Haber

ОшМУнун эки окумуштуусу Батыш Чех университетинде окуу-илимий сапарда болуп келди

Ушул жылдын 22-апрелинен 30-апрелине чейин ОшМУ менен Батыш-Чех университетинин ортосунда өз ара кызматташуу боюнча түзүлгөн келишимдин алкагында ОшМУнун тарых факультетинин деканы т.и.к., доцент С.А. Смадияров жана “Жалпы тарых жана ТОУ” кафедрасынын башчысы т.и.к., профессор Т.Д. Кадыров Батыш-Чех университетинде (Пльзен ш.) болуп, аталган университеттин философия факультетинин тарых, археология, герман жана славян тилдери кафедраларынын студенттерине, магистранттарына жана аспиранттарына Көчмөндөр цивилизациясы, Батыш Түрк каганатынын саясий жана маданий тарыхы, Борбордук Азиянын байыркы түрк доорундагы маданияты, Ош жана Өзгөн шаарларынын тарыхы боюнча лекция окуп, сертификатка ээ болуп келишти.

“Илимий сапар учурунда Батыш-Чех университети, анын факультеттери, андагы окуу жараяны, ошондой эле Пльзен шаарынын, Батыш Богемиянын маданияты, тарыхы, тарыхый эстеликтери менен таанышып, руханий жактан бир топ байып келдик”, -деди ОшМУнун тарых факультетинин деканы т.и.к., доцент С.А. Смадияров.

Белгилей кетсек, ОшМУ менен Батыш Чех университетинин ортосундагы түзүлгөн өз ара кызматташуу боюнча келишимдерге ылайык эки университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер академиялык алмашуу программаларына ылайык алмашып билим, тажрыйба алышып, конок лекцияларды өтүшүп келе жатышат.

Пльзен шаарында орун алган Батыш Чех университети 1991-жылы сентябрь айында негизделген. Анда 5 факультет болгон. Азыркы учурда университетте 9 факультет, 2 институт, 4 илимий изилдөө борбору бар. 200 окуу программасы боюнча 12000 студент билим алат.

3345 17:45 07-05-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|