Haber

ОШМУ: ЖАТАКАНАЛАРГА СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ СИСТЕМАСЫ ӨЗГӨРТҮЛДҮ

Учурда окуу жылынын башталганынан улам студенттерге жатаканалар бериле баштады. Быйыл ОшМУнун жатаканаларына жайгашуу былтыркы жылга салыштырмалуу студенттер үчүн бир кыйла ыӊгайлуу болуп калды. Айрым жатаканалар капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Түмөнбай Колдошев, ОшМУнун социалдык жана тарбиялык иштер боюнча проректору:

«Жатаканаларга эки миӊден ашуун студент жайгашат»

-Студенттер үчүн Ош мамлекеттик университети тарабынан жыл сайын окуу корпустарыбызды жана студенттер жатаканасын каникул учурунда капиталдык ремонттон өткөзүп турабыз. Колдон келишинче студенттерге жакшы шарттарды түзүүгө ар убак аракет кылабыз. Учурда биздин окуу жайдын 9 жатаканасы бар. Ал жатаканаларга жыл сайын эки миӊден ашуун студент жайгашат. Жатаканага жайгашуу үчүн ар бир студент 10 айга 6000 сом акча кассага төлөшү керек. Ошол акчанын эсебинен студент окууну аяктаганга чейин эч кандай коммуналдык кызматтарга төлөбөй, беймарал жашай алат. Жатаканаларга коммуналдык төлөмдөр университеттин бюджетинен төлөнөт. Студенттер үчүн жатаканада бардык шарттар каралган. Ар бир жатаканада эс алуу бөлмөсү, душ, ар бир кабатта тамак бышыруучу плита, кир жуучу машиналарга чейин бар. Эгерде жатакананын тартибине баш ийбеген студенттер болсо, жатаканадан чыгарылат. Кечки саат 9.00 дөн кийин киргизүүгө уруксат берилбейт. Эгерде студент иштеп жатаканага кеч калып калса, ал студенттин ата-энесинин макулдугун алып анан иштегенге уруксат беребиз. Анткени, ар бир студенттин коопсуздугу үчүн биз жооп беребиз.

«Ар бир студент 2 -3 мүнөттүн ичинде тейленет»

-Жылдан жылга биздин окуу жайда чоӊ өзгөрүүлөр болуп жатат. Быйылкы жылы жатаканаларга студенттерди кабыл алуу тартиби баштагы жылга салыштырмалуу өзгөрүлдү. 2017-жылдары студенттер жатаканага жайгашуу үчүн биринчи комендантка, андан чыгып проректорго, координаторго жолукчую. Айтор студент ар кайсы жакка кезек күтүп кагазын толтурганга чейин 2 - 3 күн убакыт өтүп кетет эле. Азыр жатаканага студентти кабыл алуу тартиби өзгөртүлдү. Учурда студенттерди бир жерден эле кабыл ала турган болуп калды. АVN маалыматтык системасынын негизинде, бизге кайрылган ар бир студенттин аты, фамилиясын компьютерден жазганыбызда, ошол студент боюнча бүт маалымат чыгат. Ошонун негизинде эле арызды да, пропускту да бир эле жерден чыгарып калдык. АVN системасында ар бир студенттин жеке номери (идентификациялык номери) болот. Ошол номерди тергенде жалпы студенттин маалыматы чыгат. Ошол номерди пропуска коюп жатабыз. Андан сырткары дагы үч номер коюлат. Ал номерди тергенде студент кайсы жатаканага жайгашуусу керектиги такталат. Андан соӊ студент арызга кол койдуруп мөөр бастырып кассага төлөм акчасын төгүп комендантка жолукса, комендант студентке өз бөлмөсүн көрсөтүп коет. Замандын талабы менен жылдан жылга университетибизде жакшы өзгөрүүлөр болуп жатканы мени абдан кубандырат. Учурда студенттерди жатаканага кабыл алуу үчүн 3 мүнөттүн ичинде эле тейлеп жатабыз. Бир күндө жатаканага 800, 900 студентти жайгаштыруудабыз.

