Спорттун ордо, тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси, волейбол жана минифутбол сыяутуу алты түрү боюнча уюштурулган мелдештер окутуучу-кызматкерлер ортосунда күчтүү атаандаштыкта өткөрүлдү. Мелдеште ОшМУнун командасы волейбол (аялдар), стол тенниси (аялдар, эркектер), тогуз коргоол (аялдар), шахмат (аялдар, эркектер), ордо (эркектер), минифутбол (эркектер) I орунду ээлешти.
Спартакиаданын жыйынтыгында ОшМУнун командасы жалпы командалык эсепте I орунду багындырып, уюштуруучулардын 20 000 сом акчалай сыйлыгына ээ болушту, ошондой эле жай айларында Ысык-Көлдө өтүүчү "Ден-соолук - 2018" спартакиадасына катышууга жолдомо алышты.