Haber

Африканын Кадуна мамлекеттик университетинен келген профессор ОшМУда конок лекция окуду

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тогуз коргоол оюну боюнча катышкан Кадуна мамлекеттик университетинин башкы аналитиги, профессор Абрахам Абака Муса (Африка. Нигерия) 10-сентябрда Ош мамлекеттик университетине конок лектор катары келди.

«Конок лектор ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты менен жолугушууларды өткөрүп, пикир алышышты жана студенттерге англис тилинде конок лекция окуп, кызыктырган суроолорго жооп берди», -деди Эл аралык мамилелер факультетинин деканы, доцент Э.Т. Камалов.

Профессор Абрахам Абака Муса ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков менен жолугушууда Африканын Кадуна, Ибадан жана башка университеттери менен кызматташуу, биргелешкен илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү, студенттердин академиялык мобилдүүлүк программасын жүргүзүү, жана Web-дизайн багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, профессор Абрахам Абака Муса эл аралык мамилелер кафедрасынын окутуучусу, ITEC программасынын активдүү катышуучусу Сапарбаева Айнуранын чакыруусу менен Кыргызстанга биринчи жолу келди. Сапарынын аягында Абрахам мырза жылуу кабыл алууга жана меймандостук мамилеге ыраазычылыгын билдирди.

2130 14:32 17-09-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|