«Компьютерден эле жатаканалардын орундуктарын тактап жатабыз»

-Азыркы кезде жогорку курстар жатаканага жайгашуу ыӊгайлуу болуп калганын сезип жатышат. Ал эми биринчи курстар аны сезе элек. Жатаканага студенттерди кабыл алуу тартибин өзгөртүүдөн мурун жатаканаларда канча бөлмө бар экенин жазып чыгып, жатаканаларды компьютерге байланыштырып койдук. Канча адам жашаганга мүмкүнчүлүгү бар, ошого карап туруп компьютерден эле орундуктарын тактап жатабыз. Биздин окуу жайдын студенти жатаканада жашап жатканын текшерүү үчүн телефондон эле АVNге кирип студенттин жеке номерин терип ал жөнүндө толук маалымат алууга болот.

«№4, №5 жатаканаларды капиталдык ремонттон өткөрдүк»

-ОшМУнун бардык жатаканаларында жылуулук системалары абдан жакшы, эч бир студенттен даттануулар жок. Жыл сайын капиталдык ремонттон өткөзүп турабыз. Оӊдоп-түзөө ишин тендердин негизинде баштадык. Былтыр №1 жана №2 жатаканаларды ремонттогонбуз. Быйылкы окуу жылына №4, №5 жатаканаларды капиталдык ремонттон өткөрдүк. Жатаканалардагы эски эмеректерди жаӊыга алмаштырдык.

Алдыда дагы жакшы пландар бар. Буюрса, 2019-жылы университеттин бюджетинин эсебинен бардык жатаканалардын терезе, эшиктерин пластиктен жасатабыз. Андан сырткары жаӊы жатакана куруу да келечекте планыбызда бар. Былтыр Кыргыз-Кытай факультетинин жатаканасын ишке бергенбиз. Андан сырткары Ош соода-экономикалык колледжинин 3-4-кабатын жатаканага ижарага алдык. «Жаштар биздин келечегибиз» демекчи, колдон келишинче студенттер үчүн бардык шарттарды түзгөнгө аракет кылуудабыз.

Зулайка Маткасымова, №4-жатакананын коменданты:

«Жатаканага жаӊы шкаф, керебеттер келди»

-Мен сегиз жылдан бери ушул жатаканада комендант болуп иштейм. Быйыл биздин жатакана капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жатаканага жаӊы шкафтар, керебеттер келди. Андан сырткары ар бир бөлмөнүн электр зымдары жана электр жабдуулары алмаштырылды. Биздин жатакана 228 орундуу. Окуу башталганда 1-курстун студенттерине жатаканада жашоонун тартиби боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Майрамдарда жатаканада ар кандай кечелер уюштурулуп, студенттер өз өнөрлөрүн тартуулашат. Комендант катары ар бир студентти ар убак көзөмөлдөп турам. Аларга өз баламдай эле жакшы кеӊештеримди берип келем.

Нурзина Имарали кызы, 3-курстун студенти:

«Башта бир бөлмөгө бир шкаф коюлса, быйыл экиден коюлууда»

-Мен медицина факультетинин 3-курсунда окуйм. Жатаканада жашаганыма эки жыл болду. Бул жерде жашоо чындыгында ар бир студент үчүн ыӊгайлуу. Сабак даярдаганга, тамак бышырганга, кир жууганга бардык шарттар каралган. 10 айга болгону 6000 сом акча төлөйсүӊ. Ал эми батирге чыксаӊ 6000 сом менен бир ай гана жашашыӊ мүмкүн. Ошондуктан мүмкүн болушунча университеттин жатаканаларында эле жашаган оӊ. Учурда биз жашаган жатаканалар капиталдык ремонттон өтүп мурдагыдан да сонун болуп калды. Жаӊы эмеректер менен толукталды. Былтыр бир бөлмөгө бирден гана шкаф коюлган болчу, быйыл экиден шкаф коюлуптур. Жатакана менин экинчи үйүм катары эле болуп калган.

Батма Суранова

“Ош шамы” гезитинин №27 (31.08.2018) санында жарык көргөн макала

//oshshamy.kg/index.php/kg/component/k2/item/2499-oshmu-zhatakanalarga-studentterdi-kabyl-aluu-sistemasy-zg-rt-ld

2204 14:23 13-09-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|