Haber

Шаардык деңгээлде өткөрүлгөн жеңил атлетика боюнча чуркоого ОшМУнун жамааты активдүү катышты

Бүгүн, 14-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында жазгы жалпы жеңил атлетика боюнча чуркоо болду. Массалык чуркоодо Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, саламаттыкты сактоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышышты.

Шаардык деңгээлде өткөрүлгөн спорттук иш чарада ОшМУнун окутуучулары, студенттери байгелүү орундардарды камсыз кылды. Алардын ичинен 400 метрге чуркоо боюнча ОшМУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Түмөнбай Колдошов 2-орунду, 60 жаштан жогорку ардегерлер арасында 400 метрге чуркоодо Мажит Назиров агайыбыз 3-орунду ээледи. Ал эми мектеп окуучуларынын арасында “Билим” лицейинин 9-классынын окуучусу Э. Кадыров 1 – орунду, студенттер арасында Орус филологиясы факультетинин студенттери Азимова Мадина 2-орунду , Камчыбек кызы Динара 3-орунду ээлешти. Спортту сүйүп, массалык чуркоого катышып, алдыңкы орундарды багындырган катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан дипломдор, баалуу белектер ыйгарылды.

2634 21:02 14-04-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|