Haber

Ош мамлекеттик университети жана Чехиянын Агрардык университети кызматташат

Кызматташтык тууралуу келишимге 12-мартта Чехия Республикасынын борбору Прагада, Чехия Агрардык университетинин ректору Петр Скленич жана Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков кол коюшту.

Бул келишимге ылайык, ОшМУ үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында алгачкы алты студентти өз ара студент алмашуу программасына ылайык бир семестрге Чехия Агрардык университетине окууга жиберет.

ОшМУ Чехия Агрардык университети менен экономика жана менеджмент, экология, ландшафтын дизайны, күнөскаларды тейлөө жана башка кесиптер боюнча адистерди даярдоодо кызматташат. Мындан ары ОшМУ Прагага мыкты студенттерди такай жиберип турса, Чехия Агрардык университетинин студенттери да бир семестрге ОшМУдан билим алып кетишет.

Эки университет ошондой эле экология, этнография, социология, табият таануу, айыл чарба жерлерин пайдалануу жаатында илимий конференцияларды жана илимий изилдөөлөрдү өткөрүп турушмакчы.

Чехиянын Агрардык университети 1914-жылы ачылган. Азыр университетте 19 миңдей студент билим алса, алардын 10 % дүйнөнүн 92 өлкөсүнөн келген улан-кыздар.

Ошондой эле Чехиянын Байланыш кызматы достук кызматташуусу учун ОшМУ менен Чехия Агрардык университетинин достугун чагылдырган атайын “почта маркасын” чыгарышты.

Белгилей кетсек, ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков баштаган делегация Евпопа өлкөлөрүндөгү жогорку окуу жайлары менен байланыштарды жандантуу максатын көздөгөн иш сапарда жүрөт. Делегациянын курамында Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы Сабыркуль Калыгулова, Кыргыз-Европа факультетинин деканы Мараш Оглы Шукри Вазирович, Арашан гуманитардык институтунун директору Темир Жоробеков, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин окутуучусу Бурулча Койлубаевалар бар.

3638 13:36 13-03-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|