Haber

Драматург Кыял Асаналиеванын “Закым кубалаган балдар” спектакли тартууланды

ОшМУнун искусство факультетинин концерттик залында 12-апрель күнү студенттик "Дүбүрт" театры тарабынан даярдалган “Закым кубалаган балдар” аттуу спектакль жалпы көрүүчүлөргө тартууланды.

Аталган спектакль эки сеанс менен коюлуп, спектаклге ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Түмөнбай Кодошев, окутуучулар, студенттер күбө болушту.

Көрүүчүлөрдүн купулуна топуп, алкышына арзыган, тарбиялык мааниси жогорку спектаклдин автору жана режиссеру «Ош декларациясынын» алкагында ОшМУга Ысык-Көл мамлекеттик университетинен келген ф.и.к., доцент, “Жалын элдик театрынын” жетекчиси, белгилүү драматург Кыял Асаналиева га ОшМУнун Ардак громатасы жана акчалай сыйлыгы тапшырылды. Ошондой эле спектаклде эң жаш “Сары кыздын” образын жараткан № К.Алтыбаева мектебинин 4-классынын окуучусу Рахманбердиева Асема мыкты аткаруу чеберчилиги үчүн ОшМУнун ыраазычылык каты менен сыйланды.

Аталган спектаклде ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 1-курсунун студенттери образ жаратышкан.

3581 10:07 13-04-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|