Haber

ОшМУ менен Чыгыш университетинин ортосунда меморандумга кол коюлду

Ош мамлекеттик университети дүйнөнүн 30 өлкөсүндөгү 171 окуу жай менен келишимдерге кол коюп, тыгыз кызматташтыкта иш алып барып келе жаткан ачык университет. Кечээ, 12-март күнү ОшМУ Махмуд Кашкари Барскани атындагы Чыгыш университети менен кызматташтык боюнча меорандумга кол койду.

Аталган жогорку окуу жайдын ректору Алмаз Ибраев баштаган делегация ОшМУга келишип, окуу иштери боюнча проректор Расул Абазбек уулу баш болгон ректораттын өкүлдөрү жана эл аралык мамилелер факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттер менен жолугушту.

Жолугушууда ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу делегациянын курамын ОшМУда сапаттуу билим берүү багытында жасалып жаткан иш аракеттер менен тааныштырды. Учурда университет сапаттуу билим берүү, ички жана сырткы академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү, жаңы заманбап инфраструктураларды түзүү, көп тилдүү билим берүү, профессордук-окутуучулук курамдын дүйнөнүн алдыңкы университеттеринен тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү сыяктуу иш аракеттер менен тынымсыз ишке ашып жаткандыгын белгиледи.

Махмуд Кашкари Барскани атындагы Чыгыш университетинин ректору Алмаз Ибраев делегациянын атынан ОшМУнун жамаатына ыраазычылык билдирип, ар тараптуу өнүккөн окуу жай менен кызматташтыкка даяр экендиктерин, эки окуу жайдагы окшош адистиктер ортосунда академиялык мобилдүүлүктү күчөтүп, ар тараптуу кызматташтыктарды өнүктүрүүгө кызыктар экендиктерин айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки окуу жайдын ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга жана кафедралар ортосундагы келишимдерге кол коюлду.

Махмуд Кашкари Барскани атындагы Чыгыш университети 1999-жылы түзүлгөн. Аталган университетте араб тили жана педагогика, гуманитардык билим жана журналистика, экономикажана укук факультеттери бар.

3298 09:07 13-03-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|