Haber

Психология предмети боюнча Республикалык II студенттик олимпиада ОшМУда өтүп жатат

Аймактарды өнүктүрүү жылына, Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына жана ОшМУда жарыяланган “Адамдык мамилелерди өнүктүрүү” жылына карата психология предмети боюнча Республикалык II студенттик олимпиада ОшМУнун базасында өтүп жатат.

Олимпиаданын ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков билим таймашы таза, ачык айкын өтүүсүн, билимдүүлөр жеңүүсүн айтып, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

Аталган студенттик олимпиадага И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен, Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинен, Кыргыз-орус билим берүү академиясынан жана ОшМУдан психология багытында билим алып жатышкан 25 студент катышууда.

Белгилей кетсек, алгачкы жолу бул олимпиада өткөн жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз улуттук университетинде өтүп, ОшМУ жалпы командалып эсепте биринчи орунга ээ болгон.

3060 21:52 21-05-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|