Haber

ОшМУда акын жана котормочу Карбалас Бакировдун "Илинген ирмемдер" аттуу чыгармачылык кечеси тартууланды

Ош мамлекеттик университетинде 11-май күнү университеттин сыймыктуу бүтүрүүчүсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Түрксой эл аралык сыйлыгынын лауреаты, бир нече поэтикалык жана публицистикалык китептердин автору, таланттуу котормочу, журналист Карбалас Бакировдун "Илинген ирмемдер" аттуу чыгармачылык кечеси болуп өттү.

Кечеге акындын жакын санаалаштары, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин 1978-жылы аяктаган акындын тайпалаштары, университеттин 40 жылдык бүтүрүүчүлөрү, факультеттин профессордук окутуучулук курамы, окутуучулар,студенттер катышышты.

Кечени алып барган ОшМУнун ректору Каныбек Исаков сыймыктуу бүтүрүүчүлөрдү 40 жылдык бүтүрүү кечеси менен куттуктап, таланттуу котормочу, журналист Карбалас Бакировдун чыгармачылыгы боюнча баяндап өттү.

Кеченин жүрүшүндө факультеттин талантуу студенттери жана “Жигер” чыгармачылык борборунун жаштары акындын ырларынан көркөм окушту, ошондой эле кеченин жүрүшүндө акындын ырларына жазылган обондуу ырлар жаңырды.

Белгилей кетсек, акын жана котормочу Карбалас Бакиров 1954-жылы 8-январда Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган. 1971-жылы Өзгөрүш орто мектебин бүтүргөн. 1972-1977-жылдары Киев шаарында Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1975-1979-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинде окуган. Акындын чыгармалары «Адашкан кентавр», «Коргондогулар жана чексиздик», «Көкүлчөн кыялдар», «Аралдагы шамал», «Аруу инсан», «Илинген ирмемдер» китептеринде камтылган. Ошондой эле акындын «Гильгамеш (Шумерлердин эпосу)» котормосу да жарык көргөн.

3670 10:17 12-05-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|