Haber

ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде 7-8- сентябрь күндөрү Кыргызстандын түштүк регионунун англис тили мугалимдери үчүн эл аралык семинар болуп өттү. Англис тилин

ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде 7-8- сентябрь күндөрү Кыргызстандын түштүк регионунун англис тили мугалимдери үчүн эл аралык семинар болуп өттү.

Англис тилин окутуунун заманбап усулдары тууралуу АКШ, Англия, Австралия, Япония, Жаны Зеландия, Канада жана Түштүк Корея мамлекеттеринин алдынкы университеттеринен келген адистер Роджер Палмер, Матт Кумбер, Джеймс Крокер, Ларри Леви, Грег Рональд жана Йоко Такано окутуучуларга пайдалуу семинар өтүп беришти.

Пленардык жыйынды факультеттин деканы доцент С.Ш. Калыгулова ачып берсе, ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору, доцент А.Абдувалиев меймандарга, катышуучуларга ийгилик каалап, бул тренинг окутуучулар үчүн абдан маанилүү экендигин белгилеп кетти.

Семинарда англис тилин окутуунун заманбап усулдары, IELTS, ТOEFL экзамендерине даярдоо боюнча кенештер айтылып, ар кандай кызыктуу иш чаралар өткөрүлдү.

2062 13:53 13-09-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|