Haber

Жыл жыйынтыгын чыгарган Кыргыз-Кытай факультети “Көктөмдөгү жаз” аттуу отчеттук гала концертин тартуулады

Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин жамааты 31-май күнү Бабур атында драма театрында кыргыз-кытай достугун даназалаган “Көктөмдөгү жаз” аттуу отчеттук гала концерти болуп өттү.

Салтанатка Ош МУнун ректору К. Исаков, КЭРдин Оштогу консулу Су Лициюн. Ош МУнун ректоратынын өкүлдөрү, окутуучулар, студенттердин ата-энелери, студенттер катышышты.

Кечеде куттуктоо сөзүн жолдогон ректор Каныбек Исаков 2017-2018-окуу жылы ОшМУ үчүн, анын ичинде Кыргыз-Кытай факультети үчүн жемиштүү жылдардан болгондугун, мындай жетишкендиктерде жамаатын ар бир мүчөсүнүн салымы чоң экендигин белгиледи. Ошондой эле факультетти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, ар биринин асыл тилек, ойлру ишке ашуусун каалады.

Ал эми сөзгө чыккан КЭРдин Оштогу консулу Су Лицюн мырза өз сөзүндө ОшМУ билим, тарбия берүү менен чектелбестен кыргыз-кытай достугунун артып, эки өлкөнүн маданий, соода- сатык, билим берүү тармагынын өнүгүшүнөдө да салым ы зор экенин баса белгиледи.

Кечеге катышкан Шанхай чыгыш-кытай педогикалык университетинин профессору Ху Фанджу мырза Ош МУ өнүгүү жолунда бараткан окуу жай экендигин, бул окуу жай менен кызматташтык жүрүп жаткандыгына сыймыктанарын айтты.

Иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз-Кытай факультетинин кыргыз тараптан директору, PhD доктарант Токтосун Айтикеев жана кытай тараптап директору Лю Вейчиан билим берүүгө кошкон барандуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Билим-берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланышты. Ошондой эле жаштар иштерине алгылыктуу салым кошкону үчүн Кыргыз-Кытай факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары Үсөн уулу Маматаир, кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын башчысы Мирлан Манашов, Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери Амантур Турдалиев жана Таалайбек кызы Дамира Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Аталган кечеде Кыргыз-Кытай факультетинин таланттуу студенттери жана окутуучулары концерттик программасы менен коштолду.

3266 13:19 05-06-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|