Макала

ОшМУнун окутуучу-дизайнери Зуура Турдубаева эл аралык “Мода Россия” конкурсуна жолдонмо алды

Бишкек шаарында март айында өткөн Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жайлардын өндүрүштүк бирикмеси уюштурган көргөзмөгө жана республикалык дизайнерлердин «Fashion industry» конкурсуна Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Зуура Турдубаева катышып, анын жасаган эмгектери өзгөчө бааланып, “Экспрессия этно” номинациясы боюнча “Гран прини” жеңип алды.

Бул конкурска дизайнердин табигый материалдардан өзгөчө чыгармачылык менен жаштарга арналып жасалган 7 эмгеги көрсөтүлүп, Россия федерациясынын Санкт-Петербург шаарынын мода үйүнүн президенти Ирина Ашкинадзе, жана Россия жана Германия мамлекеттериндеги мода үйлөрүнүн жетекчиси Ирина Танноус-Филичкина жана Кыргызстандын атактуу дизайнерлери тарабынан абдан жогору бааланды. Ошондой эле Зуура Турдубаева 2014-жылдын күз айларында Москва шаарында өтүүчү “Мода Россия” эл аралык конкурсуна жана мода көргөзмө-жарманкесине Кыргызстандын атынан катышууга жолдонмо алды.

“Мен балалыктан сүрөт өнөрүнө кызыгып, 5 жашыман түрдүү темаларда сүрөттөрдү тартып келем. Айрыкча бүгүнкү күндө сүрөт чийүү менен биргеликте табигый кездемелерди, кийиз, тери сыяктуу материалдарды колдонуп, байыркы оюулар менен бүгүнкү заманды жуурулуштуруп жаштарга жаңы коллекцияларды жаратуунун үстүндө иштеп келем. Конкурста жеңүүчү болуу менен чоң жоопкерчилик мойнумда турат. Анткени эл аралык конкурстарда да Кыргызстандын намысына жарасам деген ниетте дагы да көбүрөөк эмгектенүүм керек”, -деген ОшМУнун искусство факультетинин окутуучусу Зуура Турдубаева колдоо көрсөтүп келе жаткан ОшМУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, З.Турдубаева Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Ал терең ойго чулганган, көркөмдүк деңгээли бийик тарткан сүрөттөрү жана заманбап стилдеги кийимдери менен Республикага таанымал таланттардын бири. Анын салттуу эмес буюмдардан тиккен кийимдери 2013-жылы жаш дизайнерлердин экинчи республикалык конкурсунда да баш байгени уткан, ошондой эле 2013-жылы өткөн республикалык дизайнерлердин «Fashion industry» конкурсуна 1-орунга жетишкен.

Шилтеме: http://www.kabar.kg/kyr/science-and-culture/full/58334


               

Макала

|< 1 >|