Haber

ОшМУ менен АнММИ студенттер ортосунда билим алмашууну баштады

Бүгүн, 12-март күнү Андижан мамлекеттик медициналык институтунун 10 студентти академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде Ош мамлекеттик университетине келишти.

АнММИден келген студенттер ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абдыганы Абдувалиевдин кабыл алуусунда болушту. Жолугушууда проректор бул иш аракет ОшМУ менен АнММИнин ортосундагы кызматташтыктардын алгачкы жемиши экендигин белгиледи жана мындан ары да эки окуу жай ортосундагы байланыштар бекемделерин айтты. Ошондой эле АнММИден ОшМУга билим алуу үчүн келген студенттердин окууларына ийгилик каалады.

Кошумчалай кетсек, бүгүн ОшМУнун медицина факультетинин дарылоо иши жана педиатрия адистиктеринин 4-5-курстарында окуган 10 студент АнММИден билим билим алып алып келүү үчүн жөнөп кетишти.

Эки окуу жайдан академиялык мобилдүүлүк багытында келишимдерине ылайык аталган студенттер 10 күн билим алып, аталган окуу жайдын билим берүү программалары менен жакындан таанышып келишет.

3781 12:36 12-03-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|