2016 | Пресс-служба / Рубрика "Слово ректора"

Нуралиева Зинагул Просмотров: 309

ОшМУ мекендештердин башын кошту

(“Мекендештер-2016” форумунда Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаковдун сүйлөгөн сөзү)" data-title="Рубрика "Слово ректора"" data-url="http://www.oshsu.kg/rubrik_rektor/?lg=1&id_parent=2538&id_news=6&id3=4203">


 

Факультеты



© 2014 ОШСКИЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ УНИВЕРСИТЕТ © Программное обеспечение ОшГУ "Медиа Центр"
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-40-66, oshsu.oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu.oms@gmail.com