Haber

Ош МУ институционалдык көз карандысыз аккредитациядан өтүүдө

Эл аралык НААР агенттигинин (Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги, Казакстан) эксперттик комиссиясы 4-6-июнь күндөрү Ош мамлекеттик университетин институционалдык көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүдө.

НААРдын эксперттик комиссиясынын курамында төрага, п.и.д., I категориядагы эксперт Казак инженердик-техникалык университетинин биринчи проректору Адлет Тойбаев башында турган чет элдик, улуттук эксперттер, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен байкоочулар, жумуш берүүчүлөр жана студенттер бар.

Эксперттик комиссия келген күндөн тартып жетекчилик, профессордук-окутуучулук курам менен жолугушууларды өткөрүп, университеттин жалпы инфрастуктурасы менен жеринде таанышууда. Ошондой эле факультеттерде программаларды өздүк баалоо боюнча жумушчу топтор, кафедра башчылары менен жолугушууларды өткөрүшүп, документтерди кароо жана баа берүү менен иш алып барууда. 3 күн аралыгында материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүшмөкчү. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө ошондой эле студенттер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр менен атайын маектешүүлөрдү өткөрүшөт.

Казакстандык аккредитация жана рейтинг агенттиги (НААР) Аккредиттөө боюнча КРнын атайын реестрине кирген жана эң негизгиси аталган параметрлерге так жооп берген уюм болуп эсептелет.

5404 15:11 05-06-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|