Haber

ОшМУнун “Билим” лицейинин алдыңкы бүтүрүүчүлөрү президенттин сыйлыгына ээ болду

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 3-июлда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларды топтогон мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын” сертификаттарды тапшырды.

Бул саамалыкта Ош мамлекеттик университетинин "Билим" лицейинин бүтүрүүчүсү жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 219 балл алган Амиракулов Акназарга да президент "Алтын" сертификат тапшырды . Ошондой эле 217 балл алып региондон эң жогорку балл алган “Билим” лицейинин дагы бир бүтүрүүчүсү Жээнбеков Эрланга өлкө башчысынын сыйлыгы тапшырылды.

Мамлекет башчы билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатынын эң башкы принциби — сапаттуу жана үзгүлтүксүз билим берүү системасын түзүү экенин белгилеп, сертификат ээлерин ийгилиги менен куттуктады.

Ош мамлекеттик университетинин жалпы жамааты дагы бир ирет алдыңкы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, калың элге ак кызмат кылган алдыңкы кесип ээлеринен болуусуна тилектештигин билдирет.

3125 06:59 08-07-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|