Haber

ОшМУнун “Ошингтон” командасы чемпион

31-майда "Сейтек" балдар борборунда өткөн Тамашоунун 10-сезонунун финалдык беттешинде "Ала-Тоо", "Ошингтон", "National", "Оригинал", "Нур Ивент" командалары катышып, "Тамашоунун" кубогу үчүн ат салышты. Аталган финалдык беттеште өзгөчө чыгармачылыгын көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн жана калыстардын жогорку баасына татыган “Ошингтон” командасы чемпиондукту жеңип кубок, диплом менен сыйланышты.

Оюнга режиссёр Рысбек Жабиров, "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Мирлан Өмүралиев, эстрада ырчысы Урмат Усенов, стилист-дизайнер Замира Молдошева, "KG Групп" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов, тай-бокс, кикбокс боюнча чемпион Жаныбек Бейшебек уулужана "No name" командасынын түптөөчүсү Эмил Токтошовдор калыс болушту.

ОшМУнун жалпы жамаатынын атынан команданы жеңиши менен куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз.

5671 15:51 02-06-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|