Жолугушууда билим берүү тармагындагы акыркы маалыматтар, илим, техника, инновация жаатындагы жаңылыктар, дүйнөдөгү заманбап көрүнүштөр тууралуу кызыктуу лекция окуду. Ошондой эле окутуучуларды, студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берди жана Кыргызстандын 2 жолку Улуттук Чемпиондору болгон ОшМУнун “Енактус” командасы менен кездешти.
Жолугушуудан соң университеттеги акыркы жылдары активдүү жүзөгө ашып жаткан инновациялык иш аракеттер менен таанышты. Ошондой эле жаңы окуу жылында пайдаланууга берилген Искусство факультети, жана 2017-жылы пайдаланууга берилген Кыргыз-Кытай факультетинде болуп, окуу имараттарында заманбап билим алууга түзүлгөн шарттар менен таанышты.