Haber

ОшМУнун делегациясы Кыргызстандын Германиядагы элчилиси менен жолугушту

16-март күнү ОшМУнун ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков баштаган делегация Германиядагы университеттер менен таанышуу иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Оторбаев Эрнест Мотоевич менен жолугушту. Жолугушууда Германиядагы элчилик көзөмөлдөгөн Чехияда, Польшада жана бир топ Европалык өлкөлөрдө Кыргызстандын студенттеринин алмашуу программалары боюнча элчиликтин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу маселелери каралды.

Ректор Каныбек Исаков Кыргызстандын Германиядагы элчилигине Евросоюздун илимий билим берүүчүлүк жана түрдүү гранттык долбоорлорго кирүүгө мүмкүнчүлүктөрдү эки тараптуу жүргүзүп жаткандыгын жана элчиликтен бул иште көмөк көрсөтүп, сунуштарды, жаңы демилгелерди колдоп берүү жагын суранды. Эң башкы максат студенттерге жана мугалимдерге Европалык тажрыйбадан өрнөк, үлгү алууга шарт түзүү болуп саналат. Элчи менен ОшМУнун делегациясы кызуу ой-пикирлерди, маектешүүлөрдү, суроо-жооп алышууларды жүргүздү жана дайыма тыгыз байланышта иштешүү боюнча ойлор айтылды.

2907 17:06 17-03-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|