Haber

ОшМУнун окутуучулары жана студенттери Йена шаарында жайгашкан медициналык клиникадан стажировкадан өтүшөт

Ош мамлекеттик университетинин делегациясы Чехия жана Германиянын университеттерине болгон иш сапарынын алкагында Германиянын Йена шаарында жайгашкан медициналык клиника менен таанышышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ОшМУнун медицина факультетинин окутуучулары менен студенттерин 1 жумадан 1 айга чейин стажировкага жөнөтүү боюнча мүмкүнчүлүгүн жаратты.

Эске сала кетсек, буга чейин ОшМУнун 15 студенти ДААД программасынын каржылоосу менен аталган клиникада стажировкадан өтүшкөн. Бул жолугушуу түзүлгөн кызматташтыкты жаны денгээлге алып чыгат деп ишенебиз.

2622 10:13 17-03-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|