Haber

Энелер күнүнүн урматына “Энелер мээрими чексиз” аттуу иш чара өттү

Ош мамлекеттик университетинин Аялдар кеңеши Ош шаардык аялдар канаты менен биргеликте университетте “Энелер мээрими чексиз” аттуу иш чара өткөрдү.

Энелер күнүнүн урматына уюштурулган иш чарага Ош шаарында түрдүү тармактарда үзүрлүү эмгектенген аялдар, көп балалуу энелер конок катары чакырылды. Коомдук иштерде үзүрлүү эмгектенип, үй-бүлөдө уул-кыздарды татыктуу тарбиялап коомго үлгү болгон энелер студенттер менен жолугуп, коомдо, үй-бүлөдө эненин орду тууралуу кеңири маек куруп, студенттерди кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

“Кече ОшМУнун Таланттар академиясынын таланттары Эламан Жалаловдун, Догдурбек Акималиевдин, Элчибек Жумабек уулунун энелер жөнүндөгү обондуу ырлары менен шаңга бөлөнүп, конок катары чакырылган энелерге атайын белектерибиз тапшырылды. Ал эми кечеде активдүү катышып, мыкты суроолорду, каалоолорду айткан студенттерге уюштуруу тобунун курамынын, кечеге катышкан дарыгер айымдардын, ЖОЖдордун Аялдар кеңештеринин, мектептердин, бала бакчалардын директорлорунун белектери берилди”,- деди ОшМУнун Аялдар кеңешинин төрайымы Гулнара Сейитказыева.

Кошумчалай кетсек, аталган кечеге ОшМУнун студенттеринен сырткары ОшТУнун, КӨУнун студенттери да конок катары чакырылган.

2438 04:12 20-05-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|